Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

"Төшөнчү жыртык, ажаткана сыртта". Балдар интернатындагы кыйноо


Аравандагы мектеп-интернаттын абалы. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Аравандагы мектеп-интернаттын абалы. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.

Аравандагы мектеп-интернатта тарбияланган балдарга мөөнөтү өткөн тамак-аш берилип, ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес.

"Даараткана сыртта, эшиктери жабылбайт"

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Аравандагы Тургунов атындагы мектеп интернатынын абалы тууралуу маалыматты жарыялады.

Анда аталган мекемеде балдарга тиешелүү шарттар түзүлбөгөнү, абалы өтө кейиштүү экени айтылды.

Балдар тамак ичкен идиштер. Аравандагы интернат. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Балдар тамак ичкен идиштер. Аравандагы интернат. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.


Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Улукбек Абдилазимовдун "Азаттыкка" билдиришинче, текшерүү пландык негизде жүргүзүлгөн.

"Биз Ош шаарындагы, Ош облусундагы социалдык мекемелердин абалынан кабар алып, текшерүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Бул жолу жакында Аравандагы Тургунов атындагы ата-энесинин кароосуз калган балдардын мектеп-интернатынын абалы менен таанышканбыз. Ал жерде акыбал кейиштүү экен. Балдар өздөрү да жашоо-шартына нааразы экенин айтышты. Дааратканасы көчөдө, ал аз келгенсип, эшиктери жабылбайт. Бул адамдын эркине каршы жасалган, тагыраагы, кыйноо. Балдардын жууна турган жери жакшы иштебейт, кийим илгич жок, балдар кийимдерин жерге чечишет экен. Балдарга берилген тамак-аштын мөөнөттөрү өтүп кеткен, эски. Темир керебеттерде матрастары эски, жыртык, айрым бөлмөлөрдө ошол да жетишсиз. Балдардын бөлмөлөрү тар, чаң, кир. Булардын баары мекеме жетекчилигинин кайдыгерлигинен", - деди Абдилазимов.

Ашканадагы эмеректер. Аравандагы интернат. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Ашканадагы эмеректер. Аравандагы интернат. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.

Абдилазимовдун маалыматында, аталган интернаттын жетекчилигине бул мүчүлүштүктөрдү жоюу тууралуу сунуштама берилди. Жетекчилик мүчүлүштүктөрдү бир жумада жоюуга сөз берген.

Укук коргоочунун сөзүнө караганда, мындай кейиштүү көрүнүштөр бир гана Араванда эмес, Ош шаарындагы, Ош облусундагы башка социалдык мекемелерде да кездешет.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери майыптыгы бар адамдар, балдар, психикалык жактан жабыркаган адамдар кармалуучу социалдык интернаттарды текшерген учурда да мүчүлүштүктөр арбын кездешерин айтып келишет.

"Чындыгында көйгөйлөр жетиштүү. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты тиешелүү деңгээлде пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасоонун натыйжасы ушуга алып келүүдө. Мисалы, өкмөт быйыл мындай мекемелерди каржылоого акчаны көбөйттү. Алсак, мурда социалдык интернатта жашаган ар бир адамдын тамагы үчүн күнүнө 30 сом бөлүнсө, быйыл 90 сомго чыкты. Бирок мекемелердеги балдарга же ар бир адамга күнүмдүк берилген тамактын сапаты акчасына ылайык келбейт", - деди Улукбек Абдилазимов.

Т. Садыков атындагы мектеп-интернаттын дааратканасы. Баткен. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Т. Садыков атындагы мектеп-интернаттын дааратканасы. Баткен. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Араван районундагы мектеп-интернаттын абалы боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Билим берүү министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мектеп-интернаттын жетекчилиги түшүнүк кат жазып беришкен:

"Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматы чыгар замат биз Тургунов атындагы мектеп-интернаттын жетекчилигине байланышып, алардан түшүндүрмө талап кылдык. Тиги тарап эски керебет, жыртык матрастарды көрсөтсө, булар өздөрү жаңы керебеттер жана матрастар тартылган сүрөттөрдү жиберишти. Бирок баланын укугу аталган мекемеде канчалык корголуп жатканын аныктоо үчүн министрликтен атайын түзүлгөн текшерүү тобун Араванга жиберүүнү чечтик. Анын жыйынтыгына жараша тиешелүү чаралар көрүлөт".

Абдылдаеванын айтуусунда, Тургунов атындагы мектеп-интернат - муниципалдык каржылоодо турган мектептердин бири.

Андагы балдардын тамак-ашы ата-энелер менен чогуу каржыланат, ал эми керектөөлөрү жергиликтүү бийликтин мойнунда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы интернат тибиндеги социалдык мекемелерде 9 973 бала бар. Бул балдар жалпы 137 интернат тибиндеги социалдык мекемелерде тарбияланышат. Мектеп-интернаттардын 69у мамлекеттик, 17си муниципалдык. 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Буларда тарбияланып жаткан балдардын 5% гана ата-энеси жок. Министрликтин маалымдашынча, Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде балдардын интернаттык мекемелеринин саны 117ден 137ге жетти.

Ош: "Боорукердик" үйүндөгү балдар кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:30 0:00

"Мектеп-интернаттарды реформалоо жүрүп жатат"

Билим берүү жана илим министрлиги бул мектептердеги балдарга билим берүү сапатына көзөмөл кылат.

Министрликтин адиси Гүлшан Абдылдаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ушу тапта жалпы билим берүү тармагындагы интернаттарды оптимизациялоо жүрүп жатат:

Гүлшан Абдылдаева.
Гүлшан Абдылдаева.

"Оптимизациялоо жараянында балдар сот чечими менен жайгаштырылган балдар үйлөрүнүн, интернаттардын маселеси да каралат. Алардын айрымдарын инклюзивдүү мектептерге айландыруу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен чогуу бул аракеттерди баштадык. Андан тышкары биздин министрликтин карамагындагы 35 жалпы жатак мектептер жергиликтүү бийликтер менен чогуу мамлекет тарабынан каржыланып келет. Биз бул интернаттарды да жаңыланган "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде жаңы окуу жылына карата жөнгө салабыз. Эгер интернаттарды кармоонун кажети болбосо, аймакта башка мектептер болсо, анда бала бакчага же мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын адистештирилген билим берүү комплексине айландыруу жагы каралат. Калктын муктаждыгына жараша реформа жасалат".

Мектеп-интернаттардагы абал. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Мектеп-интернаттардагы абал. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.

Абдылдаеванын маалыматы боюнча, Кыргызстанда мамлекеттен толук каржыланган беш жатак мектеби бар. Бул мекемелерде томолой жетим жана ата-энесинин кароосуз калган балдар тарбияланат. Бул мектептерге балдар сот чечими менен кабыл алынат. Учурда мындай балдар үйлөрүндө 460 бала тарбияланып жатат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 14 мектеп-интернат да мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Балдардын күнүмдүк тамак-ашына жаңы жылдан тарта 220 сомдон төлөнөт.

Ошондой эле 35 жалпы билим берүүчү жатак мектептер - мектеп-гимназиялар, лицейлер, көркөм өнөр мектеп-интернаттары бар. Бул мектептерге балдар ата-энесинин арызы менен кабыл алынат. Балдардын күнүмдүк тамагына мамлекеттик бюджеттен 90 сом бөлүнөт, калганын ата-энелер кошумча каржылашат. Чарбасын жергиликтүү бийлик каржылайт.

"Дээрлик бардык мекемелерде абал начар"

Кыйноолорду алдын алуу борбору акыркы үч жылдан бери социалдык мекемелердин абалы, ал жактагы жашаган адамдарга жасалган мамиле жана башкаларга көзөмөл кылып келет.

Маалыматка ылайык, негизинен өлкөдөгү бардык социалдык интернаттарга мамлекет тарабынан тиешелүү өлчөмдө көңүл бурулбай келген. Көпчүлүк имараттардын эскилиги жетип, капиталдык ремонтко муктаж. Аталган борбордун 2023-жылдагы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу отчётунда:

"Азык-түлүк коопсуздугу сакталбайт, азык-түлүктү сактоо шарты жок, идиш-аяктардын эскилиги жетип, айрым тамак-аштын мөөнөтү өтүп кеткен. Тарбиялануучулардын жашоо-шарты начар, даараткана, бөлмө, дары-дармектер боюнча талаптар бузулган. Балдарга берилүүчү тамактын сапаты, ченеми сакталбайт. Уктоо бөлмөлөрү тар, керебеттер эски, эмеректер жетишсиз. Төшөнчү-жууркан, шейшептер эски, жыртылып калгандары бар. Шейшептер, тарбиялануучулардын кийимдери убагында жуулбаганы аныкталган. Дааратканалар жана жуунуу жайлары санитардык талапка жооп бербейт. Эс алуу бөлмөлөрү жетишсиз, суук.
Кызматкерлердин айрымдары саламаттык баяны тууралуу санитардык китепчеси жок же тиешелүү уруксаты жок иштеп жатышканы аныкталган. Медпунктта сакталган дары-дармектердин айрымдарынын мөөнөтү эскирип кеткен", - деп жазылган.

Д. Султанов атындагы мектеп-интернаттагы балдар жуунчу жай. Ош шаары. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Д. Султанов атындагы мектеп-интернаттагы балдар жуунчу жай. Ош шаары. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.


Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, социалдык мекемелердеги талаптарга жооп бербеген шарттар андагы адамдардын укугун тебелөө, ырайымсыз, катаал мамиленин көрүнүшү болуп саналат.

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

"Бул ырайымсыз, катаал, адамгерчиликке сыйбаган мамиле. Биз мандатыбызга ылайык текшерип турабыз. Акыркы үч жылдан берки текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Жогорку Кеңешке, өкмөткө берген отчётубуздун негизинде бир аз жылыш бар. Бул кимдир бирөөгө жагалдануу эмес, бирок акыркы жылдары социалдык мекемелердеги адамдардын жашоо-шартын жакшыртууга көңүл бурула баштады. Имараттары оңдолуп, эмерек, керебеттери, идиш-аяк, төшөнчү-шейшептеринен бери жаңылана баштаган интернаттар бар. Өкмөт муну тиешелүү министрликтерден да көзөмөл кылып, тескөөсүн талап кыла баштады".

Мектеп-интернаттардагы абал. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Мектеп-интернаттардагы абал. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.

Акыйкатчы: Жогору жактан тескөө жок

Жарым-жартылай жабык социалдык стационардык мекемелердеги, мектеп-интернаттардагы абалга Акыйкатчы институту да көзөмөл кылып турат. 2023-жылга карата берилген баяндамада айтылгандай, Акыйкатчынын кызматкерлери 11 жолу мектеп тибиндеги интернаттарга барып, ал жактагы балдарга түзүлгөн шарттар, берилип жаткан билимдин сапаты менен таанышып келген. Бул мектеп тибиндеги интернаттарда окуп-жашаган балдардын 90% ата-энеси бар.

Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мектеп тибиндеги интернаттардын бири дагы талап кылынгандай тиешелүү министрликтерден аккредитациядан өтпөгөнү аныкталган:

"Интернат тибиндеги балдар мекемелери мыйзамга ылайык аккредитациядан өтүшү керек. Бирок мониторинг жүргүзүлгөн 11 мекеменин бирөөсү да мындай аккредитациядан өткөн эмес. Демек аталган социалдык кызматтарда көрсөткөн мекемелерге карата коюлган минималдык стандарттар сакталган эмес. Балдар кодексинин, эл аралык стандарттардын талабы боюнча балдар мамлекеттик интернаттарга - балдар үйлөрүнө соттун чечиминин негизинде гана кабыл алынууга тийиш. Бул талап дээрлик сакталбайт. Ата-энелеринин же асыроочуларынын арызынын негизинде кабыл алынган балдар бар. Айрым интернаттар эски жоболордун негизинде иштешет. Мисалы, Белогоркадагы интернат кургак учук менен ооруган балдар үчүн ачылган болсо, бүгүнкү күнү ал жерде куландан соо эле балдар тарбияланат. Дарыгердин багыттамасы талап кылынбайт, дээрлик бардык балдар ата-энесинин же асыроочусунун арызынын негизинде эле алынган. Биз бул сыяктуу мүчүлүштүктөрдүн баарын 2023-жылкы отчёт менен Билим берүү жана илим министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине маалымат берип, сунуштама келтиргенбиз", - деди Акыйкатчынын орун басары.

Реабилитациялык борбордун тамак-аш кампасы. Базар-Коргон. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.
Реабилитациялык борбордун тамак-аш кампасы. Базар-Коргон. Кыйноолорго каршы борбор тараткан сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен өлкөдөгү мектеп-интернаттардын абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Министрликтин басма сөз кызматы жооп берүү үчүн атайын мөөнөт сурады.

22-февраль күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Улан Чаначев кармалганын билдирди. Ал мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасына аралашууга шек саналып кармалганы кабарланды. Ага карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул боюнча да комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG