Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Эл үнү: Өкмөткө Сахадан салам жолдогон мигранттар


Якутск шаарында иштеген кыргыз мигранты, 4-июль, 2013.
Якутск шаарында иштеген кыргыз мигранты, 4-июль, 2013.

“Эл үнүнө” Орусиянын ар кайсы аймактарынан Кыргызстанга кайта албай жаткан мигранттардын кайрылуусу уланууда. Якутск шаарынан уча албай калган эки жүзгө жакын жаран билеттери күйүп, мекенге жетпей калабызбы деп кабатыр.

Аты-жөнүн айтпаган аял:

- Урматтуу президент жана өкмөт башчы, бул кайрылууну Саха-Якутия Республикасында турган кыргыз мекендештериңиздер жазып жатышат. Биз жакшы ниет менен өз мекенибизге кайтуу үчүн бул жердеги кыргыз диаспорасынын жардамы менен 5-июнда чартердик каттам уюштурулган эле. Бирок биздин мамлекет тосуп алууга жана обсервацияга жаткырууга орун жок деп, каттамды белгисиз мөөнөткө жылдырып койду. Кайтууга камынгандардын арасында улгайган адамдар, кош бойлуу келиндер, студенттер көп. Ошондуктан ошол каттамды кабыл алууну суранабыз. Кайтып барчу ар бир жаран обсервацияга жатууга даяр.

Аты-жөнүн айтпаган жигит:

- Якутск - Бишкек маршруту боюнча 178 адам учмак. Баары акыркы акчасына билет алып, батирлерин өткөрүп берип, иши жок. Улгайган, оорулуу жана кош бойлуу аялдар көп.

Студенттер:

- Биз студентпиз. Мекенге киргизүүнү суранабыз.

Ай-талаада нөшөрдө калган мигранттар

Орусиянын ар кайсы аймактарынан чогулуп, Саратов жана Самара шаарларынын ортосундагы ай талаада түнөп жаткандардын саны 120дан ашты, "шамал уруп, жамгыр нөшөрлөгөн талаада жатабыз" деген мигранттар өкмөттөн алып кетүү айласын табууну өтүнүштү.

Аты-жөнүн тааныштырбаган жигит:

- Биз ушинтип жамгырда калдык. Жамгыр ушунчалык катуу жаайт экен. Араң эле чыдап атабыз. Ылай, суу. Аябай кор болуп кеттик, бизге көңүл бурган адам болобу?

Аты-жөнүн тааныштырбаган аял:

- Тамчы өтүп, жамгырда отурабыз. Бизди алып кеткиле, сураныч.

Аты-жөнүн тааныштырбаган жигит:

- Бизге коридор эле ачып бергиле, бул жерде 70 киши жатат.

Аты-жөнүн тааныштырбаган аял:

- Биз Саратов менен Самаранын ортосунда талаада калдык. Жүздөн ашык адамбыз, Москвага кайра кайтканга жол жок. Арабызда боюнда бар төрт келин бар, алар ооруп жатышат.

Аты-жөнүн тааныштырбаган аял:

- Бул жакка жыргагандан келген жерибиз жок, батирибиз жок, ишибиз жок көчөдө калган үчүн келгенбиз. Бул жерде тургандардын саны 120дан ашык.

Аты-жөнүн тааныштырбаган жигит:

- Бизди Самарага да, Саратовго да киргизбей жатышат. Жаанда калып, алмаштырып киер кийимибиз да калбай калды. Бийлик өкүлдөрү, бизди алып кеткиле!

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Уланбек Дыйканбаев буга чейин "мигранттарды дароо алып келүү тез чечилчү маселе эмес, ал эл аралык каттамдар боюнча өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет" деп билдирген.

Орус элчилиги учурдан пайдаланууга чакырды

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 7-17-июнь аралыгында Бишкек жана Ош шаарларынан самолет учаарын жана анын кызматынан Москва, Санкт-Петербург шаарларында, Москва, Ленинград, Владимир, Иванов, Калуга, Рязань, Смоленск, Тверь, Тула, Ярославль, Брянск, Орлов, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгоград, Вологда, Кострома, Нижегород, Пенза, Ульянов, Калининград, Саратов, Мурманск, Самара облустарында жана Мордовада турган мигранттар пайдалана алышарын кабарлады.

Маалыматка караганда, 7-июнда Бишкек - Москва жана Ош - Новосибирск каттамы боюнча учактар, 8-июнда Бишкек - Москва каттамы боюнча учак кечки саат беште учат. Андан кийин 14-июнда Бишкек - Москва, 17-июнда Бишкек-Казань каттамы учат. Суроолор болсо Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине 0-312-61-26-15, 61-26-17 телефондору жана Оштогу консулдукка 0-558-90-9005, 3222-88-221 телефондору аркылуу кайрылса болорун билдирди.

Таза суу менен таштандынын азабы

Максатбек Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын тургуну:

- Ленин районундагы Арча-Бешик конушундагы Сай көчөсүнүн оң жагында суу агат. Бирок азыр суунун ордуна малдын кыгы агып атат. Өйдө жакта тургандар малдын кыгын, таштандыларын сууга таштап, булгап жатат. Суудан аябай жагымсыз жыт келип атат. Андан тышкары өйдө жактан кочкул ылай суу агып атат, ал жакта кирпич заводу бар окшойт. Жамгырдын суусу токтогон көлмө бар, ал уйдун сапсары болгон жампасына толуптур. Андан чыгып түптүз Арча-Бешикке келет.

Аты-жөнү белгисиз тургун:

- Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында эки жылдан бери май айынан баштап августтун аягына чейин таптакыр суу болбойт. Былтыр көчөлөр кезектешип жок дегенде эки-үч күндө бирден суу алып турчубуз. Быйыл такыр жок. Себеби, эки суу насосу бар экен, анын бири күйүп кетип, айыл суусуз калды. Буга чейин суу өчкөндө же түтүк жарылганда айыл тургундары биригип, акчасын чогултуп, көйгөйдү өз күчүбүз менен чечип келчүбүз. Айыл өкмөт убада берген менен эч кандай майнап чыккан жери жок. Менин кошуналарым суунун көйгөйгө айланганына 17 жыл болду деп айтышат. Кимдин колунан келсе өз үйлөрүнө сууну түз киргизип алышкан. Ал эми түтүктөр 1970-жылдан бери бир да жолу алмашылбагандыктан суу өтпөй калды деп айтышат.

Сокулуктун атын атабаган тургуну:

- Сокулуктун Белинская атындагы көчөдө ажайып көл бар. Бирок ары-бери өткөндөр машиналап таштанды ыргытып, үстүн топурак же күл менен жаап коюп атышып, ушундай балырга айланды. Бир кезде бул көл камыш өсүп, бакалар чардап, эл балык кармаган кооз көл эле. Эми таштандыга толуп, балырга айланып, соолуп да баратат. Муну чоңдордун баары көрүп билишет.

Кыргыз эли “Суу кордогон кор болот, суу сыйлаган зор болот” дегенди унутуп, ичээрге суу таппай жаткандар бар экендигин эстен чыгарышты. Ушул көчөдө тургандар тазалап койсок деле ары-бери өткөндөр кайра ушул кейипине жеткиришет. Эмне кылаарды билбей калдык, балдарды жибергенден коркобуз. Коронавирустан да жаман оору ушул жерден жугушу мүмкүн. Мына иттин өлүгү баштаган таштанды жайнап, жаман жыт урат. Кайран гана көл!

Өзгөн районунун тургуну:

- Жалгыз-Талга кетип алган жолдун көрүнүшү ушул. Май-Колот менен Чоң-Колоттун кире беришинде таштанды үйүлүп, сууну бүтөп калган. Бул таштандыны ким таштагандыгын билбейм. Акыркы жылдары жаратылышты эч ким коргобой да, сыйлабай да калды. Тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо, суу ресурстарын үнөмдөп пайдаланууга ким жооп берет?

Ак-Ордо: Жарыкты ким “уурдады”?

Бишкектин жогор жагындагы Ак-Ордо - 3 жаңы конушунун эки көчөсү эки жылдан бери жарыксыз.

Кенжалы, Ак-Ордо-3 конушунун тургуну:

- Эки жыл мурун эки көчөнүн жарыгын электриктер келип, зымы, трансформатору менен кошо кыркып кетишкен. Кары-картаң, жаш балдар жарыксыз калганбыз. Кесип атканда “Акчасын квартал башчысына төлөгөнбүз” десек, алар “2 миллион сомго жакын карызсыңар, андан доолап алгыла” деген. Мен өзүм 17 миң сомду квартал башчысына санап бергем. Бирок эч кимге дүмүрчөк берген эмес. Милицияга жана райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, каттаткан менен эч нерсе чечилген жок. Ново-Павловка айыл өкмөтүнө да арызданып жыйынтык чыгара алган жокпуз.

Бул маселе боюнча квартал башчысынан же тишелүү мекемелерден “Азаттык” кийинки программаларында жооп издейт.

«Эл үнү» программасына кайрылыш үчүн «WhatsApp» тиркемесиндеги +996-550-988-755 номери такай иштейт. Эске алчу бир жагдай - түйшөлткөн көрүнүш же маселе боюнча пикир же суроо жиберүүдөн мурун байланышкан адам аты-жөнүн, жашаган дарегин айтып, маалыматты үн же видео түрүндө жибериши керек. Телефон чалгандардын маалыматы кабыл алынбайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG