Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Демократия аралындагы адам укугу: камалган, суралган активисттер


Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг. Бишкек. 10-декабрь, 2023-жыл.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг. Бишкек. 10-декабрь, 2023-жыл.

Акыйкатчы институту ноябрь айында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, Кыргызстандагы адам укугунун корголушу жакшырып жатканын айтышууда.

Ошол эле учурда эл аралык Civicus Monitor жарандык коом альянсы Кыргызстанды "жарандардын эркиндиги тушалган", "репрессиячыл" өлкөлөрдүн катарына кошту.

Акыркы айларда өлкөдө бийликке нааразылыгын ачык билдирген же тынч жыйын-митингдерге чакырган бир нече жаран кармалып, камалды.

"Адам укугунун абалы жакшырды"

Акыйкатчы институту 1-ноябрдан 1-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында сурамжылоо жүргүзүп, адам укуктарынын сакталуу индексин түздү.

Укук коргоо институтунан "Азаттыкка" мааалымдашкандай, сурамжылоого жалпысынан 14 жаштан жогорку курактагы 3 миңге жакын адам катышты, алардын 72% аялдар.

Омбудсмен институту адам укуктары боюнча индексти буга чейин 2021-жылы түзгөн.

Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков адам укуктарынын сакталышы боюнча оң пикирлер көбөйгөнүн белгиледи.

Аскат Азарбеков
Аскат Азарбеков

"Кыргызстанда жарандардын билим алуу, саламаттык сактоо, үй-бүлө куруу жана никедеги тең укуктуулук, эркин жүрүү жана башка жааттардагы укуктарынын корголушу 2021-жылга салыштырмалуу жакшырган. Алсак, билим алуу укугу жакшырды дегендер быйыл 65% түзсө, эки жыл мурун бул көрсөткүч 37% болгон. Саламаттык сактоо боюнча конституциялык укугубуз сакталып жатат деген респонденттер жалпы сурамжылоого катышкандардын 51% түзүп, мурдагыдан эки эсе көбөйгөн. Үй-бүлө курууда жана никеде тең укуктуулук бар дегендердин саны 58% түзсө, өлкө ичинде "каалаган жерде каалаганымдай жашай алам" деген респонденттер 65% чыкты. Сурамжылоого катышкандардын 70% Кыргызстанда адам укуктары мурдагы жылдарга салыштырмалуу сактала баштаганын айткан. 2021-жылы бул көрсөткүч 58% болчу. Респонденттер Кыргызстанда жарандардын Конституциялык укуктарынын сакталышы жакшырганын белгилешти", - деди Азарбеков.

Акыйкатчы институту түзгөн индексте тынч жыйындарга чогулуу жана сөз эркиндиги бар дегендер 47-49% түзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 10% гана бул жаатта "эркиндик жок, абал начар" деген баасын беришкен.

"Демократиялык аралдан репрессиячыл өлкөгө"

Бул аралыкта Civicus Monitor эл аралык жарандык коом альянсы дүйнөдөгү адам укуктарынын корголушу боюнча жылдык баяндамасын жарыялады.

Анда Кыргызстан 2023-жылдын жыйынтыгы менен адам укугу, сөз эркиндиги, жарандардын эркиндиги жаатында "абалы начар" өлкөлөрдүн катарынан төмөндөп, "жарандардын эркиндиги тушалган", "репрессиячыл" өлкөлөрдүн тизмесинен орун алды.

"Кыргызстанда жарандардын эркиндиги тушалып, жарандык коомго, жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) каршы репрессиялык мыйзамдардын кабыл алынышы менен өлкө "адам укуктарынын абалы начар" өлкөлөрдүн катарынан алынып, "репрессиячыл" өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Эл аралык коомчулуктун чечкиндүү каршылыктарына карабай, кыргыз парламенти "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзамды кабыл алуу алдында турат. Дагы бир сөз эркиндигин чектеп, ЖМКларга жана онлайн платформаларга мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол берген мыйзам долбоору кароодо турат. Саясий негизде куугунтуктоолордун саны өсүп, өз оюн ачык айтуу мейкиндиги тарыды. 2022-жылы октябрда бийлик Кемпир-Абаддын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан отуздан ашуун саясатчы, укук коргоочу, журналист жана коомдук ишмерди камакка алган. Жыл айланса да алардын айрымдары абакта отурушат, сот жабык өтүп жатат", - деп жазылган баяндамада.

Эл аралык уюм Кыргызстанда бир катар маалымат каражаттарынын сайттары бөгөттөлүп, эркин иштөөсүнө бут тосуулар, коркутуулар болгонун, каршылыгын билдирип көчөгө чыккандарды кармоо жана камоолор күч алганын белгиледи.

Бийликти сындап жүргөн журналист Канышай Мамыркулова Акыйкатчы институтунун индексине ишенбейт. Ал Кыргызстанды "репрессиячыл" тизмеге кошулуп калышына өлкөдөгү бүгүнкү жагдайлар түрткү болуп жатышына өкүнүп турганын айтты:

Канышай Мамыркулова мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы акцияда. Бишкек. 10-декабрь, 2023-жыл.
Канышай Мамыркулова мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы акцияда. Бишкек. 10-декабрь, 2023-жыл.

"Тилекке каршы, "Борбор Азиядагы жалгыз демократиялык аралчадан минтип авторитардык өлкөгө айланып баратабыз. Акыркы убактарда жарандык активисттерге кандай чабуул жасалып жатат, бул чоң далил. Бир топ жарандык активисттер бийликтин аракетин сындап койгону үчүн эле камалып отурат. Өлкөнүн башкы символу болгон тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандилди (ред.: Жоробеков) да эл душманындай кылып кармап барып камап коюшту. Ооз ачкандан коркуп калдык. Бул эң жаман көрүнүш. Адамдын керт башын, адамдыгын сыйлачу сапаттарынын бири - сөз эркиндигин кысуу жакшылыкка алып келбейт".

Адам укуктарын сактоо, тынч жыйындарды өткөрүү эркиндиги боюнча Кыргызстан бир катар эл аралык конвенцияларга кошулган. Кыргызстан бул жаатта дүйнөлүк коомчулук алдында милдеттенмесин аткарып келе жаткандыгын юстиция министри Аяз Баетов 12-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

Аяз Баетов
Аяз Баетов

"Албетте, эл аралык коомчулуктун алдында адам укугун коргоо жаатында милдеттенмелерин аткарып жатат. Биздин министрлик жарандарга түрдүү багыттарда укуктук жардам берип келебиз. Ар бир адамдын өз укугу үчүн күрөшүүсүнө көмөктөшүп жатабыз", - деди Баетов.

Президент Садыр Жапаров 10-декабрдагы элге жасаган кайрылуусунда кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулук менен бирге Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.

Кармалган, камалган, соттолгон активисттер

Былтыр октябрда Кемпир-Абаддын жерин Өзбекстанга берүүгө каршылыгын билдирген отуз чакты активист, саясатчы, журналист жана башка коомдук ишмерлер кармалып, камалышкан. Алардын 11и азыр да тергөө абагында, калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыгарылган.

Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылган соң, кыргыз бийлигине эл аралык да, жергиликтүү да сын-пикирлер, курч реакциялар болгон эле.

2-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, бийликти сындап келген Адахан Мадумаров камакка алынган.

Август айында элди онлайн митингге үндөгөнү үчүн жазуучу-публицист Олжобай Шакир камалды.

8-декабрь күнү мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков нааразылык митингинин уюштуруучусу катары кармалып, камакка алынды. Ага “Массалык башаламандык” беренесинин негизинде айып тагылган. Аталган берене менен айыпталган дагы бир нече адам камакта, айрымдарынын сот иши жүрүп жатат.

Бир катар активисттер Фейсбукта бөлүшкөн же жазган билдирүүлөрү үчүн суракка чакырылып, камалып, соттолушту. Алардын айрымдары сот өкүмү менен белгилүү бир мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө чыгарылып, бул убакта саясий темада оюн билдирүү укугунан ажыратылган.

Өткөн аптада көзөмөл-кассалык машине (ККМ) колдонууга каршылыгын билдирип, массалык митингге чыккан соодагерлердин айрымдары милицияга, Коопсуздук кызматына суракка чакырылган.

Бир адам кармалып, кайра бошотулган. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында, Бишкек, Ош шаарларындагы базарчылардын митингдеринен соң №1 чекист Камчыбек Ташиев кызматкерлерине "ошол митингдердин уюштуруучуларын аныктап, табууну" тапшырганын 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирген.

Кыргызстанда "Чет өлкөлүк өкүл тууралуу", ЖМКларга байланыштуу бийликчил депутаттар сунуштап, парламентте каралып жаткан мыйзам долбоорлорунан улам өлкөдөгү адам укугунун келечегине тынчсызданган бир катар эл аралык уюмдар, АКШ, Батыш өлкөлөрү бийликти бул мыйзамдардан баш тартууга чакырган.

"Адам укугу таптакыр сакталбай калды"

30 жылга жакын убактан бери жарандардын укуктарын коргоп келген укук коргоочу, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстанда адам укуктары жакшырды деген билдирүүлөрдү четке какты.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Мен ачык эле айтайын, отуз жылдык укук коргоочулук өмүрүмдө өлкөдө адамдардын саясий укугу: сөз эркиндиги, коомдогу кайсы бир көрүнүшкө карата оюн ачык билдирип, ачык каршылык кылуу эркиндиги мынчалык тушалган эмес. Мурдагы бийликтердин тушунда жарандардын эркиндиги мынчалык чектелген эмес. Нааразылык акциялары бир нече суткалап, кээде айга чейин созулчу. Кармап алып барып кылмыш жоопкерчилигине тартып, камоо жок эле. Камаса да бир нече саатка же суткага "административдик жаза" деп камап, кайра коё берчү. Азыр эми бийликтин саясатына каршы үн каткандын баары суракка чакырылып, кармалып, узак мөөнөткө абакта жатып калып атышат. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков мэрияга мыйзам талап кылгандай, алдын ала митинг тууралуу маалымдама берип, тынч чогулууга уруксат берилген Горький паркына акция уюштурууну көздөгөнү үчүн кармалып, камалды. Олжобай Шакирдин окуясы да дал ушундай. Кыргызстанда адам укуктары таптакыр сакталбай калды", - деди Азиза Абдирасулова.

Байкоочулардын пикиринде, Кыргызстанда адамдардын саясий эркиндиги гана эмес, жашоо укугу да корголгон эмес. Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

ЮНИСЕФ Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% басмырлоого дуушар болорун быйылкы иликтөөсүнө таянып жарыялады.

Быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8,5 миң учур катталган. 7,4 миң аялга милиция коргоо ордерин жазып бергени расмий маалымдалган.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан быйыл дагы Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG