Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Баш прокурордун отчету: Кемпир-Абад иши, абактагы мигранттар жана Ширшов


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

11-апрелде парламенттеги эки комитет баш прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угуп, жактырды. Депутаттар Орусиянын абактарында кармалып турган мигранттардын тагдырына, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын маселесине байланыштуу суроолорду узатты.

Жыйында башкы көзөмөл органынан тергөөнү алуу боюнча да иштер жүрүп жатканы белгилүү болду.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелде Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттерге көзөмөл органынын 2022-жылдагы иши боюнча отчет берди. Баяндаманын башында былтыркы жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 9880ге жеткенин, андан 8225 аял, 290 эркек (алардын ичинен 210у өспүрүм балдар) жабыркаганын айтты.

Баяндамада 2022-жылы мамлекетке 11 млрд. 679 млн. 607 миң 984 сом зыян келтирилгени аныкталганы жазылган. Анын 3 млрд 554 млн 193 миң 960 сому акчалай өндүрүлгөн. Ал эми 5 млрд 701 млн 715 миң 118 сому мүлк катары кайтарылган. Буга мисал катары бала бакчалар, жер тилкелери саналган.

"Былтыр Орусиянын абактарынан 33 жаран которулду"

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Орусияда маңзат соодасына аралашып абакка түшүп калган кыргызстандыктардын маселесине кайрылды.

“Алар ата-энесинин жанынан эми эле чыккан балдар, кыздар. Алардын ата-энелери бизге улам кайрылып жатышат. Мен бир гана маңзат соодасына аралашып кармалгандар боюнча айтып жатам. Ушул жаатта иштер жүрүп жатабы?”

Ушул эле суроону депутат Гуля Кожогулова да узатып, баш прокурорду бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Зулушев Башкы прокуратура Орусиянын абактарындагы мекендештерди экстрадициялоо боюнча ал өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөргөнүн айтты. Күнөөсү аныкталып, учурда Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткандарды Кыргызстанга которууга мүмкүн экенин, тергелип жаткандарды алып келүүгө болбой турганын түшүндүрдү.

“Орусиядан Кыргызстандын түзөтүү мекемелерине 33 жаран алып келинди. 2023-жылдын үч айында 15 жаран которулду. Дагы 25 адам боюнча Жазаларды аткаруу мекемеси иштерди жүргүзүп жатат. Бирок азыр 250 жаран өлкөгө келүүдөн баш тартып жатат. Билесиздер, жаран өзү каалабаса, биз аны экстрадициялай албайбыз”.

Учурда Орусиянын абактарында 1077 кыргыз жараны жаза өтөөдө. Алардын көбү баңгизат колдонуу, таратууга айыпталган.

Кемпир-Абад иши: камактагыларды бошотуу сунушу

Башкы көзөмөл органынын отчету боюнча көп суралган дагы бир маселе коомчулукта Кемпир-Абад иши деп таанылган, жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деген шек менен кармалган саясатчы, активисттердин иши тууралуу болду. Депутат Жанарбек Акаев кармалгандардын айыбы беш айдан бери коюлбай жатканын айтып, аларды бошотууну сунуштады.

“Беш айдан бери бир далил коюлуп, айып тагыла элек. Бирок биздин жарандарыбыз абакта жатат, канчасы ооруп жатат. Ошону адилеттүүлүк үчүн карап, эч бир далил болбосо, аларды эркиндикке коё берүүнү да ойлонушубуз керек. Алар тынч жыйынга чогулса, мамлекетти басып алуу боюнча ачык чакырык жасабаса... Алар болгону нааразылыгын айтышкан. Буга баш мыйзам да бар, ар бир адам өз оюн эркин айта алат. Бирок эч кандай аракет болгон эмес да”.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев тергөөнүн мөөнөтү алты айга чейин узартылганын, иш жабык каралып жаткандыктан, башка маалымат берилбей турганын айтты.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев ушул маселе талкууланып жатканда укук коргоо органдарында каралып жаткан "Кемпир-Абад" деген аталыштагы кылмыш иши жок экенин эскертти.

"Туура айткыла да. Өзүбүз айтып алып, коомчулукту өзүбүз дүрбөтүп жатпайбызбы. Ошол кылмыш иши кандай аталат? Мейли, иш жашыруун экен, жок дегенде беренесин айтып коюңуз.

Аширхожаев мындай иш жок экенин айтып, айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Ал иш "бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо" боюнча каралып жатканын тактады.

Былтыр октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалып, азыр 20дан ашыгы абакта отурушат. Бир нечеси ден соолугунан улам үй камагында.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер камалгандарды бошотууга, укуктарды тебелебей, сөз эркиндигин камсыздоого бийликти чакырышкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок деп билдирген, камакка алынгандарды төңкөрүш уюштуруу аракетин көргөн деп айыптаган.

Ширшовдун аракеттери сынга алынды

Депутат Жанарбек Акаев “ПолитКлиника” медиасынын “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайларды ачыктаган иликтөөсүнө Башкы прокуратура көңүл бурушу керектигин да көтөрдү.

Депутат бул ишке Максим Бакиев, Алексей Ширшовдун байланышы бар экенин белгиледи.

“Судец, (ред: Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси) Алексей Ширшов биригип алып коррупциялык схема иштеп жатат. Сиз ушул маселени алдын алууга күчүңүз жетет. Булар өнүктүрүү банкына “Мегакомду” (ред: “Мега” компаниясы) алып жатканы журналисттик иликтөөдө так жазылган. “Мегакомду” Максим Бакиевдин адамы Алексей Ширшов башкарып жатат, анын жетекчиси Ширшовдун колунда иштеген. Чек ара кызматынан маалымат алдым, Ширшов Рига, Стамбул, Москва, Казакстанга ээн-эркин барып келүүдө. Евгения Судец өзүнө 1 млн. сом айлык коюп алыптыр. Кыскасы, Ширшовдун кадамдарын башкы прокурор катары алдын албасаңыз болбойт”, - деди Акаев.

Депутат Акаев коррупцияга айыпталган Ширшов ээн-эркин жүргөнүн, ошол эле маалда жыйырмадай активист, саясатчы абакта жатканын акыйкатсыздык деп атады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттик иликтөөнү көрө электигин айтып, депутатка кагаз түрүндө дагы кайрылуусун сунуштады.

2022-жылы 10-майда Улуттук коопсуздук комитети “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга айыпталып кармалганын маалымдаган. Биринчи май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болгон.

Жакында эле “ПолитКлиника” медиасы “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар жана бул иште Максим Бакиевге байланышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу иликтөө чыгарды. Анда кирешелүү ишкана былтыр гана Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экени айтылат.

“Мега” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” уюк операторун кайра эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатууда бюджетке бир тыйын пайда түшпөй турганы баяндалат.

Тергөөнү Башкы прокуратурадан алуу каралууда"

Комитет жыйынында көтөрүлгөн дагы бир маселе тергөөнүн Башкы прокуратурадан алып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине бөлүп берүү боюнча болду. Курманкул Зулушев бул маселе азыр талкууланып жатканын айтып, учкай гана жооп берди.

“Тергөөнү Башкы прокуратурадан алып, эки укук коргоо органына бөлүп берүү же өзүнчө тергөө департаментин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ал боюнча президент кандай чечим кабыл алса, ошол боюнча ой билдирип, аракеттенсек болот. Биз реформага муктажбыз. Азыр иш-аракеттер болуп жатат. Азыр эч нерсе ачык жарыялана элек болгону үчүн так жооп бере албайм”, - деди Зулушев.

Башкы прокуратура тергөөнү 2021-жылы кайра алган. Буга байланыштуу көзөмөл органында тергөө башкармалыгы түзүлүп, коррупциялык мүнөздөгү бардык иштерди карай баштаган. Бул милдетти аркалап келген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG