Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Франция: жанкечтилердин бешөө аныкталды


Полициянын рейдинен бир көрүнүш
Полициянын рейдинен бир көрүнүш

Парижде 13-ноябрдагы теракттарды ишке ашырган дагы эки жанкечти аныкталды. Бул ишке байланыштуу Бельгиянын Моленбек шаарында текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Франциянын өзүндө болсо кечээ 158 жерде рейддер болду, бир нече киши камакка алынды.

16-ноябрда франциялыктар кол салууларда набыт болгондорду бир мүнөт үн чыгарбай эскеришти. Президент Франсуа Олланд, өкмөт мүчөлөрү Сорбонна университетиндеги эскерүү иш-чарасына катышты. "Сорбонна – Париждин, өлкөбүздүн, жаштардын символу. Каза тапкандардын арасында жаштар, мугалимдер көп болчу", - деп билдиришти президенттик администрациянын өкүлдөрү.

Ишембиде үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Ал эми полиция дүйшөмбүгө караган түнү өлкөнүн жер-жерлеринде антитеррордук 150дөн ашуун рейддин алкагында бир нече кишини камакка алды. Бул камакка алуулардын көпчүлүгүнүн 13-ноябрдагы кол салууларга тиешеси жоктугу белгиленүүдө. Президент Олланд теракттардын эртеси киргизген чукул кырдаал күч түзүмдөрүнө шектүү жайларда тинтүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берет.

Премьер-министр Мануэл Вальс рейддер шектүү жихадчыларга каршы жүргүзүлгөнүн билдирди:

- Биз бир нече айдан бери терроризмге каршы согуш абалында жашап келатабыз. Буга чейин бир канча чабуулдарды алдын алууга жетишкенбиз, бирок террорчулар сокку урушту. Келечекте да кол салышы ыктымал. Мен муну элди коркутуу үчүн айткан жокмун. Бул коркунучтуу күндөрдөн кийин франциялыктар иштерине жөнөштү, балдар мектептерге кайтты. Бирок дагы көпкө терроризм коркунучу абалында жашайбыз.

Полициячылар бир катар жерлерде курал-жарак, анын ичинде ракета аткычты, маңзаттарын колго түшүрүштү.

Ал арада теракттарды ишке ашырган дагы эки кишинин - стадиондун жанында жана "Батаклан" концерт залында өздөрүн жардырган жанкечтилердин тек жайы аныкталды.

Алардын бири Парижде туулган, 28 жаштагы Сами Амимур аттуу Франциянын жараны экени маалымдалды. Мындан үч жыл мурун ал жихадчыларга кошулуу үчүн Йеменге аттанууга даярданып жаткан шектүү топтун ишин иликтеген тергөөчүлөрдүн көзүнө илинип калып, полициянын тизмесине түшкөн. 2013-жылдын күзүндө ал каттоодон өтүп туруу шартын бузгандан кийин эл аралык издөө жарыяланган.

Экинчиси – жанында сириялык паспорт табылган киши. Анын ДНКсы экспертизадан өткөрүлгөндө Грециядагы мигранттар борборунда Сириянын бир жараны ушул октябрда тапшырган бармактардын издери менен дал келди. 15-ноябрда Греция бийликтери паспорт 1990-жылы туулган Ахмад ал Мохаммадга катталганын билдиришкен. Бирок Франциянын юстиция министри Кристиан Тобира паспорттун чыныгы же жасалма экени текшерилип жатканын, азырынча жыйынтык чыгаруу эрте экенин белгиледи.

Кечээ дагы эки жанкечти аныкталган. Белиндеги жардыргыч затты стадиондун жанында жардырган 20 жаштагы Била Хадфи айрым маалымат булактарынын жазгандарына ылайык, Сирияда “Ислам мамлекетинин” радикалдары катарында согушуп келген.

Ал эми Франциянын жараны, Бельгияда жашаган 31 жаштагы Ибрагим Абдесалам өзүн Вольтер бульварында жардырган. Тергөөчүлөр анын бир тууганын да издеп жатат. Салах Абдесаламдын куралчан топту "Батакланга" ташып келген "Гольф-Поло" үлгүсүндөгү машинасын ижарага алганы белгилүү болгон. Болжол менен ал өзү ресторандарды аткылоого катышкан болушу мүмкүн. Француз полициясы ага эл аралык издөө жарыялады.

Машина кийин Бельгиянын Мөленбек деген жеринде табылган. Бельгия полициясы Абдесаламдардын үчүнчү бир тууганын камакка алды.

Ишембиде "Батакландагы" дагы бир жанкечтинин аты аталган. Франциянын 29 жаштагы жараны Исмаил Омар Мостафай радикал көз караштары менен буга чейин эле полицияга белгилүү болчу. Бирок эч качан террорчул иштерге аралашканы байкалган эмес.

"Ле Монд" гезити жазгандай, Мостафай 2013-жылдын күзүнөн 2014-жылдын жазына чейин Сирияда болуп кайткандан кийин салафилердин чакан тобунун арасында байкалган.

Бүгүн кечинде президент Франсуа Олланд Версаль сарайында парламентке кайрылып, чукул кырдаалды узартууну сурайт деп күтүлүүдө.

Катардагы франциялыктар болсо кан төгүлгөн жерлерге гүл, шам алып келип жатышат. Жуманын кечинде Париждин бир нече жеринде болгон теракттар 129 кишинин өмүрүн алып кетти, 350дөн көп киши жарадар болуп, 90го жакыны оор абалда экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG