Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Тажикстан орусча фамилиядан баш тартты


Тажик паспорту
Тажик паспорту

Бул өлкөдө "ов", "ова" деген мүчөлөр жалгашкан фамилияларга тыюу салынды. Жаңы мыйзамга ылайык, тажик фамилиялары эми "зод", "зода", "он" сыяктуу мүчөлөр менен аякташы керек.

Тажик парламенти жыл башында кабыл алган Жарандык актыларды каттоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоорго президент Эмомали Рахмон март айында кол койгон.

Бул өзгөртүүнү башка өлкөлөр да таанышы керек

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Жарандык актыларды каттоо боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Жалолиддин Рахимовдун айтымында, бул өзгөртүүгө ылайык, эми жаңы төрөлгөн ымыркайларга ысым ыйгаруу жана аны каттоо тажик маданиятына, улуттук каада-салттарга жана өкмөт бекиткен тажик ысымдарынын тизмесине жараша жүргүзүлөт.

Мындан тышкары адамдын фамилиясы анын атасынын же ата тегинин ысымынын уңгусуна "и", "зод", "зода", "он", "ён", "иён", "ёр", "ниё", "фар" деген тажикче мүчөлөрдү улоо менен жасалат. Рахимов балдарына "ов", "ова", "ович", -"овна" деген орусча мүчөлөр менен аяктаган фамилияны калтырууну каалаган жарандар да жок эместигин айтты:

- Биз алар менен сүйлөшкөндө фамилияны тажиктештирүүнүн максатын түшүндүрүп жатабыз. Эгер абал өзгөрбөсө он жылдан кийин биздин балдар эки топко бөлүнүп каларын, бир тобу тажикче аты менен сыймыктанса, экинчилери башка элдин фамилиясы менен жүрүп каларын, бизде улуттук жана патриоттук сезим болушу керектигин айтып жатабыз. Алар муну түшүнүп жатышат, - дейт Жалолиддин Рахимов “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Өлкөдө фамилиядагы орус мүчөлөрүнө тыюу салуу демилгеси алгач 2007-жылы президент тарабынан көтөрүлүп, ал Рахмонов деген фамилиядан баш тартуу менен аты-жөнүн Эмомали Рахмон деп жарыялаган. Кийинчерээк бул демилгени башка саясатчылар, бийлик өкүлдөрү, а түгүл жөнөкөй жарандар да колдоп, фамилияларын тажиктештирген. Бирок чет өлкөгө, айрыкча Орусияга чыкканда тажикче фамилиясынан кыйынчылык тарткан жарандардын айрымдары кайра орусча фамилияга кайтууну эп көргөн.

Жарандык актыларды каттоо боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Жалолиддин Рахимов мындан улам Тажикстандын көз карандысыздыгын тааныган башка өлкөлөр тажик мыйзамдарын да таанышы керектигин айтат:

- Жарандык актыларды каттоо боюнча мыйзамдын 20-беренесинде жарандардын аты-жөнү, фамилиясына байланышкан бардык маселелер 11 бөлүкчө менен чечмеленип берилген. Тажикстанды тааныган башка өлкөлөр бул мыйзамды таанууга тийиш. Ага ылайык, биздин чет өлкөгө чыккан жарандарыбыз да ошол өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан эч кандай тоскоолдуктарга кабылбашы керек.

Орус депутатынын каршылыгы

Тажикстанда орусча фамилияга тыюу салынганы тууралуу маалымат жарыялангандан көп өтпөй, 29-апрелде Мамлекеттик Думанын депутаты, КМШдагы евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин мүчөсү Илья Дроздов Тажикстанга виза режимин киргизүүнү сунуштап чыкты.

- Биз алар менен сүйлөшкөндө фамилияны тажиктештирүүнүн максатын түшүндүрүп жатабыз. Эгер абал өзгөрбөсө он жылдан кийин биздин балдар эки топко бөлүнүп каларын айтып жатабыз.
Жалолиддин Рахимов

“Москва сүйлөйт” радиосундагы маегинде ал “Тажикстан коопсуздуктан тарта мигранттар жиберген акчага чейин Орусиядан көз каранды, биздин бийликтегилердин бирөө-жарым “балдар, чек араны жаап, виза режимин киргизебиз" дегендей акырын ишара кылып койсо эле баары четинен Иванов жана Петров болгонго өтөт жана совет учурунда орус тилин кандай билгенин эстей башташат деп ойлойм”, - деп айтты. Орус депутаты ошондой эле Орусияда миллиондун тегерегиндеги тажик жараны иштерин да эске сала кеткен.

Тажикстандагы мыйзамдык өзгөртүүгө ылайык, эми жаңы төрөлгөн ымыркайга тажик маданиятына жат, башка тилдеги ысым ыйгарууга да тыюу салынган. Мындан тыш балага кандайдыр бир буюм-тайымдардын, жан-жаныбар, же куштардын атын коюуга, ошондой эле адамдарды тапка бөлүп, башкалардын кадыр-баркын түшүрчү “төрө”, “хан”, “молдо”, “шейх” сыяктуу сөздөр уланган аттарды да коюуга болбойт. Бирок өлкөдөгү улуттук азчылыктарга өз каада-салтына жараша ат коюуга уруксат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG