Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Евробиримдик терроризмге каршы жаңы альянс түзөт


Лиондогу темир жол бекетиндеги коопсуздукка көз салган француз аскерлери.16-январь, 2015-жыл
Лиондогу темир жол бекетиндеги коопсуздукка көз салган француз аскерлери.16-январь, 2015-жыл

Евробиримдик терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңири альянс түзүүгө чакырды. Мындай чара өткөн апталардагы Франциядагы террордук кол салууларга жооп катары бааланууда.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини Европанын ичиндеги биримдикти жана мусулман өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Париждеги кол салуулардан 17 адам каза болгон эле.

Терроризмге каршы кеңири коалиция түзүү чакырыгын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини дүйшөмбүдө Брюсселдеги жыйындын алдында жасады. Могерини айым терроризмге каршы күрөшүү үчүн мусулман өлкөлөрү менен, ошондой эле биримдиктин өзүндө да көбүрөөк кызматташтык зарылдыгын билдирди:

- Парижде биз кабылган коркунуч дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрүнө жайылууда. Биз бул багытта маалымат алмашып, мындан дагы тыгыз кызматташуубуз зарыл.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Араб лигасынын баш катчысы Набил Ал-Араби менен. 19-январь, 2015-жыл
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Араб лигасынын баш катчысы Набил Ал-Араби менен. 19-январь, 2015-жыл

Исламчыл согушкерлердин 7-9-январда Парижде жасаган кол салуулары, Батыш Европада террорчу деп шектелгендерге каршы өткөн аптада жүргүзүлгөн рейддер, Сирия менен Ирактын согуш талааларынан кайтып келген европалык жарандардан күтүлгөн коркунучтар жүрөк өйүгөн тынчызданууларды жаратты.

Дүйшөмбүдө Брюсселде жыйынга чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери аймактагы коопсуздукту талкуулашты. Бул жыйынга Араб лигасынын баш катчысы Набиль ал-Араби да катышты. Могерини кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун ал-Араби менен талкууланганын кошумчалады.

Ал эми Набиль ал-Араби терроризмден дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жабыр тартып жатканын айтып, бул альянс жалгыз гана аскердик же маалыматтык коопсуздук менен чектелбестен, интеллектуалдык, маданий жана диний чөйрөнү камтышы керектигин белгиледи.

Евробиримдиктин бир катар министрлери Могерининин чакырыгын колдой турганын билдиришти. Маселен, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Париждеги акыркы кол салуулар Европаны өзгөрткөнүн айтты.

Ал эми Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонд терроризм менен күрөшүүдө алгач мусулман өлкөлөр активдүү болушу керектигин белгиледи.

Брюсселдеги бул жыйында Европанын башкы дипломаттары 12-февралга белгилеген Евробиримдиктин саммитине даярдыктарды дагы карашты. Буга чейин Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Париждеги окуялардан соң саммитте терроризмге каршы күрөштү талкуулоону сунуштаган.

Евробиримдиктин дүйшөмбүдөгү жыйыны Сириядагы жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы АКШ баштаган эл аралык коалициянын саммитине дал келди. Бул коалициянын өкүлдөрү 22-январда террорчул топ менен күрөштү талкуулоо үчүн Лондонго чогулмакчы.

Ошондой эле Евробиримдиктин жыйынында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу, Сирия жана Ирактагы маселелерден улам коопсуздук үчүн Орусия менен мамилени кайрадан карап чыгуу жагы талкууланышы мүмкүн экени айтылган.

Артилериядан аткыланган Донецктеги оорукана. 19-январь, 2015-жыл
Артилериядан аткыланган Донецктеги оорукана. 19-январь, 2015-жыл

Батыш менен АКШ былтыр март айында Орусияга Крымды аннексиялап алганы үчүн бир катар санкцияларды киргизген. Батыш орус бийлигин Украинанын чыгышындагы чатакта жикчилдерди тымызын колдоп жатат деп айыптаса, Москва муну төгүндөп келет.

Соңку күндөрү Донецк аэропортунун айланасында күрөш күчөгөн учурда санкцияларды алып салуу мүмкүн эмес экени айтылууда. Анын үстүнө Литванын тышкы иштер министри Линас Антанас Линкевичустун айтымында, Москва Украина боюнча өз саясатын өзгөртүүгө эч кандай саясий эрк көргөзө алган жок:

- Азыркы кырдаалда санкцияларды алып салууга эч кандай негиз жок болуп турат. Биз Орусиянын жагдайды өзгөртүүгө саясий эркин көргүбүз келген. Бирок андай болбой, жикчилдерди жана террорчул топторду колдоо уланып жатат. Акыркы күндөрү (Донецк) аэропортунун айланасында кайрадан атышуу күчөдү.

Украин армиясынын билдиргенине караганда, жикчилдер жекшемби күнү кечтен тарта өкмөттүк күчтөрдүн турумдарын жана эл жашаган райондорду кеминде 35 ирет аткылаган. Украин армиясы Донецк шаарынын урандыга айланган аэропортун кайра алдык деп ырастап жатат. Бирок жикчилдердин лидери Александр Захарченко украин армиясынын аэропортту алуу боюнча бардык аракеттери оңунан чыккан жок деп билдирди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG