Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Шаматов: Назарбаевге аманатты тапшырдым


Дүйшөн Шаматов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге "Кыз Жибек" поэмасынын кол жазмасын тапшырып жатат. (сүрөт kazpravda.kz сайтынан алынды)
Дүйшөн Шаматов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге "Кыз Жибек" поэмасынын кол жазмасын тапшырып жатат. (сүрөт kazpravda.kz сайтынан алынды)

Астанада өткөн Казакстан эл ассамблеясынын жыйынында Назарбаев атындагы университетинде эмгектенген профессор Дүйшөн Шаматов президент Нурсултан Назарбаевге “Кыз Жибек” поэмасынын 1954-жылы жазылган уникалдуу кол жазмасын тапшырды.

Мекендешибиз, билим берүү боюнча илимдин доктору Дүйшөн Шаматов “Азаттыкка” курган маегинде бул кол жазма тууралуу айтып берди:

Шаматов: Президент Нурсултан Назарбаевге тапшырган “Кыз Жибек” поэмасы кол жазма болуп эсептелет. Караганда шаарынан анча алыс эмес жерде Карлаг деген эмгек түзөтүү лагери болгон экен. Ал жакка ГУЛАГга айдалган Советтер Союзунун эр азаматтары жана алдыңкы интеллигенциясы камакта отурушкан.

1954-жылы Карлагда биздин Күзөбай Куранов деген жердешибиз отуруп калат. Лагерде бизге аты белгисиз казак профессор менен таанышат. Ошол профессор “Кыз Жибек” деген казактын дастанын жазып берген экен. Кол жазманы Күзөбай Куранов көп жылдар бою сактап жүрүп, өмүрүнүн аягында өзүнүн туугандарына берет. Андан бери ал кол жазма ошол туугандарында сакталып калат.

Жакында эле ошол кол жазма менин колума тийген. Мен кийин Казакстанга келип, анын тарыхын иликтеп, авторун издеп калганда Казакстан Эл ассамблеясынын өкүлдөрү "ушул сессияда биздин Эл башыбызга тапшырсаң" деп суранып калышты. Мен, албетте, макул болдум.

Бүгүн даңазалуу түрдө атайын чоң жыйында өзүм сөз сүйлөп, Кыргызстандын атуулу экенимди айтып, быйыл Кыргызстанда жарыяланган Тарых жана маданият жылына байлап казак президентине кол жазманы аманат кылып тапшырдым.

Эмне үчүн кыргыз Күзөбай Куранов аны ушунча жылдан бери кастарлап сактап келди? Балким ушунча жылдан бери маанисин аңдабаган адам аны өрттөп жиберет беле, же жоготуп коймок беле. Бирок бул кол жазма сакталып калган. Бул эки элдин бири-бирине жылуу мамилесин, бири-биринин маданиятын баалай билгендигинин мисалы.

"Азаттык": Президент Назарбаев үчүн күтүүсүз болсо керек? Коңшу өлкөнүн лидери менен жеке сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болдубу?

Шаматов: Ооба, менимче президент аябай толкунданды. Бул аманаттын кайра өз элине кайтып келгенин, албетте, жылуу кабыл алды. Менимче ал киши оор, катаал заманды дагы бир сыйра көз алдына келтирип, эстегендей таасир калтырды. Себеби бул эки адамдын тагдыры - ошол маалдагы канча миллиондогон эр азаматтардын тагдырын чагылдырган окуя да. Мен китепти тапшырып жатканда Назарбаев колумду бекем кысып, ыраазычылыгын айтып, кайсы жерде иштеримди тактап сурады.

Бул окуя менен казак - кыргыз элинин жакындыгын, алардын орток маданиятынын ичиндеги сый-урматты даңазаласа болот. Биринчи кезекте эмне үчүн ошол казак профессор кыргыз досуна “Кыз Жибектин” кол жазмасын ишенип тапшырган? Эмне үчүн кыргыз Күзөбай Куранов аны ушунча жылдан бери кастарлап сактап келди? Балким ушунча жылдан бери маанисин аңдабаган адам аны өрттөп жиберет беле, же жоготуп коймок беле. Бирок бул кол жазма сакталып калган. Бул эки элдин бири-бирине жылуу мамилесин, бири-биринин маданиятын баалай билгендигинин мисалы.

"Назарбаев аманатты жылуу кабыл алды".
"Назарбаев аманатты жылуу кабыл алды".

"Азаттык": “Кыз Жибектин” көптөгөн жарыяланган варианттары да бар эмеспи. Алар менен таанышып чыктыңызбы? Сиздеги кол жазма эмнеси менен айырмаланат?

Шаматов: Албетте, таанышып чыктык. Менден башка да бул жерде казакстандык адистердин жардамын сурадык. Филологдор, тарыхчылар менен бирге изилдеп чыктык. Казак профессору Сейитбек Кастабасов жана илимпоз Лаура Оразгалиева жакындан жардам беришти. “Кыз Жибектин” 20га чукул варианты бар экен. Биздеги кол жазма кириллица менен ыр түрүндө түшүрүлгөн.

Биз алгач Жусупбек Шайхисламдын вариантына окшош деп ойлосок, кийинчерээк карасак бул кыргыздар менен абдан тыгыз мамиледе болгон, Кыргызстанда бир кезде жашап кеткен Жамбыл Жабаевдин вариантына аябай жакын экени да аныкталды. Таңкалычтуусу Жамбыл Жабаевдин варианты 1980-жылдары басмадан чыгып, Казакстанга караганда Кыргызстанда көбүрөөк таркаган экен. Себеби, Жамбыл Кыргызстанда жүргөндө андан кыргыз акындары үйрөнүп алышкан.

Кийин эки казак илимпоз барып кыргыздардан жаздырып, анан китеп кылып чыгарышкан. Белгисиз казак автору 1954-жылы эле ошол Жамбылдыкына окшош вариантты түрмөдө отуруп жазган экен. Түрмөдө отурган ал казак автордун аты ким? Аны менен Жамбыл Жабаевдин кандай байланышы бар? Ушул азырынча табышмак бойдон турат. Бизге окшогон илимпоздор эми ушунун жандырмагын чечүүбүз керек.

Билим берүүдө Казакстандын тажрыйбасын карайлы

"Азаттык": Дүйшөн мырза, эми өзүңүз тууралуу суроо берсем. Казакстандагы эң алдыңкы деп эсептелген Назарбаев университетинде эмгектенгениңизге канча жыл болду? Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынан илимпоздор атайын чакырылган университетке кантип барып калдыңыз?

Шаматов: Мен Астана шаарындагы Назарбаев университетинин Билим берүү жогорку мектебине ишке кирүү үчүн 2012-жылы атайын сынакка катышкам. 2013-жылга чейин төрт этаптан турган сыноодон өткөм. Буга Канадада алган билимимдин пайдасы тийди. Үч жылдан бери бул жерде эмгектенем, быйыл жайында эмгек келишимдин мөөнөтү аяктайт.

Мен иштеген жогорку мектепте магистрант жана PhD докторантурада окугандар билим алышат. Билим берүү тармагында ар кандай реформаларды жүргүзө турган, илимий изилдөөлөрдүн негизинде ар кандай жаңы ыкмаларды киргизе алчу адистерди даярдайбыз.

Университет азыр мага келишимди узартууну сунуштап жатышат. Ойлонуп көрөм, менин максатым билимимди, топтогон тажрыйбамды Кыргызстандын пайдасына колдонсом деген ой. Келишим узартылган күндө да көп узабай эле Кыргызстанга кетем.

Казактар беш-алты жылдан бери совет мезгилинен калган илимдин кандидаты, доктору деген түшүнүктөрдөн баш тартып, Европанын системасына ылайык PhD системасына өтүштү. Демек PhD докторантураны аяктаган казак жаштарына эл аралык аренада жумушка орношууда жеңил болот, алардын мобилдүүлүгү өсөт. Бул багытта Кыргызстанда азыр талкуулардын гана үстүндө жүрөбүз.

"Азаттык": Сиз Кыргызстандын жогорку окуу жайларында да эмгектендиңиз. Коңшулар билим берүү жаатында алдыга кеткени белгилүү, эки өлкөнүн системасын салыштырып көрдүңүзбү?

Шаматов: Акыркы 5-10 жылдан бери булар өнүккөн мамлекеттердин университеттери менен такай өнөктөштүк алакада болуп жүрүшөт. Кийин ошол университеттерден адистер келип, бул жакта ар кандай билим берүү стандарттарын киргизүүгө, реформаларды жүргүзүүгө абдан тыгыз жардам беришти. Ошондой эле Казакстанда казак тилинде айтканда “Зияткерлик мектеби” деген мектептер ачылган. Бул интеллектуалдык жактан күчтүү, тандалган балдарды окутуу системасына кирген мектептер. Казакстандын ар бир регионунда мындай окуу жайларды кура башташты. Бул жерде билим берүү эл аралык станддарттар менен жүргүзүлөт. Кийин бул мектептердин тажрыйбасын башка орто окуу жайларга жайылтуу максатын көздөшүүдө.

Эгер жогорку окуу жайларын алсак, аябай чоң реформалар болуп жатат. Мисалы Кыргызстанда көп жылдан бери Болон системасы киргизилди деп жүрөбүз. Бирок ал нерсе бирдиктүү системалаштырылбай жатат. Ал эми Казакстанда Билим берүү министрлигинин демилгеси жана ар тараптан келген чет өлкөлүк профессорлордун кийлигишүүсү менен кыйла иштер алдыга жүрүп жатат.

Анан эң негизги айырма казактар беш-алты жылдан бери совет мезгилинен калган илимдин кандидаты, доктору деген түшүнүктөрдөн баш тартып, Европанын системасына ылайык PhD системасына өтүштү. Демек PhD докторантураны аяктаган казак жаштарына эл аралык аренада жумушка орношууда жеңил болот, алардын мобилдүүлүгү өсөт. Бул багытта Кыргызстанда азыр талкуулардын гана үстүндө жүрөбүз.

Ушулардын баарын баамдап, эмнеси бизге туура келет, кайсы жагы иштейт, кайсы жагы иштебейт деп талдап көрсөк болот. Маселен, биздин адистерибиз көбүнчө алыскы чет өлкөлөрдү карап, ошол жактан эмне үйрөнсөк деп, алардын тажрыйбасын акмалашат. Ал эми чек аралаш коңшу Казакстанда эмне болуп жатат, алардан кандай тажрыйба алсак деп, ушул жакка көңүл бурганыбызда оң болмок. Анткени казактар дагы биздикиндей системадан жаңысына өтүп жатышат.

(сүрөттөр kazpravda.kz сайтынан алынды)

XS
SM
MD
LG