Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Франция менен Түркия “геноциддин” айынан араздашууда


Франция сенатынын алдындагы нааразылык. Париж, 2012-жылдын 23-январы.
Франция сенатынын алдындагы нааразылык. Париж, 2012-жылдын 23-январы.

Франция парламентинин жогорку палатасы – Сенат осмон түрктөрү тушундагы армяндар кыргынын геноцид деп тааныбагандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорду жактырды. Түркиянын тышкы иштер министрлиги француз Сенатынын чечимин айыптаган билдирүү таратты.

Түркиянын тышкы иштер министрлиги француз Сенатынын дүйшөмбү күнкү резолюциясын “жоопкерсиздиктин мыкты үлгүсү” деп атады. Билдирүүдө Анкара жооп иретинде тийиштүү иш чаралар көрөөрү айтылат.

Президент Николя Саркози кол коюп күчүнө кирип калса, жаңы мыйзам боюнча, Франция тарабынан расмий түрдө геноцид деп таанылган кылмыштарды танган тарап бир жылга чейин түрмөгө кесилип, же 57 миң долларлык айыпка тартылат. Мындан он жыл мурда эле Франция биринчи дүйнөлүк согуш маалында осмон түрктөрү миллиондон ашуун армянды кырган деп, аны геноцид, же “тукум курут саясаты” деп атаган. Француздар андан башка Руандада 1994-жылы жергиликтүү тутси жана хуту урууларынын кыргынын, экинчи дүйнөлүк согуш маалында жөөттөр менен сыгандардын массалык жок кылынганын да геноцид катары тааныган.

Эми Францияда геноцид деп таанылган ал кылмыштарды танган тарапты жазалоо тууралуу мыйзам кабыл алып олтурат. Түркиянын Франциядагы экс-элчиси Улук Өзүлкер бул жөн гана француз саясатчыларынын шайлоо алдындагы чайкоочулугу деп эсептейт. “Бул саясий оюн, - дейт ал. - Анын артында Франциядагы президенттикке башкы талапкерлердин өз пайдасына упай топтоо далалаты жатат. Бул чечим - Николя Саркозинин экинчи мөөнөткө шайланууга акыркы шансы десек болот”.

Армения биринчи дүйнөлүк согуш маалында осмон түрктөрү 1 жарым миллион армянды кырган деп эсептейт. Андыктан Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян Франциядагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кубаттап: “Бүгүнкү күн Армения менен Франция ортосундагы достук тарыхына алтын тамга менен жазылат. Жалгыз эле бул мамилелер үчүн эмес, керек болсо дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо кыймылынын тарыхына да кирет”, - деп терең курсанттана басым жасады.

Түркия башынан эле жүз жыл мурунку окуяларды “геноцид”, же кайсы бир этноско каршы тукум курут саясаты деп аныктоого каршы чыгып, Түркиянын чыгыш тарабында 1915-1916-жылкы уруштарда эки тарапта тең абдан олуттуу жоготуулар болгонун баса белгилеп келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG