Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Эл үнү: Орусияга бөлүнгөн 10 миллион сомдун талашы


Чатыр лабораторияда анализ алган дарыгер, Москва, 27-апрель, 2020
Чатыр лабораторияда анализ алган дарыгер, Москва, 27-апрель, 2020

"Эл үнүнө" 19-марттан бери Орусия менен Казакстандын чек арасындагы Соль-Илецк шаарында жана Москвада калган жарандар дагы кайрылышты. Орусиядагы мигранттарга бөлүнгөн 10 миллион сомдун дарегине кызыккандар да көп.

Аты-жөнү белгисиз жигит, Москва шаары:

- Алты бала бир жерде кыйналып жатабыз, ишибиз токтогон. Жардам берген эч ким жок. 10 миллион сом бөлүптүр, кош бойлууларга, улгайгандарга деп бөлүптүр. Алар Орусияга иштегени келбейт. 10 миллионду ошолорго жумшабай эле, учак, автобус уюштуруп койсо, өзүбүз билет сатып эле кетмекпиз.

Нуркыз, Москва шаарынан:

- Эмне үчүн кыргыз элчилигине чалып, бир да жолу жооп алууга мүмкүн эмес? Мигранттар үчүн миллиондор которулуп жатат. Ошол акчаны кимдерге берип жатышат? Москвада жүрүп, “кыргыз элчилигинен жардам алдык, бизге жардам беришти” дегенди бир да жолу уккан эмесмин. Качан чалбагын телефон бош эмес. Кой бойлуу, улгайган, жалгыз энелерге берип жатышса, кимдерге беришти? Анткени кыйналгандар ушунчалык көп. Менин жанымда бир келин бар, кырдаалга байланыштуу кете албай калды, май айында төрөйт. Колунда кичинекей баласы бар. Күйөөсү Подмосковьеге иштегени кеткен. Ал да жол жабылып, келе албай калды. Келин абдан кыйналып жатат. Бир жумадан бери ошол келинге жардам сурайын деп же чала албайм, же жазсам жооп да беришпейт. Элчиликке болсо киргизбейт.

Ал келиндин күйөөсү Подмосковьеде курулушта. Эки күндөн бери дене табы түшпөй жатыптыр. Азыр түкүргөн сайын кан чыгып жатат дейт. Жанында эки бала бар экен. Төрт бала тең ооруп жатабыз дейт. Байкеме чалсам, “температурабыз түшпөй алсырап эле жатабыз” дейт. “Тез жардам” болсо “чалгандар көп” деп келбей жатыптыр. Мындай учурда алар эмне кылса болот?

Москва: Элчиликтин алдына чогулган мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Нүргүл, Москвадан:

- Москвадагы жарандардын үнүн жеткире албай жатабыз. Эми карантин созулса чыдамыбыз канчага жетет? Эртең ичип, ар кандай туура эмес жолдорго барып, талап-тоноого жетсе эмне болот?

Аты-жөнүн айтпаган жигит:

- Чогуу иштеген эже бар эле. Москвада ошонун апасы коронавирус болуп ооруканага жатыптыр. Алардын батиринде көп киши жашайт. Арасында төрт жашар бала да бар. Ошонун баары контакт болгон да. “Биз да ооруп жатабыз” деп кыздары жардам сурап жатышат. Алар “элчилик жок дегенде батирибизди дезинфекция кылып бергенге жардам берсин” деп жатышат. Алардын үнүн уккан эч ким жок.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын жообу:

- Штабдан Орусияга 10 миллион сом которулду деген маалымат чыккан. Ошонун ичинен төрт миллион сом Москвага, Москва облусуна түшүп жатат. Ошону ишке киргизгенге аракеттенип жатабыз. Элчиликтин, кыргыз диаспорасынын, ошондой эле кайдыгер карабаган жарандардын жардамы менен атайын кампа ачып, ошол жерде тамак-аш жыйнап, тарата баштаганбыз. Бүгүнкү күнү 200-300 баштыктан таратып жатабыз.

Төрт миллион сом боюнча төмөнкүлөрдү билдиргим келет: өкмөттөн эки позицияда каражат бөлүштүрүүгө көрсөтмө келди. Биринчиси – тамак-аш жагынан жардам берүү. Экинчиси – өтө муктаждарды, аэропорттордо калгандарды убактылуу жай же хостел менен камсыз кылуу. Мына биз ушул максатта гана акчаны жумшай алабыз. “Элчилик акча бербей жатат” дегенге нак акча эч кимге берилбейт.

Кимдер жардам алат?

Биринчиден, Москва шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алып, карантинге түшкөндөргө жардам берилет. Алар же эшикке чыга албайт, же тамак-аш ала албайт.

Андан сырткары көп балалуу үй-бүлөлөр. Жаш баласы бар жалгыз бой келиндер. Бизге чалып, жардам сурагандардын баары аныкталып, жардам таратылып жатат.

Москва шаарына келип ооруп калгандарга, ооруканадан чыгып, бара турган жери жокторго, андан сырткары батирине акча төлөй албаган көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам берип, убактылуу хостелдерге жайгаштырып жатабыз.

19-апрелден бери элчиликке караштуу штабда күндүр-түндүр иштеген телефон кызматын ачтык. Элчиликтин, Миграция кызматынын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү ошол жерде отурушат. Кыргыз диаспорасынын өкулдөрү да сегиз сааттан келип отуруп, жардам берип жатышат. Беш телефонго бир мүнөттүн ичинде 100дөй телефон чалуу түшүп жатат. “Элчилик телефонду албай жатат” деген чындыкка дал келбейт. Кайра-кайра чалышсын, мен ошону суранып кетет элем. Бир номер менен сүйлөшүп жатканда эле 4-5 кишинин чалганы өтүп кетип жатат. Чалган кишинин болгон маалыматы атайын таблицага киргизилип, ошол боюнча аныктап, тиешелүү жардам жеткирилип жатат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде күнү-түнү телефон чалуу борбору иштеп жатат, төмөнкү номерлер аркылуу байланыша аласыз:

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

Чөнтөк телефондор жана "Вотсап" тиркемеси менен иштегендер: +7 (925) 387 41 27, +7 (925) 387 45 97 жана +7 (925) 103 29 11

Москвадагы үч баланын энеси:

- Кыргызстан Москвадагы элчиликке акча которду дегени чын экен. Үч балам бар, бирөө майып. Ишенип-ишенбей, айлам кетип турганда чалдым эле. Мына, жардамды үйгө чейин алып келип беришти. Кыргызстандын чоңдоруна да рахмат, ушунчалык ыраазы болуп, ыйлап да жибердим. Москвадагы кыргыздар, кыйналган болсоңор, элчиликке телефон чалып, жардам алсаңар болот экен. Элчиликте иштеп жаткандарга да рахмат. Ыраазычылык билдирем.

Кыргыз бийлигине кайрылуу

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Кыргызстанда парламенттик башкаруу. Депутаттар өкмөткө талап койгула, бизди алып кетишсин. Аба каттамдары жабык дедиңер. Новосибирскиден учуп кетишти, Түркиядан алып келдиңер, Дубайга чартердик учак жиберип жатасыңар. Биз бир айдан бери суранып жатабыз го. Жогорку Кеңештин депутаттары, силерди биз шайлаганбыз, биз силерге талап коюп жатабыз. Эмне үчүн ошол жерде отурасыңар?

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Канча өлкөдө жашаган мигранттардын маселесин чечип бердиңер. Биздикин деле чечип берсеңер болот да, туурабы? Шайлоодо эле биздин керегибиз тиет. Ар бир айылга концерт коюп келесиңер. Жети айлык боюнда барында келген эжелер төрөйүн деп калышты. Бийликте отургандар, 10 миллион сомду 100 миң кыргызга бөлгөндө 1000 сомдон тиет. Ал бул жерде эмнеге жетет? Элчилик жардам берип жатат. Ооба, 39 сомдон эки май алып келип берди.

"Москвага качан көңүл бурасыңар?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Аты-жөнүн айтпаган аял:

- Биздин арыз-арманды уксун деп силерди шайлаганбыз, урматтуу депутаттар. Бизди алып кетишиңерди суранабыз. Бардыгын алып кеттиңер, эмнеге Москвага көңүл бурбай жатасыңар? Баары кезек менен кетиши керек да. Дубай, Стамбул... Чартердик учак уюштуруп, бизди да алып кеткиле. Өкмөт эч качан элге жардам берген эмес. Бир гана суранарыбыз – чартердик учак гана уюштуруп бергиле. Эч качан өкмөткө салмагыбызды салган эмеспиз.

Москвадагы жарандардын кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Соль-Илецкиде 19-марттан бери чек арадан өтө албай жүргөн кыргыздар 200гө чукулдап калды. Арабызда кыздар, балдар, кош бойлуулар, апалар бар. Машинеде жатышат. Үй ижарага алганга акча жок. Мамлекеттин атынан бир гана нерсе – чек араны ачтырып берсе эле болгону. Мамлекеттен бир сом сурабайбыз.

Москва шаарынан кайрылган жаран:

- 26-мартта Кыргызстанга учмакпыз. Учпай калып, үйдө отурабыз. Анткени үйүбүздө ишибиз калды, эгин таалабызды айдап сепкенге эч ким жок. Келинчегим, апам менен эки балам калган. Алар талаага чыга алышпайт. Жерди иштеткенге адам таппай кыйналып жатышат.

Алыстагы балдарына сарсанаа болгон ата-эне

Үмүт Туюкбаева, Орусияда окуган студенттин энеси:

- Уулум эки жылдан бери Орусияда окуйт. Пенза шаарында аны менен чогуу кыргызстандык 60тай студент бар. Алар тамак-аштан абдан кыйналып жатышат. Биз бул жактан акча сала албайбыз. Аларды алып келгенге жардам берсеңер жакшы болот эле. Өтүнүч.

Рашад Усубалиева, Түндүк Кипрде окуган студенттин энеси:

- Ал жакта жүздөй студент өз өлкөсүнө келе албай жатат. Алар азыр батирге чыгышкан. Биз да бул жакта иштебей жаткандыктан, акча жибере албай калдык. Өкмөт бизге балдарды алып келгенге көмөктөшүп койсо жакшы болот эле.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG