Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Алчы-таасын жеген неме экен...


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызда “териси тар экен” деген сөз бар. Сөз көтөрүмү жок, бир нерсеге бат тырчыган, бат таарынган адамды ушинтип коет.

“Кой терисин жамынган адам экен” дейт. Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экендигин жаап-жашырган, тымызын душмандык кылган адамга карата айтылат.

“Кой оозунан чөп албаган адам эле” дейт. Өтө эле жоош, момун адамды ушинтип сыпаттайт.

“Жапа тырмак киришти” дейт. Баары жапырт, жабыла киришкенди ушинтип айтат.

“Жүрөгү жок тура” дейт. Коркок, кайраты жок, суу жүрөк кишини ушинтип коет.

“Анын ит оорусу кармады” дейт. Көндүм болгон жаман адаты, өнөкөтү кармады дегенди түшүндүрөт. Маселен. “Баягы дагы ит оорусун карматып, көрүнгөн бурчтан сасып чыга баштады” дейт.

“Ала канат” деген сөз бар. Туруксуз, жеңил мүнөз, мактанчаак адамды кыргыз “Аның өтө эле ала канат неме экен” деп коет.

“Алчы-таасын жеген” деп коет. Абдан куу, митаам, тапан кишиге айтылат. “Төлөмырза алчы-таасын жегендердин бири эмес беле” дейт.

“Колтугуна суу бүркүү” дейт. Бирөөгө карата “кишилерин” астыртан, тымызын шилтеп коюу, көкүтүү, тукуруу дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “Улам анын колтугуна суу бүркүп, жамандап олтурду” дейт.

“Шагы сынуу” деген сөз бар. Катуу ыза болуу, уят болуу дегенди билдирет.

“Бити-битине батпоо” деп коет. "Ал жалгызынан калган небересин көрүп бити-битине батпай кетти” дейт. Аябай кубанып, сүйүнгөн учурду айтат.

“Жең ичинен” деген сөз бар. Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын иш кылганды айтат. “Абал жаман ошон үчүн баарын жең ичинен бүтүргүлө” дейт.

“Мурдун балта кеспейт” деген сөз бар. Камырабайт, кенебейт, тоготпойт деген маанини билдирет. Мисалы, “Мурдун балта кеспеген неме экен, кемчилигин санап берсем да бети кызарып койгонго жарабады” дейт.

“Кудайдан жөө качкан” деген сөз бар. Бул ашкан митаам, шум, калпычы, тапан, такымын жеген адамга айтылат.

“Көшөгөң көгөрсүн” дейт. Жаңыдан келин болуп келгенде айтылган каалоо, алкыш, тилек.

“Жаагың сынгыр” деп коет. Какшанып көп сүйлөгөн кишиге же жаагын жанып басылбай ыйлаган балага карата атылган сөз.

"Боорум эзилди” деген сөз бар. Мунун бир маанисине мисал келтирсек, “Кимбайкенин жазганын окуп алып боорум эзилгенче күлдүм” дейт.

XS
SM
MD
LG