Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Эл үнү: Жолдо калган мигранттар, жардам сураган эне


Ош базары, май, 2020-жыл.
Ош базары, май, 2020-жыл.

«Эл үнүнө» чет өлкөдөн келе албай жаткан мигранттар, студенттер жана социалдык колдоого муктаж адамдар кайрылышты. Санитардык талаптарды аткарууга такыр шарт жок деп даттанган окурмандардын ойлоруна да орун беребиз. 

Азамат Бердикеев, Өскөн Ордо конушунун тургуну:

- Мен элдин атынан кайрылып жатам. Биздин конушта жарык, суу, жол маселеси чечиле элек. Жарыгы, суусу жок жашаганыбызга эки жыл болуп калды. Азыркы санариптештирүү заманында биз ушундай абалдабыз, бийлик бир эшиктен экинчисине түртүп, көйгөйдү чечпей жатат.

Роза Мусабаева, Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну:

- Мен 15-марттан бери жумушу жок отурам. Балам да коллежди аяктап иш таппай жатат. Кызымды өз энемдикине айылга жибердим. Анткени акча, тамак-аш жок. Карантин башталганда бир кап ун, беш литр суу май алгам. Андан кийин айыл өкмөтүнө жардамга муктажмын деп арыз бергем, бирок эч кандай жардам жок. Буга чейин деле тууган-урук жардам берчү. Өзүм көзүм боюнча 3-топтогу майыпмын. Эки миң сомдук пенсиям дарыма да жетпейт. Мурун бала багып иштечү элем, азыр коронавирустан коркуп эч ким үйүнө киргизбейт. Бала бакчада да иш жок. Жардамга муктажмын.

Айгүл, Ак-Ордо конушунун тургуну:

- Мен ушул жылдын 17-апрелинде бир үй-бүлөгө жардам сурап кайрылгам. Андан бери эки ай өттү, жардам бермек түгүл сураган киши жок. Ал үй-бүлөнүн ата-энеси Москвага операция жасатканы кетип, карантинге байланыштуу кайтып келише элек. Ал үй-бүлөнүн бойго жете элек үч баласы калган, таежеси карап, үйдө беш киши каражаты жок отурат. Квартальныйга чалдым, 1227 номерине, мобилдик телефонго да чалдым. Күтө тургула эле дешет. Жардам алыш үчүн мэрияда таанышыбыз болуш керекпи?

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаевдин жообу:

- Ак-Ордодогу үч балага жардам беребиз. Андай балдарга жардам берүү биздин милдет. Дарегин тактап, жардам беребиз. Ал эми Өскөн-Ордо конушунун макамы белгисиз, ал шаарга карабайт. Ошон үчүн жардам бере албайбыз го...

Мигранттар казак президентине кайрылышты

Новосибирск федералдык округундагы шаарларда окуган эки жүздөн ашык кыргызстандык студент «акча төлөгөн жатаканада турабыз, төлөгөнгө каражатабыз жок» деп Кыргызстандын бийлигине кайрылышты. «Орусияда күчөп жаткан ооруну жугузуп алуу коркунучу күч алды, алып кеткиле» деген жаштар өлкө жетекчилигине видео кайрылуу жолдошту.

Ал эми Орусиянын ар кайсы аймагынан жөө жүрүш менен Казакстандын чек арасына жеткен кыргыз мигранттары казак президентинен коридор ачып берүүнү өтүнүштү.

Жигит: - Бизди алып кеткиле, жолдон 200 чакырым алыс жерге алып келип ташташты. Эч ким бизди көрбөйт. Айла жоктон видеокайрылуу жөнөтүп жатабыз.

Аял: - Кыйналып кеттик, билип туруп барасыңар дегендер болсо керек. Бул жерде бирөөнүн ата-энеси каза болуп, жолго чыккан экен.

Жигит: - Балдар кыйналды, ысык өтүп кетет экен, акча жок, жумуш жоктуктан айла жок келдик. Болбосо иштей берген бизге деле жакшы болчу.

Жигит: - Элчиликке чалып, билет сурасаң “Бизнес класска билет бар, келип ал” дешет, жолду сурасаң эле өчүрүп коёт. Ал элчиликпи же авиакассабы? Кечээ 50-100 рублдан чогултуп эптеп тамак ичкенбиз, бүгүн жээрге эч нерсе жок. Урматтуу бийлик, бизге эки күндүк коридор ачып бериңиз.

Жигит: - Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Москвадагы кыргыз мигранттары Оренбург менен Самара чектешкен аймактагы талаада асман алдында, сыз жерде 25 күндөн бери жатабыз. Эл аябай кыйналды, суу жок, жер сыз, жыртылган желим кленкаларды жаманып жатабыз. Сизден аябай өтүнөбүз, ушул жерден коридор ачып берип, Кыргызстанга жеткирип коюңуз.

Ардагер мугалимдин арызы

Бермет Султанбекова, Жумгар районунун Беш-Терек айылынын тургуну:

- Чындыгында мен бирөөнүн ишине тоскоолдук кылайын деген ниетим деле жок болчу, бирок көзүң көрүп турган нерсени айтпай койгонго менин ой толгоом тынчтык берген жок.

Мен мурда мугалим болчумун, 36 жылдык эмгек тажрыйбам менен пенсияга чыккам. Мен мугалим болуп жүргөндө эле Акылай Жумалиева директор болуп келген. Аны бийликтегилер «эл шайлады» кылып алып келип коюшкан.

Директор болуп келгенден баштап эле туура эмес иштерди жасай баштаган. Ал тууралуу 2019-жылы 5-февралда Интернетке жарыяланган. Жакында эле ооруп, ишке чыкпаган математика мугалимин иштеди кылып акча алган. Мен анын баарын фактысы жана сүрөтү менен топтоп, прокуратурага чейин берсем да жөнөкөй адамдардын үнү көп угулбай калат экен.

Мен директорду жаман мугалим деп айта албайм, бирок жетекчи болууга интеллектуалдык деңгээли жетишпейт. Күйгөн иш көп эле, бирок мурункусун айтпай эле коюп, азыркы учурдагысын айтсам окубаган балдарды окуду деп маалымат берип, беш окуучу менен классты толуктап ачып алган. Беш окуучу менен да класс болобу? Ал беш бала деле окуган жок, бири келип-кетип эле жүрдү. Андан кийин эки эле окуучу калды.

Мисалы, көп атты жарышка салсаң көп аттын дүбүртү менен бардык ат чуркайт да. Ошондой эле калыптанып жаткан өспүрүм балдарга көп окуучулардын таасири тиет. А бул жерде эки гана бала барып, уйкусуроо менен эле кайра кетишет. Эки бала окууга келбеген күнү мугалимдер да отуруп алып кайра кетишет. Балдар окууга келбеген күндөрдүн табели кантип түзүлүп атты? Кийин онлайн менен деле окушкан жок. Аны менен деле иши жок бекер акча алып атышат. Алар эмне үчүн бекер акча алышы керек? Бул тууралуу министрликке да жазгам, көмүр сатканын прокуратурага чейин бергем, эч бир жыйынтык чыккан жок.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаеванын жообу:

- Беш-Терек айылынын тургуну Бермет Султанбекованын арызын жеринде териштирип, Кекилик уулу Жолдошбек атындагы мектептин директору Акылай Жумалиева 2019-жылдын декабрь айында жалган тарификация толтурду деген дооматты Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге талдаганбыз. Андан тышкары Жумгал райондук прокуратурасынын сунушу менен райондук билим берүү бөлүмү тартиптик чара катары сөгүш жарыялаган.

Башталгыч класстын окуучулары үчүн "Мерсико" долбоорунун алкагында мектепке кошумча имарат курулуп берилген. Ысык тамак үчүн акча чогултту деген арызда жазылган доомат да каралып, талапка ылайык тамак-аш берүүнү уюштуруу үчүн ата-энелер өз каалоосу менен акча чогултушуп, идиш-аяк сатып бергени аныкталды.

Ал эми окуучулар боюнча маалымат да аныкталды. 2019-2020-окуу жылында 10-класстын окуучуларынын саны беш окуучу деп бекитилген экен. Булардын ичинен Муратбек уулу Залкар 17-сентябрдан баштап коңшу айылдагы Калык Акиев атындагы мектептен окууга кеткен. Сейитбек кызы Акылай үчүнчү чейректе Калык Акиев атындагы мектепке которулган. Ал эми Аскаров Байтикти ата-энеси окуудан чыгарып алышкан экен. Бул көрүнүш үчүн балдар комиссиясы ата-энесине чара көрүү сунушун берген экен. Натыйжада 2019-2020-окуу жылын эки окуучу аяктаган.

Арызда айтылган маалыматтар мурунку маалыматтар экендиги, ал үчүн директорго чара көрүлгөнүн эске алуу менен арыздар Султанбекова Бермет менен Жумалиева Акылайдын ортосунда өз ара жеке келишпестик мамилеси болгондугуна байланыштуу түшүп жаткандыгы аныкталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG