Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

АКШ: эбола Нью-Йоркто катталды


Ушул күнгө чейин АКШда эбола илдетин жугузуп алган үч адам катталган.
Ушул күнгө чейин АКШда эбола илдетин жугузуп алган үч адам катталган.

Жакында эле Батыш Африкадан кайтып келген америкалык врачтын анализдеринен эбола илдетинин белгилери аныкталып, ал Нью-Йорктун ооруканаларынын биринде изоляцияга алынды.

33 жаштагы дарыгер Крейг Спенсер Гвинеяда «Чек арасыз догдурлар» уюмунун кызматкери катары эбола тараган аймакта жардам көрсөтүп, АКШга Брюссел аркылуу 17-октябрда кайтып барган. Шаршемби күнү дарманы кетип, кыйналгандан улам Нью-Йорктун ооруканаларынын бирине кайрылууга мажбур болгон. Учурда ал ошол оорукананын жугуштуу илдеттерди дарылаган атайын изоляторуна карантинге алынды.

Шаар бийлиги бейтап соңку күндөрү жакын байланышта болгон бардык адамдарды текшерүү чараларын көрүүдө.

- Бүгүнкү бейтаптын анализдерди эбола вирусун жугузуп алганын далилдеди. Оорулуу азыр Бельвю ооруканасында. Биз камтама болууга эч кандай негиз жок деп айтмакчыбыз, - деген шаар башчысы Билл де Бласио Нью-Йорктун элин тынчсызданбоого чакырды.

Ушул күнгө чейин АКШ аймагында эбола илдетин жуктурган үч адам аныкталган. Алардын бири - октябрда Даллас ооруканасында көз жумган Либериянын жараны, ал эми калган экөө аны караган эки медайым.

Ал арада Африканын Мали өлкөсүндө коркунучтуу вирусту жугузуп алган биринчи адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Коркунучтуу тумоо менен коңшу Гвинеядан келген эки жаштагы кыз ооруп калганы ачыкка чыкты.

Мали эболанын очогу деп саналган үч өлкөнүн катарына кирген Гвинея менен чектешет. Бейшемби күнү Малинин саламаттыкты сактоо министри борбордук телеканал аркылуу сүйлөп, оорулуу кыз учурда Каес шаарынын ооруканасында экенин, анын туугандары карантинге алынганын билдирди.

Врачтардын айтымына караганда, наристенин энеси Гвинеяда эболадан каза тапкан соң кыздын туугандары аны Малиге алып келишкен.

Мали эбола вирусу катталган Африканын алтынчы өлкөсү. Гвинея, Сьерра-Леон жана Либериядан сырткары эбола вирусу Нигерия жана Сенегалда катталган. Кийинчерээк Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму акыркы эки өлкөдө вирустун жайылышы токтотулуп, азыр эпидемия жоктугун билдиришкен.

Дүйнөлүк уюмдун генералдык директорунун жардамчысы Кейжи Фукуда бейшембиде Женевада өткөн маалымат жыйында:

- Эбола коңшу өлкөлөргө кеңири тарабайт деген ишеним бар. Ошентсе да бул баарыбыз үчүн өтө чоң көйгөй бойдон калууда. Биз кырдаалды колдон чыгарбай кармашыбыз керек, - деп билдирди.

Ал арада эпидемиянын жайылышынан чочулаган эл аралык уюмдар эболага каршы вакцина табуунун аракетин көрүшүүдө. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму инфекция менен күрөшүүдө эффект бере турган эки вакцинаны белгиледи.

Женевада өткөн соңку жолугушууда уюмдун өкүлдөрү бул дары-дармектер жыл аягына чейин текшерүүдөн өтөрүн билдиришти.

Акыркы маалыматтарга ылайык, эболаны жугузуп алгандардын саны он миңге жакындады, ал эми анын айынан жарыкчылык менен кош айтышкандардын саны 4877 адамга жетти.

XS
SM
MD
LG