Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Казакстан элин Крымга барбоого чакырды


Крым, Украина
Крым, Украина

Өзбекстан Орусиянын жашылча-жемиш базарын ээлөөнү көздөөдө. Казакстан жарандарын Крымда эс алуудан баш тартууга чакырды, Орусияда полиция кызматкерлери Борбор Азиядан барган мигранттарды зордоп ишембиликке чыгарганы айтылууда.

Орусияга Өзбекстандан ташылган жашылча-жемиш көбөйдү

РБК басылмасы Өзбекстан Орусияны жашылча-жемиш менен камсыз кылууда Түркиянын ордун басууга бел байлады деп жазат. Cоңку жыл ичинде Орусиянын базарында Өзбекстандан ташылган жашылча-жемиштердин көлөмү 10 пайызга көбөйгөн.

Макалада былтыр Өзбекстанда 13 миллион тонна жашылча, 6 миллион тонна мөмө-жемиш өстүрүлгөнү, анын 4 жарым миллион тоннасы Орусияга жөнөтүлгөнү айтылат. Ага кошумча өзбек өкмөтү келерки жылдары бул көрсөткүчтөрдү 30 пайызга чейин көтөрүүнү пландап жатканы баяндалат. Түрк-орус алакасындагы саясий кризистен улам расмий Москва түрктөрдүн жашылча-жемиштеринен толугу менен баш тарткан. Орусия базарында бошогон орунду Өзбекстан ээлөөнү көздөрүн президент Ислам Каримов Владимир Путин менен жолугушууда да белгилеген. Мурдатан эле Ташкент Бажы союзундагы өлкөлөрдүн ортомчулугунан баш тартып, жашылча-жемиштерди Орусияга тикелей жеткирүүнү камсыздоо үчүн Москвадан көмөк көрсөтүүнү суранып келген. Анткен менен тажик өкмөтү жашылча-жемиштерди экспорттоо боюнча Орусиядан 300дөн ашуун сунуш алганын маалымдоодо.

Казакстан: Крым маселесинде кылдаттык керек

Lenta.ru басылмасы казак өкмөтү жарандарына Крымга каттабоону сунуштаганын баяндайт. Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов казактарды орус-украин тирешүүсүн эске алып, жайкы эс алууга Крымдан башка жакты тандоого чакырды.

«Жарандар эки өлкөнүн мамилесин көрүп туруп, бул маселеге кылдаттык менен мамиле жасашы керек» деп белгилеген казак министри.

Украинанын Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алган. Бирок эл аралык коомчулук Орусияга кошулуу боюнча өткөн референдумдун жыйынтыгын тааныган эмес. Украина болсо "Крым убактылуу оккупацияда турат” деп мүнөздөп келет. Өткөн аптада Киев Кыргызстандын миграция кызматынын Крымга 500дөй жаранды ишке орноштуруу тууралуу түзгөн келишими боюнча нааразылык билдирип, кыргыз бийлигин аймактык бүтүндүк, улуттун эгемендиги, чек аралардын кол тийбестиги боюнча эл аралык укуктарды сактоого чакырган.

Мигранттарды таарынткан орус полициясы

"Новая газета" Москва облусунда Борбор Азиядан барган мигранттарды ишембиликке чыгууга зордогон полиция кызматкерлеринин кылыгын жазып чыкты. Макалада 23-апрелде Москва четиндеги Юбилейный шаарынын полиция кызматкерлери 20дан ашуун өзбек, тажик жана кыргыз жарандарын ички иштер бөлүмүнүн аймагын тазалоого мажбурлаганы айтылат. Мигранттар полициянын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча «Тонг Жахони» укук коргоочу уюмуна кайрылып, учурда Москва облусунун прокуратурасы окуя боюнча тергөө ишин ачкан. Макалада полиция кызматкерлери Орусияда мыйзамдуу иштеген эмгек мигранттарына күч колдонуп, өлкөдөн депортация кылуу менен коркутканы белгиленет.

Өзбекстандын диний экстремизмге жаңы күрөшү

Интерфакс маалымат агенттиги Өзбекстанда массалык маалымат каражаттары жана интернет аркылуу диний экстремизмди пропагандалоо үчүн кылмыш жазасы киргизилгенин кабарлайт. Жалпы коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирген экстремисттик материалдарды интернет, теле-радио жана басма сөз аркылуу таркаткан жарандар беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Ошондой эле диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын эн белгилерин жарыялоого дагы тыюу салынып, кылмыш жазасы чегерилет. Өзбек бийлигинин мындай чечими интернетте террористтик сайттар ачылып, жарандарды социалдык тармактар аркылуу террористтик уюмдарга азгыргандар көбөйгөнү менен түшүндүрүлөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG