Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Эки округда шайлоо өткөрүү үчүн 21 млн 748 миң сом сарпталат


Иллюстрация
Иллюстрация

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн миурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп белгиленди. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" тастыктады. Шайлоо 30-июнга белгиленген.

Смета шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдары менен эсептелди.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, 23-апрелде анын ыйгарым укуктары токтотулган.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.

Өткөн апта соңунда Ош, Баткен, Кара-Суудагы үч округда уюштурулган кезексиз шайлоонун расмий тыянагы жарыялана элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG