Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:52

Футбол: Кыргызстан алгачкы жолу Азия кубогунда ойнойт


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы кыргыз футболунун тарыхында алгачкы жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноого мүмкүнчүлүк алды.

2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарында 22-мартта кыргыз футболчулары Мьянма командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун 1-таймында 2:0 эсебинде кыргыз футболчулары алдыга чыккан. 2-таймда үч голду Кыргызстандын футболчулары атаандаш дарбазасына узатса, мьянмалыктар бир гол менен жооп кайтарды.

Кыргызстанга тиешелүү голдорду Ислам Шамшиев (2-мүнөт), Антон Землянухин (5-мүнөт, 63-мүнөт), Виталий Люкс (74-мүнөт) жана Бекжан Сагынбаев (87-мүнөт) киргизди.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков оюндан алган таасирлери тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Абдан кубанычтабыз. Бизди колдоп сүрөөнгө алган ар бир күйөрманга ыраазыбыз. Былтыр Мьянма менен конокто ойногондо 2:2 эсебинде тең чыгып, оюн оор өткөн. Аба ырайынын шартына көнө албай кыйынчылык болгон. Түштүк Кореяда ойногондо аба ырайы Кыргызстандагыдай болду. Беттешке даярдык көрүү үчүн машыгууларды көп өткөргөнбүз. Оюн биз даярдангандай өттү. Бул абдан маанилүү оюн эле. Эгер бул оюнда утулсак Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калмакпыз. Жеңишке жеткенибизге кубанычтабыз. Чоң тажрыйба топтодук. Бизге гол киргизип, бирок, гол өткөрбөө тапшырмасы коюлган эле. Тилекке каршы бир аз катачылыкка жол берип, 4:0 эсебинде утуп келе жатканда атаандаштын бир голу дарбазабызга кирип кетти. Негизги максат жеңишке жетүү эле. Машыктыруучубуз койгон талаптардын бардыгын аткардык деп ойлойм. Ошол себептен машыгууларды дагы жогорку деңгээлде өткөрүп, жеңишке жетүү үчүн колдон келишинче аракет кылдык.

Аталган беттешке 23 оюнчудан турган Кыргызстандын командасы даярдык көрдү. Команданын мыкты коргоочуларынын бири Виктор Майер Германияда өзү ойногон клубдун беттештеринин биринде тизесинен оор жаракат алып, машыгууга кошулбай калды. Анын ордун бул беттеште “Дордой” футболдук клубунун оюнчусу Авазбек Откеев алмаштырды.

"Инчхон" стадиону 20890 көрүүчүгө ылайыкталган. Беттешти көрүү үчүн эки команданын тең күйөрмандары келишкен. Кыргызстандык күйөрмандардын арасында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан дагы болду. Элчи оюн учурунда тартылган сүрөттү "Фейсбуктагы" баракчасына бөлүштү.

​Учурда Кореяда билим алган кыргызстандык студент Нурсултан Алтыбаев кыргыз футболчуларын колдоо үчүн Түштүк Кореянын аймактарынан 100гө жакын журтташтар келгенин айтып берди:

- Футбол биз күткөндөн дагы аябай кызыктуу болду. Биздин команда аябай жакшы даярданган окшойт. Түштүк Кореяда 30 миңге жакын мьянмалык бар. Ал эми кыргызстандыктар беш миңге жакын. Жолдун алыстыгына карабай Инчхон шаарына беш саат алыс аймактардан 100гө жакын мекендешибиз келди. Иш күнү болуп калгандыктан көбү дагы бара албай калышты. Ошондой болсо дагы футбол күйөрмандары стадионду жаңыртып, футболчуларды колдоп, сүрөп келдик. Эгер биздин колдообуз аларга шык берип жеңишке жетишкен болсо, алардын жеңиши менен биз кубанып, үйгө кайтып отурабыз. "Инчхон" стадионуна кыргызстандык күйөрмандарды чогултуу үчүн Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин, диаспоралардын, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер социалдык тармактар аркылуу мекендештерге маалымат таратышкан. Оюндан кийин биз футболчулар менен маектешип, сүрөткө түшүп жеңиштери менен куттуктадык.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Дэниел Тэго кыргызстандык күйөрмандар менен. Түштүк Кореяда билим алган студент Нурсултан Алтыбаев солдон оңго карай биринчи. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Дэниел Тэго кыргызстандык күйөрмандар менен. Түштүк Кореяда билим алган студент Нурсултан Алтыбаев солдон оңго карай биринчи. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмованын айтымында, бүгүнкү жеңиш кыргыз футболунун тарыхында алгачкы жолу бул турнирдин финалдык бөлүгүндө ойноого шарт түздү:

- Бул - футболчулар, федерация өкүлдөрү үчүн гана эмес бүтүндөй өлкөнүн, бизге жан тарткан бардык күйөрмандын жеңиши. Бул - биздин өлкөнүн чоң жеңиши. Кыргыз футболунун тарыхында буга чейин Кыргызстан Азия кубогунун же Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө ойногон эмес. Ошондуктан бул тарыхый жана маанилүү учур.

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Мьянманын командалары 2017-жылдын 4-сентябрында Бишкекте беттешмек. Оюн коопсуздук маселесинен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган. Буга Мьянмадагы диний негизде деп айтылган жаңжал себеп болгон.

Азиянын футбол конфедерациясы эки өлкөнүн командаларынын болбой калган беттешин «Инчхон» стадионунда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Тиешелүү чечимди ырастаган кат 12-февралда федерацияга келген. Конфедерациянын дисциплинардык комитетинин чечимине ылайык, стадиондун ижара акысын, оюнду уюштуруу иштерин, эки команданын жол киресин жана жатаканасын, беттешти түз алып көрсөтүүнү, Кыргызстандын Футбол федерациясы көтөрдү. Федерациянын маалымат катчысы Наталья Угрюмова бул үчүн федерация тарабынан канча каражат сарпталганы азырынча так белгилүү боло электигин белгиледи.

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-раунду 2017-жылы 28-мартта башталган. Кыргызстан «А» тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер ушул жылдын 27-мартында аяктайт.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары күйөрмандар менен. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Түштүк Корея.

2019-жылы боло турган Азия кубогунун 3-раундундагы тандоо оюндарында Кыргызстан жалпысынан беш беттеш өткөрдү.

Алгач 1-айлампадагы беттеш 2017-жылдын 28-мартында Бишкекте болуп, бул күнү Кыргызстандын командасы макаолук оюнчуларды 1:0 эсебинде утту.

Экинчи беттешинде ошол эле жылы 13-июнда Индияда конокто ойношту. Бул күнү талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Үчүнчү оюн 2017-жылдын 10-октябрында Мьянмада өтүп, бул күнү эки команда 2:2 эсебинде тең чыкты. Андан соң 14-ноябрда Кыргызстан Макаодо конокто ойноп, 3:4 эсебинде жеңишке жетти. Жогоруда атап өткөндөй 2017-жылдын 5-сентябрына белгиленген оюн бүгүн, 22-мартта өтүп жыйынтыгында 5:1 эсебинде Кыргызстандын командасы жеңишти камсыздады.

Ошентип беш оюндан кийин Кыргызстан өз тайпасында 10 упай менен экинчи катарда. 13 упай менен Индиянын курама командасы көч башында келе жатат. Мьянмалыктарда беш упай бар. Макаодо упай жок. Бул көрсөткүч кыргыз командасы үчүн Азия чемпионаты деп да аталган төрт жылда бир өтө турган Азия кубогунун финалдык беттешине чыгууга шарт түздү.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккандыгын тастыктаган билдирүү.

Алдыда 27-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Индия командалары тандоо оюндарындагы акыркы беттешин өткөрөт. Бул күнү Мьянма өз жеринде Макао командасын кабыл алат.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алат. 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.

Эми кыргыз футболчулары тайпадан 1-орун менен чыгууну максат кылышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG