Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

"Дээрлик баары бир кылым мурда салынган". Кыргызстандагы абактардын абалы


 Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында отургандар.
Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында отургандар.

Кыргызстандагы тергөө абактарынын айрымдарынын имараттары эскирип, авариялык абалда турса дагы, кылмышка шектүүлөрдү кармоо уланууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун баяндамасында айтылды.

Жаза аткаруу кызматы абактарды жаңылоо, шаар ичиндеги тергөө абактарын сыртка чыгаруу боюнча Жол картасы түзүлүп, иштер жүрүп жатканын кабарлоодо.

Бир кылым мурун курулган абактар

Акыйкатчы жаңы баяндамасын жарыялап, өлкөдөгү жабык жайлардын дээрлик баарынын имараттары эски, абалы начар болсо дагы, кылмышка шек саналып же айыпталгандар кармалып турганын айтып чыкты.

Кыргызстанда Жаза аткаруу кызматына караштуу 27 жабык мекеме бар, анын жетөө тергөө абактары. Булардын көпчүлүгү өткөн кылымда курулган. Бишкектеги тергөө абагы 1943-жылы, Нарындагы 1961-жылы, Чүйдөгү эки тергөө абагынын бири 1950-жылы, экинчиси 1963-жылы курулган. Дээрлик баары авариялык абалда.

Эски абактардын бири - Каракол шаарындагы кылмышка шектүү адамдар кармалып турган тергөө абагынын имараты 1900-жылдары курулган. Акыйкатчы институту маалымдагандай, адегенде имарат кербен сарай үчүн салынган. Кийинчерээк ал жерде кылмышка шектүү адамдар кармалып, тергөө изолятору болуп калган. Аталган тергөө абагы азыр 142 орунга эсептелген.

№3 тергөө абагы. Каракол
№3 тергөө абагы. Каракол

Маалыматка ылайык, Караколдогу бул жайда 69 адам кармалып турат.

Көпчүлүккө "Камчыбектин түрмөсү" деген ат менен таанымал, Ош шаарында жайгашкан №5 тергөө абагынын курулганына бир жарым кылымга чукулдаган. Абактын бир имаратын Курманжан датканын уулу Камчыбек 1890-жылы курган.

№5 тергөө абагында ошондой эле 1970-жылдары курулган "Брежневка" жана эгемендиктин алгачкы жылдары тургузулган "Акаевка" деген каймана аталыштагы имараттары да бар. Булардын имараттарын дагы бузуп, ордуна кайра жаңы имарат куруу зарыл экенин укук коргоочулар айтып келишет.


Учурда бул абакта 367 адам кармалып турат. Акыйкатчы ноябрь айында аталган тергөө абагынын, ал жакта кармалып тургандардын абалы менен таанышкан. Омбудсмен институту тараткан маалыматка ылайык, тергөө абагындагы бардык камералар ным жыттанат, имараттардын эскилиги жетип калган.

"Камчыбектин түрмөсүндө" кылмышка шектүүлөр сот өкүмү күчүнө киргенче кармалат. Ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан өмүр бою кесилген адамдар өмүр түрмөгө жиберилгенге чейин убактылуу ушул жерде болот.

"Камчыбектин түрмөсү" аталган тергөө абагы. Ош. Ноябрь, 2023
"Камчыбектин түрмөсү" аталган тергөө абагы. Ош. Ноябрь, 2023

Оштогу №5 тергөө абагы эркектерге ылайыкташкан.

Баткен, Жалал-Абад облустарында тергөө абактары жоктугуна байланыштуу шектүүлөр адатта милициянын убактылуу камоочу жайында айлап, айрым учурларда жылдап отурат.

Өлкөнүн түштүгүндө кылмышка шек саналып кармалган аялдар жана өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз тергөө абагы бар. 67 адамга ылайыкташкан бул тергөө абагы өлкөдөгү жабык мекемелердин эң жаңысы. 2016-жылы донор уюмдардын каражатына курулган.

Аялдар жана өспүрүмдөрдүн тергөө абагы. Жалал-Абад. Ноябрь, 2023
Аялдар жана өспүрүмдөрдүн тергөө абагы. Жалал-Абад. Ноябрь, 2023

Өлкөнүн түндүк аймагында кылмышка шектүү аялдар Чүйдүн Вознесеновка аймагындагы жашы жете электер үчүн тергөө абагында кармалышат. Укук коргоочулар белгилегендей, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында кылмышка шектелген аялдар Чүйгө дээрлик алып келинбейт. Алар негизинен жолдун ыраактыгынан өз аймактарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайларында же эркектер кармалуучу тергөө абактарына жиберилет.

Ушул тапта бул тергөө абагында 37 адам (23 аял, 14 өспүрүм) кармалып турат. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдар абагына барган кезде 1,5 жашар кызы менен чогуу отурган аял баласынын ден соолугу начардыгын айтып даттанган. Аялдын 6 жаштагы уулу туугандарынын кароосунда экени аныкталган.

Акыйкатчы сот жана укук коргоо органдарына, ошондой эле прокуратура органдарына кармалган аялдардын жана баланын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тергөө абактарын кыдыруу учурунда. Каракол. Ноябрь, 2023
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тергөө абактарын кыдыруу учурунда. Каракол. Ноябрь, 2023

Өлкөнүн түштүгүндөгү тергөө абагынын тардыгын эске алып, Жалал-Абад облусунда кошумча имарат куруу мерчемделген. Бул үчүн Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынан 1 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал жерге төрт кабаттуу, 200 орунга эсептелген имарат курулуп жатат. Акыйкатчы иштин жүрүшү менен таанышып, объект тергөө абагына тиешелүү стандарттар менен курулуп жатканына күбө болду деп билдирди Омбудсмен институту. Ушул эле тилкеге тергөө абагынан тышкары административдик имарат да курулат. Жаңы тергөө абагынын курулушу 2023-жылдын соңунда аяктаары күтүлүүдө.

Курулуп жаткан тергөө абагы. Жалал-Абад. Ноябрь, 2023
Курулуп жаткан тергөө абагы. Жалал-Абад. Ноябрь, 2023

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыковдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, эскирген тергөө абактарын жаңылоо милдети атайын Жол картасына киргизилген:

Кемел Садыков
Кемел Садыков

"2021-жылы ири шаарлардын ичинде жайгашкан тергөө абактарын жана түзөтүү мекемелерин шаар сыртына чыгаруу боюнча Жол картасы бекитилген. Бул картага Бишкектеги №1 тергөө абагы, Ош шаарындагы №5 тергөө абагы, Караколдогу №3 тергөө абагы, Жалал-Абаддагы жаза өтөө мекемесин, Бишкектеги №47 колония кирген. Сиздер билесиздер, №47 колония 31-абакка которулган. Ал жакта жаңы имарат тургузулуп, атайын абактагылар үчүн бейтапкана курулган. Бишкектеги, Оштогу, Караколдогу тергөө абактарын көчүрүүгө жер тилкелери бөлүнгөн. Учурда аларды көчүрүү боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздар даярдалууда. Келерки жылы Бишкектеги №1 тергөө абагын Төмөнкү-Серафимовка айылына которуу чечилген, долбоордук-сметалык иштерди жүргүзүүгө 26 млн сом бөлүнгөн".

Түрмөдөгү камера.
Түрмөдөгү камера.

Кемел Садыковдун маалыматына караганда, учурда абакта кармалып тургандардын тамак-ашына күн сайын 126 сом бөлүнөт. Балдардын тарбиялык колонияларында 130 сом, дарылоочу мекемелердеги кармалып тургандарга 180 сом бөлүнгөн.

Жаза аткаруу кызматынын тутумунда ушул тапта 58 ишкана бар. Анда мал, тоок баккан чарбалардан тартып, жашылча-жемиш өстүрүүчү дыйканчылык чарбалар, кийим тигүүчү, жыгач жашиктерди жасоочу, нан бышыруучу, цехтерге чейин бар.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыковдун маалыматына караганда, жаза өтөөчү мекемелерде кармалып тургандардын ичинен 1100 адам ишке тартылган:

"Үч жыл ичинде эле 20 ишкана ачтык, анын алтоо быйыл ачылды. Негизи абактарда кармалып тургандардын 30% эмгекке жарамдуу болсо, анын ичинен 1100 адам гана ишке тартылган. Мунун түрдүү себептери бар. Мисалы, азыркы соттолгондордун аң-сезими башкачараак, көпчүлүгү иштегиси келбейт. Экинчиден, кримчөйрө алардын иштешине атайылап бут тосот, биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Азыркы биздин бийлик жүргүзүп жаткан саясат менен биз кримчөйрөнүн абактардагы таасирин жок кылдык. Алар мурдагыдай таасирге ээ боло албай калышты".


Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Кыргызстандагы тергөө абактарында жана жаза өтөөчү мекемелерде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп катталган 130 адам камалып турат. Булар сот тарабынан уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп табылгандары гана.

Тергөө абагында кармалгандар таза абага чыгарылчу жай. Каракол. Ноябрь, 2023-жыл.
Тергөө абагында кармалгандар таза абага чыгарылчу жай. Каракол. Ноябрь, 2023-жыл.

Тарыхый имараттарды сактап калуу сунушу

Эски, тарыхый мааниси бар абактарды шаар сыртына которуу менен анын имаратын сактап калуу зарылдыгын Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бактыбек Рысбеков сунуштоодо:

"Мисалы, Караколдогу тергөө абагын, Оштогу "Камчыбектин түрмөс"ү аталган №5 тергөө абагын сүрдүрүп салгандан көрө, сактап калуу керек. Бир аз оңдоп, туристтик жайлар катары колдонсок болот. Анткени булар тарыхый мааниси бар. Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек курдурган. Тагдыр жазмышы менен кийин ал өзү да ошол жерде камалып, өлүм жазасына тартылганын тарыхтан билебиз. Бишкектеги №1 тергөө абагында, №47 колонияда деле кылмыш төбөлдөрү, бийликке оппозиция болгон күчтүү саясатчылар отурган. Буларды деле туристтик объект катары сактап калсак болмок", - дейт Бактыбек Рысбаев.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, быйылкы декабрга карата Кыргызстандагы жабык мекемелерде 6600 адам кармалып турат. Булардын ичинен 1720 адам тергөө абактарында. Жалпысынан 320сы аял, 60ка жакыны өспүрүм.

360 адам өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Кыргызстандын жаза өтөөчү жана тергөө абактарында ушул тапта 265 чет элдик жаран отурат.

№2 аялдардын абагында жаш баласы менен отурган бир аял бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG