Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Леонардо Ди Каприо “Алтын глобусту” алды


Алехандро Иньярриту жана Леонардо Ди Каприо сыйлык тапшыруу аземинде. 11-январь.2016-ж.
Алехандро Иньярриту жана Леонардо Ди Каприо сыйлык тапшыруу аземинде. 11-январь.2016-ж.

Лос-Анжелесте Эл аралык кинопресса ассоциациясынын “Алтын глобус” сыйлыгын 73-жолу ыйгаруу салтанаты өттү.

Серепчилер “Алтын глобус” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына реалдуу талапкерлер катары баалап келет.

Ошентип, “Алтын глобустун” башкы сыйлыгын режиссер Алехандро Иньярритунун “Тирүү калган” (The Revenant) тасмасы жеңип алды. Тасмадагы башкы каармандын ролун аткарган Леонардо Ди Каприо "Мыкты актер" сыйлыгына татыды.

Коомчулукта, айрыкча, социалдык тармактарда Ди Каприого ушул мезгилге чейин "Оскар" сыйлыгы берилбей келгендиги тууралуу ар түрдүү тамашалар, макала-баяндар жарыяланып кеткен. Ошондуктан “Алтын глобустун” башкы сыйлыгын алган Ди Каприого Америкалык киноакадемия эми да болсо “арзыбаган” “Оскарын” берсе экен деп тилегендер оголе көп.

“Алтын глобус” (Golden Globe) 1944-жылдан бери жыл сайын ыйгарылып келет. Жеңүүчүлөрдү Голливудда катталган 55 мамлекеттин 90 пресса өкүлчүлүктөрү аныктайт.

Сыйлык 25 номинация боюнча берилет. Анын 14ү кино, 11и телеэкрандагы эмгектер үчүн ыйгарылат.

Төмөндө 2016-жылдын “алтын глобусчуларынын” тизмесин сунуштайбыз:

Мыкты режиссер: Алехандро Гонсалес Иньярриту "Тирүү калган" (The Revenant) .

Мыкты драмалык тасма: "Тирүү калган" (The Revenant).

Драмалык тасмадагы мыкты актер: Леонардо Ди Каприо "Тирүү калган" (The Revenant).

Драмалык тасмадагы мыкты актриса": Бри Ларсон ("Бөлмө").

Мыкты актриса Бри Ларсон
Мыкты актриса Бри Ларсон

Мыкты комедиалык тасма: "Марс тургуну" (The Martian).

Мыкты чет элдик тасма: "Саулдун уулу".

Мыкты сценарий: "Стив Жобс".

Мыкты сериал (драма): "Робот мырза" (Mr. Robot).

Мыкты анимациялык тасма: "Баш катырма" (Inside Out).

Тасма үчүн мыкты оригиналдуу ыр: Сэм Смит - "Спектр" (Writing's On The Wall).

Ал эми Сесила Де Милля атындагы ардактуу сыйлыкты актер Дензел Вашингтон алды.

“Алтын глобусту” алгач ирет алып жаткандардан Сильвестр Сталонэ “Крид” тасмасы үчүн, ал эми ырчы Леди Гага "Отель: америкалык коркунучтар таржымалы" аттуу кыска сериалдагы ролу үчүн сыйланды.

Леди Гага сыйлыгы менен
Леди Гага сыйлыгы менен

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG