Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

"Басмачы" Барпы ажынын урпагы Арун Өзгөн


Арун Өзгөн.
Арун Өзгөн.

Барпы уулу Арун деген ысым алдында 1985-95-жылдары "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген Арун Өзгөн ушул күндөрү өмүрүндө биринчи жолу Кыргызстанга келип, тарыхый мекенин кыдырып жүрөт.

Ал 1920-30-жылдары орус большевиктеринин бийлигине каршы чыгып, анын айынан бала-бакырасы менен Өзгөн тараптан Кытайга качып, кийин Пакистан, Түркияда жашоого аргасыз болгон атасы Барпы ажы, Германияда жашап, иштеп калган "Азаттыктын" мурдагы жетекчиси, агасы Аким Өзгөн тууралуу маек куруп берди.

- Бүгүн бизде мейманда "Азаттык" радиосунда 80-90-жылдары иштеп кеткен мурдагы кесиптешибиз, Барпы уулу Арун. Убагында аталган ысым менен обого чыгып жүрсө, учурдагы расмий ысымы – Арун Өзгөн. Ошол эле учурда кансыз согуш жылдары көп жыл бою "Азаттыктын" кабарчысы, жетекчиси болуп иштеген Аким Өзгөндүн иниси. Арун мырза, биздин студияга куш келипсиз!

- Куш көрдүк.

- Арун мырза, сиздер, кыргыздын урпактары кандайча Советтер Союзу мезгилинде чет өлкөдө жашап калдыңыздар. Ата-бабаңыздар кайда турган – ушул тууралуу айтып берсеңиз.

- Атам Өзгөндөн, 1888-жылы жарык дүйнөгө келген. 23 жашында Өзгөн шаарын башкарган. Ал бай киши болгон. Атасы жаш убагында кайтыш болуп, энеси чоңойтуптур. Искендер деген иниси да кайтыш болуп калып, өзү жалгыз өскөн экен. Ыңкылап башталганда орустарга каршы күрөшкөн. Басмачы дейт ко, ал корбашы болгон. Анын кол астында миңге жакын жоокер болуптур. Коммунисттерге каршы күрөшкөн.

Кийин, коммунисттер, большевиктер күчөй баштаган соң, өзүнүн жакын туугандары, достору да коммунист боло баштаганда тууган жерин таштап, Түркияга кетип калган. Бул тууралуу "Түркистандан Түркияга келген ажы Барпы уулу Өзгөндүн эскермелери" деген китеби бар. Ошол китепте: "Тууганың душман болгон соң, ооматыңдын кеткени, ажалыңдын жеткени" деп жазган жери бар. Ошол китепти сиздерге да окуганга сунуш кылабыз.

Андан кийин Кашкарга өткөн. Ошол мезгилде Кытайда да коммунисттер пайда боло баштаган болчу, эми ал ошолорго каршы күрөшкөн. Кашкарда сакчылардын, шаарды көзөмөлдөө боюнча уюмдун башчысы катары кызмат аткарган. Кытайда коммунисттердин таасири күчөй баштаганда бала-чакасы менен Пакистанга, Карачиге журт которгон. Бул окуя 1944-жылдары болуп жатпайбы.

- Демек, ошондо Кыргызстандан кайсы жылдары кеткен болот?

- 30-жылдары атам Карачи шаарында беш баласы менен он жылдай соода менен алектенген. Соода менен алек болуп жүргөндө менин энем менен таанышып, баш кошушкан. Атам ошондо алтымышта болсо, энем жыйырмада болгон экен. Агам Аким Өзгөн дагы, андан эки жаш улуу эжем Амине да ошол Карачиде жарык дүйнөгө келген. Алар ошол жерде он жыл жашап, эми кайда кетсек деп ойлоно башташат. Ошол маалда Америкага жана Меккеге жол ачылган экен. Бирок алар түрк тилдүү мамлекетке барышыбыз керек деп, Түркияга кетүүнү чечишет.

Алды менен балдарын жөнөтүшөт. Алгач Салихли, Адана деген жерлерде кыдырып жүрүп, кийин Конья деген жерден орун-очок алышат. Ал азыр Анкаранын жака белиндеги чоң шаар. Ошол Коньянын Жиханбейли деген шаарчасынан болжол менен 1953-54-жылдары 80 лирага (азыркы курс менен эсептегенде бул аябай чоң акча) бир нече соода дүкөнүн жана 10 миң чарчы метрлик соода аянтын сатып алган.

Ал жер соода-сатыкка да, мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка да ыңгайлуу эле. Биз, менден эки жаш улуу агам, мен жана менден кийинки Кадича деген карындашым ошол жерде туулуп-өстүк. Атам 1968-жылы кайтыш болду. Атам дүйнөдөн өткөндөн кийин агаларымдын кээ бири Түркиянын башка аймактарына, айрымдары Швецияга көчүп кетти.

- Атаңыз Өзгөн шаарынын башкаруучусу, акими болуптур. Кыргызстандан Кашкарга өткөндө мал-жаны менен барышыптырбы?

- Ооба, мал-жаны менен барган. Анткени ага чейин эле, корбашы болуп жүргөндө Жаныбек Аким деген киши менен ымаласы болгон экен. Карым-катнаш түзүп жүрүптүр. Корбашы болгондон кийин баары бири-бирин тааныйт да. Азыр эсиме түшпөдүбү, дагы бир Паңсат деген корбашы болгон экен. Ал тууралуу китепте жазат. Ал жакка баргандан кийин "сен муну аткар, сен муну аткар" деп, кызмат бөлүшүшкөн экен да. Пакистанга, Карачиге барганда да билимдүү болгону үчүн ушундай эле кызматтарды аткарган. Муну Түркиядагы казактар билет. "Барпы старший" деп аташат экен. "Старший" дегени орусча үлкөн дегени го.

Ошентип, Пакистанда да уюмдардын башчылары менен жакшы мамиледе болуптур. Пакистандагы казактар кеме менен көчөрдө алардын паспортторун даярдаган. Бир паспортко үч-төрт кишини жазып.

- Билимдүү болгонунун пайдасы тийген экен да. Арапча да жазса керек, туурабы?

- Арапча китеп окуган. Куранды кырааты менен окучу.

- Өзгөндөн канча киши болуп көчүшүптүр, билбейсизби?

- Өзүнүн бала-чакасы менен эле көчкөн.

- Пакистанга көчүп барышканда ал жерде кыргыздар бар бекен?

- Ооба, кыргыздар, уйгурлар бар экен. Анткени большевиктерден качкандардын кээ бирлери Пакистанга, айрымдары Ооганстанга ооп кеткен. Мисалы, менин аялымдын атасы Ооганстанга кеткен. Индияга да качып баргандар болгон. Куугунтук башталганда Кытайдан баары качкан да. Кара-Корум деген кыяны билесиз да, аябай коркунучтуу. Ошол кыядан өтүп жатканда айрымдары кулап кетип, капчыгайга түшүп каза болгон.

- Ошондо Аким Өзгөн Пакистанда, сиз Түркияда төрөлүпсүз да?

- Ооба, ал бир-эки жашында Түркияга келген.

- Демек, Түркиянын Конья шаарынын жака белиндеги чакан шаарчада чоңоюп, ошол жерде мектепке барып, түркчө билим алыпсыздар да?

- Ооба, лицейди ошол жерде аяктадым. Кийин Анкара университетине тапшырып, социология, түрк тилдери жана тарых боюнча билим алдым.

- Ошондо сиздер Кыргызстандан чет өлкөгө кеткен эмигранттардын (азыркы тил менен айтканда) эң биринчи толкуну экенсиздер да? Азыр дүйнөнү кыдырып элдин баары эле кетип жатат. Бирок ошол кезде, Советтер Союзу маалында сиздер сыяктуу чет өлкөгө кеткендер аябай эле аз болгон да. Сиздер Түркияда жашап туруп, кыргыз тилин кантип үйрөндүңүздөр?

- Атам биз менен кыргызча сүйлөшөт эле. Энемдин улуту уйгур болгондугуна карабастан, ал дагы бизге кошулуп кыргызча сүйлөй баштады. Себеби, сөздөрдүн көбү окшош да. Мен азыр кыргызча китеп жазып жатам, сегиз жүз бет болуп калды. Тактап айтканда, эч жерде аралашпаган, кыргыз тилинде гана колдонулган сөздөрдүн жана түркий тилдеринде гана колдонулган сөздөрдүн сөздүгүн түзүп жатам. Кашкарлык Мамыттын ( Махмуд Кашгаринин) сөздүгү сыяктуу.

- Демек, орток түрк тилдеринин сөздүгү болот турбайбы?

- Ооба, Түркиянын түркчөсүндө пайдаланылган, Орто Азиядан келген биздин сөздөрдүн көпчүлүгү Түркияда унутулуп калыптыр да. Мен ошолорду кайра таап чыгып жатам. Эгер түрк элдери Туран мамлекеттери болуп бириксе, ал тил бөлөк тилдер менен аралашпаган (мисалы, арабча) нукура орток тил катары кызмат кылат.

- Кызыктуу экен. Сексеничи жылдардын башында Аким Өзгөн Мюнхенде "Азаттык" радиосунда иштеп калды. Кантип орношуп калды?

- Аким Өзгөн ага чейин ар кандай жумуштар менен Мүнхенге (Мюнхен) келип-кетип жүрүп Азамат Алтай менен таанышып калган экен. Анүстүнө Германиядагы кыргыздардын дээрлик баары менен эле байланыш бар эле. Мисалы, Мүнхендеги Төлөмүш Жакып уулу дем алыш күндөрү бизге келип конок болуп кетчү.

- Сиз өзүңүз "Азаттык" радиосунда он жылча иштептирсиз. Ал кезде темир тор бар эмес беле. Баары жабык. Советтер Союзуна каттай албайсыңар. Ошол мезгилде кандай темаларды чагылдырат элеңиздер, кандай материалдардарды жазат болчусуздар?

- Бизге Америкада жана бүт дүйнөдө чыккан гезиттер келип турчу. Ыракматы Азамат Алтай агай менен Аким Өзгөн бизге "муну сен котор, а муну сен котор" деп бөлүштүрүп беришчү. Андан кийин өздөрү текшерип, көзөмөлдөн өткөрчү. Биз кээ бир сөздөрдүн кыргызчасын таппай калчубуз. Себеби, биз туулуп-өскөн Коньяда биздин үй-бүлөдөн башка кыргыздар жок эле да. Ошондуктан аларды түркчө-кыргызча, кыргызча-түркчө же түркчө-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөрдөн издеп таап, нукура кыргыздын сөздөрүн колдонууга аракет кылчубуз. Эми кандай темаларды чагылдырганыбыз жөнүндө айтсам, Советтер Союзундагы оторчулук саясат, түрк элдерин орусташтыруунун жүрүшү, алардын каада-салтынын, маданиятынын унутулуп жатышы, аларга карата болгон кысым тууралуу айтып, жазчубуз. Мындан тышкары түрк тилдүү элдердин тарыхы, экономикалык абалы, Кыргызстандын байлыгынын Орусияга ташылып, кыргыз тилинин колдонуудан чыгып, унутулуп жатышы жөнүндө жазчубуз.

- Ыракматы Аким Өзгөн "Эркин Европа/Азаттык" радиосунан мурдагы Советтик Социалисттик республикаларга, азыркы Борбор Азияга кантип келип калды?

-Негизи Кыргызстан менен биздин биринчи байланышыбыз Аким Өзгөн аркылуу башталган эмес. Алгач 1976-жылы башталган.

- Кандайча?

- Менин улуу агаларымдын биринин Стамбулдун Султанамет деген жеринде "Тибет" деген дүкөнү бар болчу. Туристтер үчүн булгары кийимдерин сатчу. Бир күнү андан кичүү агам Кумкапы деген жерде деңиз портунун айланасында кыдырып жүргөндө советтик туристтик кеме келип калат. "Балким, ушул кеме менен кыргыздар да келип калгандыр" деген ойдо агам айланчыктап, ага көз салып турат. Туристтер кемеден түшө баштаганда өңү кыргызга окшогон бирөөнү көрүп калат. Кыргыз окшойт го деп жакын барып: "Сен кыргызсыңбы?" – деп сурайт. Тиги: Ооба, кыргызмын", – деп жооп берет. Сураштырып отурса Отуз-Адырда жашаган Рейхан деген эжебиздин уулу экен. Ошентип, Орунбай менен таанышып, ал аркылуу бири-бирибизге кат жазыша баштадык. Бул окуя 1972-73-жылдары болсо керек эле. 1976-жылы улуу агам Таир мени менен курдаш кызы Таажыгүлдү алып чакыруу аркылуу Кыргызстанга келди. Үч ай жүрүп барды.

Ал эми коммунисттик режим кулагандан кийин радиодон Кыргызстанга алгачкы келген Аким Өзгөн болду.

- Мекенине ушунчалык келгиси келген экен да? Анын Кыргызстанга келиши чоң окуя болбодубу. "Аким Өзгөн президент болобу?" деп да жазып жиберишпедиби.

- Ооба, ошондо гезиттердин баары андан маек алышып, ал тууралуу текши жазышкан. Ал тилге абдан шыктуу эле, англис, немис, италия тилдеринен тышкары, орусча, французча да билчү. Тилдик туюму өтө күчтүү болчу, ар кандай сөздү бир жолу укса, эсте сактап калчу. Анын Ноён деген уулу да атасындай талантуу.

- Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки калыптанган Европада кыргыз, казак, өзбек, түркмөндөр болуп ынтамакта жашап, дайыма катташып турчу экенсиздер. Анүстүнө бөлүнбөй өзүңөрдү түркистандыктар деп атайт турбайсыздарбы?

- Ооба, биз ынтымактуу болчубуз, азыр да ынтымактуубуз. Мисалы, Адана деген жерде түркистандыктар жамаатынын мечити азыр да бар. Мындан тышкары, түркистандыктардын өзүнчө уюму бар. Алар улуттук күндөрдү ошол жерде белгилейт. Азыр да мурдагыдай эле биримдигибиз күчтүү, биз эч качан казак, кыргыз, уйгур же өзбек деп бөлүнгөн жокпуз жана азыр да бөлүнбөйбүз.

- Ошол кезде Түркияда, Германияда ж.б. өлкөлөрдө "Түркистан улуттук боштондук кыймылы", "Түрк эли" деген кыймылдар болгон турбайбы? Казак, өзбек, кыргыз, татар, түркмөн болуп биригип, жыйын өткөрүп, Орто Азияда бирдиктүү Түркистан мамлекетин курбасак, орустардын баскынчылыгына туруштук бере албайт экенбиз деп айтышчу экен.

- Ырас, Туран мамлекетин курсак деп тилек кылышчу.

- Соңку мезгилдерде дүйнөдө кансыз согуш чыгып кетеби деген кооптонуу бар. Азыркы жаштар кансыз согуш деген эмне экенин, өз мекенинен безип, кайра ата журтуна келе албай жүргөндөрдүн тагдырын билишпейт. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз? Эркин, демократиялуу өлкөдө жашаганга аракет кылыш керекпи?

- Мен Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жаштардын баары орусча сүйлөп, орусташып кеткен го деп ойлогон элем. Мени кубандырганы, алар кыргызча эле сүйлөйт экен. Жаштар ата-бабалардын салтын сактаса, маданиятын, тилин жоготпосо, буюрса баары жакшы болот.

- Бизге келип маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз!

Маектин видеосун толугу менен бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG