Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:47

Газа: АКШ Израилге ок-дары жиберүүнү токтотту


Израил армиясынын аскерлери танк менен Газада баратышат. 7-май, 2024-жыл.
Израил армиясынын аскерлери танк менен Газада баратышат. 7-май, 2024-жыл.

Израил армиясы Рафах өткөрмө бекетинин Газа тарабын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Египет менен анклавдын ортосунда жайгашкан бул бекет аркылуу негизги гуманитардык жардам киргизилип келет.

Буга чейин ХАМАС радикал уюму ок атышууну токтотуу боюнча Катар менен Египеттин сунушун кабыл алганы маалым болгон. Израилдин бийлиги билдиргендей, ал сунуш Тель-Авивдин талаптарына жооп бербейт. Бир катар маалымат каражаттары АКШ Израилге айрым курал-жарактарды жеткирүүнү токтотконун жазышты.

8-майда Израилдин армиясы Рафах шаарына абадан сокку урууну улантты. Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кезектеги чабуулдан төрт жайкын тургундун өмүрү кыйылып, бир нечеси жараат алды.

"Израил операциясы жүргүзүлөт деген аймактан тышкары эле жерде отурганбыз. Негизи биз картада коопсуз деп көрсөтүлгөн аймакта жайгашканбыз. Бул жерде аскердик операция болбошу керек эле. Бир убакта эле жарылуу болуп, кошунанын үйү жер менен жексен болду. Биздин үй да зыянга учурады. Бул жакта жалаң карапайым тургундар, согушкерлер жок", - дейт Рафахтын тургуну Реда Аль-Наджили

7-майда израил күчтөрү Газа менен Египеттин ортосундагы Рафах өткөрмө бекетинин палестин тарабын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул бекет аркылуу анклавга негизги гуманитардык жардам киргизилип, оор абалдагылар чыгарылып турчу.

Бириккен Улуттар Уюму Газага жардам киргизген негизги бекеттердин баары жабылганын эскертти. Израил буга чейин Керем Шалом өткөрмө бекетин дагы ал жактагы атышуулардан улам жапкан. Рафах жабылганына байланыштуу Керем Шалом жакын арада ачылары убада кылынды.

АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюму Израил армиясынын Рафахка көзөмөл орнотушу аймактагы ортомчулардын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуусуна жетишүү аракетин үзгүлтүккө учуратууга багытталганын билдирди.

Буга чейин куралдуу топ Египет менен Катардын ок атышууну бир канча жумага токтотуп, барымтадагыларды бошотууну караган сунушун кабыл алганын билдирген. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллердин айтымында, азырынча бул жоочулар ок атышууну токтотуу жөнундөгү макулдашууга кол коюуга даяр дегенди билдирбейт.

"Тактоо киргизип коюуга уруксат этиңиздер. ХАМАС ок атышууну токтотуу тууралуу сунушту кабыл алган жок. ХАМАС көңүл буруп, жооп бергенде дагы бир нече сунуш киргизди. Бул ок атышуу жөнундөгү макулдашууну кабыл алды дегенди билдирбейт. Буга карабай, биз ок атышууну токтотууну караган макулдашуунун кабыл алынышы үчүн аракет кыла беребиз", - деди Миллер 7-майдагы брифингде.

Ал эми Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 7-майда ХАМАСтын билдирүүсү алардын талаптарына жооп бербей турганын белгилеп, муну жөн гана Рафахтагы аскердик операцияга жолтоо болуу аракети катары мүнөздөдү. Ал эми Израилдин коргоо министри операция улантыларын билдирди.

ЖМК: АКШ Израилге бомба жеткирүүнү убактылуу токтотту

Ал арада АКШ Израилге курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтоткону кабарланды. Буга Вашингтондун ок-дарыны Израил армиясы Рафахтагы операциясы үчүн колдонушу мүмкүн деген кооптонуусу түрткү болду.

Бул тууралуу The New York Times, Associated Press жана Рейтер сыяктуу беделдүү басылмалар өз булактарына таянып жазышты. Маалыматка караганда, Вашингтон башка дагы курал-жабдыктарды жеткирүүнү токтотуу маселесин караштырууда. Ак үй менен Пентагон расмий комментарий бере элек.

Эгер маалымат ырасталса, бул Вашингтон 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулунан кийин Израилге толук колдоону убада кылгандан берки эң биринчи ушундай кадам болуп калат. Вашингтон Израилдин жакынкы союздашы жана курал-жабдык жеткирген негизги тарап катары саналат.

Анткен менен АКШнын бийлиги Израилди Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында аскердик операция баштоодон карманууга чакырып, болбосо ал жактагы миллиондон көп качкын кризиске кептелерин эскерткен.

Израилдин жогорку даражалуу расмий өкүлү “максатка жетүү үчүн кол менен болсо да согушууга даяр” экенин айтты.

Вашингтон ок атышууну токтотуу макулдашуусун кабыл болушунча аракет кылып келет. 8-майда Израилдин, ХАМАС радикал уюмунун, Катардын, Египеттин жана АКШнын өкүлдөрү Каирде сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына чогулушары маалымдалган. Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уилл Бернс андан ары Израилге барып, расмий адамдар менен жолугарын Рейтер өз булактарына таянып жазды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Газадагы палестиндер жана радикал уюмдун барымтасындагы туткундардын жана алардын жакындары көргөн запкыны токтотуу үчүн эки тарап мунасага келиши керектигин билдирди.

Газадагы согуштун башталышына ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрдагы Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алышкан.

Учурда Израил бийлигинин маалыматына караганда, хамасчылардын колунда 130дай киши бар. Алардын айрымдары набыт кеткен болушу мүмкүн. Израил ХАМАСты жок кылуу операциясын жарыялап, Газага абадан сокку уруп, аскерлерин киргизген. Жети айдан бери анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 34 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG