Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Эл үнү: Орозо жана муктаждардын үмүтү


Мусулмандар жума намаздын алдында, 1-май, 2020-жыл
Мусулмандар жума намаздын алдында, 1-май, 2020-жыл

"Эл үнүнө" кайрылган жаран орозо айында чогулган битир-садаканы муктаждарга берүүнү сунуш кылды. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майданга барган аталардын эрдигин даңазалаган кайрылуулар көп болду.

Айсулуу Сатыбалдиева, Лейлек райондук ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башкы медайымы:

- Мен Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек аймактык ооруканасында 2014-жылдан бери улуу мээрман болуп эмгектенип келем. Оорукананын башкы дарыгери Асан Кожомович ушул алты жыл арасында ар кандай мыйзамсыз дары-дармектерди жок кылдырат. Оозеки ар кандай буйруктарды бизге берип, аткартып келет.

Кыргыз элинин башына кыйынчылык түшкөн мезгилде мени жумуштан себепсиз алып салды. Жаңы келген медайымды даярдыксыз эле «нөөмөткө кой» дегенинен, мен даяр эмес экенин айтып болбой койгом. Чыр ошондон башталган. Марттын башынан тарта мага жөн жерден жалаа жаап, үч күндүн ичинде сөгүш жарыялап, 8-апрелде жумуштан алып салды.

Мен эле эмес, ким чындыкты айтса эле ошол адамды сөзсүз кысымга алып, жумуштан кетирет. Менден мурда да бир эжени себепсиз эле иштен бошоткон. Мындай учурлар биздин ооруканада көп катталат. Мен өтө жапа чектим десем болот, ден соолугума дагы доо кетти.

Лейлек райондук ооруканасынын башкы дарыгери Асан Кожомов мындай түшүндүрмө берди:

- Бардыгы мыйзамдуу. Мисалы, төрөт маалындагы эс алууга кеткен медайым кайра ордуна келди. Мен баарына адилет карайм. Бардык адамдын көңүлүн ала албайт экенсиң. Төрөт маалындагы эргүүдөн кайткан кызматкерге кантип өз ордун бербей коем?

Оорукананын башкы дарыгери медайым белгилеген мыйзам бузуулар боюнча “буга чейин да текшерүүлөр болгон жана бардык аракет мыйзам чегинде болгондугу аныкталган” деп жооп берди. “Азаттык” бул маселеге кийин дагы бир жолу кайрылат.

Тамак-аш, каражат тартыш

Сейдалиева Чолпон, Арча-Бешик конушунун тургуну:

- Батирде турам. Жумуш жок, үйдө отурам. Жалгыз боймун. Жардамга муктажмын. Телефон: 0704-244-836

Нургүл Акенова, Бишкектин тургуну:

- Бишкектеги жаңы конуштардын биринде дүкөндү ижарага алып иштетем. Ошол жактан тапкан акчам менен бала-бакырамды багып атам. Төрт балам, тогуз неберем бар. Балдарымдын баары иштебей үйдө отурат. Ошолордун баарын бакканга туура келип жатат. Өзүбүз батирди ижарага алып жашайбыз. Батир акысын алган жок. Колунда бар адамдардан акча сурайт элем. Бир аз товар алып, айлантып, жакшы соода кылып, ошону менен эле балдарымды багат элем. Жолдошум каза болуп калган. Өзүм экинчи топтогу майыпмын. Телефон: 0771-928-301

Ош шаарындагы лөлү мааленин тургуну:

- Мен Ош шаарындагы лөлү мааледе жашайм. Башкаларга эки каптан ун, азык-түлүк берип атат. Бизге эч нерсе жок. Телефон: 0553-119-210

Аралыктан окутуунун азабы

Күмүшай Нарматова, Кара-Суу районундагы Кызыл-Чек айылындагы №33 Интернационал мектебинин башталгыч классынын мугалими:

- “Мегаком” компаниясы мага “күтө туруңуз" деп эле ар кайсы шылтоону айтып жатат. Балдарга аралыктан сабак өтүү үчүн акча салып иштегенге туура келип атат. Кененирек сайттарга кире албайм. Карантинге байланыштуу бирдик салыш да кыйын. «Мегакомдун» бекер байланышына кошула албай аткан менден башка деле мугалимдер бар экен.

“Альфа -Телеком” компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов мындай түшүндүрмө берди:

- Жалпы тизмелерди Билим берүү жана илим министрлигинен алабыз. Ар бир райондон тизме сурасак, тууган-туушкан, дос-тааныштарынын баарын киргизе башташат. Мугалимдердин тизмеси, кимге СИМ-карта таркатыш керек, кимди кошуш керек - министрлик тарабынан берилет. Бизге түшкөндөрдүн баарын кошконбуз. Ал эми берилбей калгандар болсо аны Билим берүү министрлиги чечиш керек. Биз бир мамлекеттик мекеме менен иштейбиз, болбосо анархия болуп кетет.

Орозодогу кайрымдуулук жана муктаждар

Бишкектин атын атагысы келбеген тургуну:

- Азыр жардамга муктаж адамдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу орозо айында муфтият, казыяттарга түшкөн битир-садака муктаж адамдарга берилиши керек.

Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат бөлүмунүн башчысы Максат Атабаев мындай жооп берди:

- Садака-битир жыл сайын бир сомуна чейин арыздардын негизинде муктаждарга таркатылат. Шариятта ошондой. Муфтиятта, казыятта, хатибияттарда атайын комиссия түзүлөт, ошолор түзгөн тизмеге ылайык таркатылат. Негизинен үч топко бөлүнөт. Биринчи топко оор операция алдында тургандар, гемодиализ алып аткандар кирет. Экинчи топто көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптар бар. Ал эми үчүнчү топко жалпы муктаждар кирет. Андан тышкары хатибияттарга, муфтиятка карылар үйлөрүнөн, балдар үйлөрүнөн, кароосуз калган балдарды баккан фонддор кайрылышат. Ар бир арызды атайын комиссия карап чыгат.

Топтолгон каражаттын 45% жергиликтүү мечиттерде, 20% облустук казыяттарда, 15% хатибияттарда калат. 20% муфтиятка түшөт. Былтыр муфтиятка 7 млн. 350 миң сом садака-битир түшкөн. Ал каражат кайрымдуулук фонддорго, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арыздын негизинде бөлүштүрүлгөн.

Улуу Жеңиш: Аталарды даңктайбыз

Аэлита Жолдошева, Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнө караштуу №29-Гайрат орто мектебинин 5- классынын окуучусу:

- Менин бабам Жолдошев Сыдыкка арналат.

Мен бабамды Эл уулу деп айта алам,

Бабам менен сыймыктанам, мактанам.

Бабам менен кайраттанам, даңктанам,

Бабам менин Жолдошев Сыдыкбек.

Байыркыны бүгүнкүгө жар салам,

Жеңиш үчүн тээ Батышта кан кечип,

Жалындаган жеш кезинде аттаныптыр согушка.

Жаркыраган орден, медал, капитан чинин алып,

Жеңиш туусун желбиретип кайтып келген Ата-Журтка,

Ар бир күнүн Ата-Журтка арнаган,

Ак эмгеги ар бир күнү талбаган.

Атакесин эскергенде чоң атам,

Менин атам ай болгон деп эскерет.

Ал анткени атакесин күндүзү үйдөн көрбөптүр,

Кеч киргенде, ай чыкканда дайым иштен кайтчу деп.

Жоош айылдык конторанын жанында,

Бабам түзгөн тарых музей жайгашкан,

Ал бабамдын эң акыркы эмгеги.

Өткөн күндү, тарыхтарды эскерип,

Ыр сунайын мен бабама,

Ошол болсун эстелик.

Бабам баскан байсалдуу ар бир изин

Бабам Жолдошев Сыдыкка улуу таазим.

9-май – Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына кан майданга катышкан аталардын, айрыкча өз ата-бабасынын эрдигин даңазалаган кайрылуулар көп болду. Cогуштун катышуучуларынын чөбөрөлөрү менен кыбыралары атайылап арнап чыгарган ырлары менен даярдаган видеотасмаларын "Эл үнүнө" жөнөтүштү.​

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG