Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Эмдөөдөн баш тарткандар арбыды


Кыргызстанда жылына жаңы төрөлгөн 147 миңдей наристе эмделет.
Кыргызстанда жылына жаңы төрөлгөн 147 миңдей наристе эмделет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 24-апрелден 30-апрелге чейин дүйнөлүк эмдөө аптасын өткөрүп, вакциналар менен адамдын саламаттыгын коргоого багытталган “Жашоодон артта калбаңыз!” акциясы жүрүүдө.

Иммунизация, же жугуштуу ооруларга каршы балдарды эмдөө жылына ич өткөк, көк жөтөл, шал сыяктуу илдеттерден 2-3 миллион баланын өмүрүн сактап калууда. Эмдөө адамдардын майып болуп калуусунун алдын алып, балдар өлүмүнүн санын азайткан эң күчтүү социалдык жана медициналык курал болууда. Ошентсе да жакыр өлкөлөрдө эмделбей калган балдар дале бар. Маселен Индонезия, Нигерия жана Индияда 2012-жылы 22, 6 миллиондон ашуун эмчектеги ымыркай жугуштуу илдеттерге каршы эмделбей калган. Пакистан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдө диний көз караштардан улам балдарын иммунизациялаткандан баш тарткандар, ал тургай эл аралык эмдөөчү медкызматкерлерди кубалаган окуялар арбын катталууда.

Кыргызстанда да акыркы мезгилде диний көз караштардан жана интернеттеги эмдөөгө каршы айтылган ар кандай пикирлерден улам балдарына вакцина сайдырбагандар кездешип жатат. Бишкектеги жаңы конуштарды тейлеген 14-бейтапкананын педиатр-врачы Айнура Аманбаева да өз тажрыйбасында мындай окуялар кездешкенин айтып берди:

- Бизде бул жакта 1 жашка чейинки балдар 310 бала болсо, алардын 20-30дайы албай жатат. Бирок жыл өткөн сайын диний көз караштардан улам вакцинадан баш тарткандар көбөйүүдө. Алар интернеттен бир нерселерди окуп алышат. Анан өткөндө бирөө келиптир, бул вакциналарга чочконун бир нерсеси кошулуп жасалат экен деп. Биз айттык, чочко кошулбай эле канча жылдан бери сайылып келатат, кой антпей алгыла дедик. Бир ирээт бирөө эмдеткенден таптакыр баш тартып коюп, баласы көк жөтөл болуп ооруп калды, ал бешке чыгып калган экен. Анан мурдатан албаган бардык вакциналарын кайра алайын деп чуркап келбедиби.

Вакциналатуудан баш тарткан окуялар Баткенде да катталып жатканын облустун башкы иммунологу Гүлмира Козубаева да ырастады:

- Диний көз караштардан улам эмдөөлөрдөн баш тарткандар бизде да катталууда. Бирок аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошентсе да Кудай берген баланы Кудай сактап алат дешип эмдеттүүдөн баш тартышууда.

Муфтият, же жергиликтүү дин өкүлдөрү менен медициналык кызматкерлер калкка биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзсө мындай окуялардын алдын алууга болот. Ал тургай диний дааватчыларга да иммунизациянын маанисин түшүндүрүп, даават аркылуу элди балдарын эмдетүүгө чакырса болот дешет медиктер.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, диний көз караштардан улам балдарын эмдетпеген үй-бүлөлөрдүн саны 3 миңден ашты. Мындайлар Нарында да кездешет. Бирок жергиликтүү саламаттык сакчылары аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, вакцинаны убагында алууга үндөөдө дейт Нарын облустунун башкы иммунологу Гуля Дуулатова:

- Бизде да катталып жатат. 2013-жылы апрель айында биздин кызматкерлер дин өкүлдөрү менен атайын түшүндүрүүчү тегерек үстөл өткөрүп, эмдөөнүн башкы максаттарын, маанисин айтып, баш тарткандарды кайра чакырып, балдарын эмдеп алдык. Мындан тышкары ажылык сапар үчүн атуулдарыбыз да атайын эмделиши керек эмеспи, ушуну да биз пайдаланып, элди балдарын эмдетүүгө үндөп жатабыз.

Акыркы мезгилде ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү азаюуда. Буга жеке эле дарыгерлердин өз убагында наристелерге эмдөө жүргүзүп, атайын улуттук программалардын ишке ашып жатканы эмес, акыркы мезгилде кыргыз жаштарынын билиминин артканы себеп болууда дешет адистер.

Ал эми чарчап калгандардын арасында вакцина алуу учурунда же вакцина алгандан кийин жугуштуу оорулардан улам көз жумгандар дээрлик жокко эсе экенин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов айтты:

- Негизинен кайтыш болгон балдардын арасында биз эмдөө жүргүзгөн оорулардан улам же вакцинанын терс таасири тийип көз жумгандар жок. Кудайга шүгүр, эмделген бардык атуулдарыбыздын жугуштуу илдеттерге каршы иммунитети бар деп толук ишенимдүү айта алам. Акыркы 15 жылдын ичинде дифтерия, полиомелит, кызамык, дифтериядан өлгөн, кайтыш болгон адамдар жок. Бул эмдөөлөр абдан жакшы жардам берип жатат.

56 жашка чейинки 1 миллион 800 миң адам жылына ар кандай илдеттерге каршы өлкөбүздө кезек-кезеги менен эмделип турат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык донорлор вакциналарды Кыргызстанга акысыз берет. Бирок сасык тумоого каршы эмдөөнү медкызматкерлер гана акысыз алып, калган эл өз чөнтөгүнөн төлөп, менчик бейтапканалардан алса болот. Азыркы учурда менингит менен пневмониянын бактериясы, гепатит, папиллома вирусу, кызамык, кызылча, А формасындагы менингит, кептер же инфекциялык паротит, пневмококктук инфекциялар, шал, ич өткөк, безгек ооруларына каршы пландалган эмдөөлөр жүргүзүлөт.

Мындан тышкары тропикалык өлкөлөргө саякаттаганы, иштегени же жашаганы баргандарга да атайын эмдөөлөр жүргүзүлөт. Эмдөөнүн баланын, же чоң адамдын саламаттыгына оор залакасы жок экенин, тескерисинче жашоонун узактыгын камсыз кылып жатканын адистер тынбай айтып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылга чейин жогоруда аты айтылган ооруларды 100 процент жеңүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG