Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Жаңы Ак үйдүн курулушу: 16 гектар жер кайдан берилет?


Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун баштоо учурунда. 15-апрель, 2022-жыл.
Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун баштоо учурунда. 15-апрель, 2022-жыл.

Президенттин иш башкармалыгы жаңы Ак үйдү "TS Group" компаниясы курарын бышыктады, бирок анын ордуна берилчү 16 гектар жердин дарегин дагы эле ачык айта элек.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөн аптанын аягында Бишкекте мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулганы жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышкан.

Кийинчерээк жаңы Ак үйдү кыргызстандык компания курарын, анын ордуна шаардан 16 гектар жер берилип жатканын жарыялаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта чоң талаш-талкуу жаратты.

Дүйшөмбүдө, 18-апрелде президенттин иш башкармалыгы жаңы салына баштаган Ак үй тууралуу учкай билдирүү таратты. Анда бул имаратты "TS Group" атамекендик компаниясы курары жазылган. Ошондой эле ордуна берилгени жаткан жердин баасы бычылып жатканы белгиленген.

"Азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 гектар аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө. Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт. Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин администрациясы шаардын кайсыл бөлүгүнөн 16 гектар жер берилип жатканын дагы деле тактай элек.

Айрым басылмалар президенттин иш башкармалыгынынын өкүлү Марат Турсунбековго шилтеме кылып, бул жер шаардын түштүк тарабында экенин жазышты.

Социалдык тармактарда болсо 16 гектар жер "Ынтымак" сейил багынын маңдайында, Масалиев көчөсүндө жайгашканы тууралуу маалыматтар чыкты. Мурдагы бийликтердин тушунда бул жерге стадион, спорттук жайлар курулат деген сөздөр болгон.

Өткөн аптанын аягында Садыр Жапаров Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулуп жаткан имараттын пайдубалын түптөө иш-чарасына катышкан. Бул курулуш айрыкча соцтармакта талкуу жараткандан кийин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сын-дооматтарга жооп берген. Анда мамлекеттин каражаты кетпейт деп ишендиргенге аракет кылган.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот", - деген Садыр Жапаров.

Талдоочу Айданбек Акмат уулунун баамында, 16 гектар жердин берилиши бүдөмүк, күдүк ойлорду күчөттү. Ал сөз болуп жаткан жердин баасына көңүл бурду:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

"Ошол жер "менчикке өтүп кетиши мүмкүн эле, андай эле, мындай эле" деген сөздөр өзүнө ишенкиребеген адамдардын сөзүндөй болуп жатат. Ал жердин баасы жогору, кымбат тилке. Экологиялык жактан таза деп эсептелет. Ошол кымбат жерди алуу үчүн, ошол максатта гана Ысык-Көл мейманканасы талкаланып, анын ордуна ушундай имарат курулат деген айла болгонбу деген ой келип жатат. Масалиев көчөсү деп жатышат, магистрал деп аталган жердин үстүндө бош аянттар бар. Ошол жерге стадион курулат дегендей дагы сөз болгон. Айрым укук коргоочулар ал жердин баасын 100 миллион доллардан ашык деп баалап жатат. Мейли, президенттин сарайы 10-20 милилон долларга курулсун, ага алмаштырган жердин баасы эселеп көп болуп жатпайбы".

Жарандык активист Рита Карасартова бийлик кыйчалыш учурда, күмөндүү жагдайда курулуш баштаганын айтып сынга алды.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Дүйнө жүзүндө мамлекет бир нерсе сатып алып жатканда сынак жарыялап, тендер уюштурат. Ал эми бир нерсени сатып жатканда аукцион уюштуруп, ким көп берсе ошого сатат. Ушундай ыкмалар бар. Бюджеттен акча кетпейт деген шылтоо кичинекей балдарды алдагандай эле нерсе. Дүйнө өзгөрүп жатат, аалам өзгөрүп жатат. Согуш жүрүп жатат. Санкциянан айынан канчалаган мигранттарыбыз жумушсуз калып, кайра кайтып келгени жатат. Кыргызстан дүйнөлүк айдыңда кандай орунда ээлейт, ким болобуз деген суроого жооп издегендин оордуна "четтен кишилер келсе уят экен" деген нерсе Садыр Нуркожовичтин бала чактагы ойлору го. Азыр мурдагыдай "Усубалиев бул имаратты, тигил имаратты салды" дегендей мактанбайт. Балким анын жанындагы кеңешчилери "сиз кеткенден кийин ушул имаратты курду деген ат сизге калат" деп айтып жатса керек. Азыр заман андай эмес. Азыр эмне жаңылык алып келди, кантип алдыга сүрөдү, күч-кубаттуу болуп, алдыга жыла алдыкпы,улут катары калыптандыкпы деген маселе маанилүү".

Жаңы Ак үйдү куруп жаткан компаниянын сайтында ишкана 2014-жылы түзүлгөнү, бул убакыт аралыгында Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын ири заводдорунан өнөктөштөрдү тапканы жазылган.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “ТС Групп Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси Алмаз Тиленов экени көрсөтүлгөн. Osoo.kg порталында компания 2021-жылы 2 млн. 700 миң сом, быйыл 268 миң сом салык төккөнү белгиленген.

Тиленов ал башкарган ишкана курулуш иштерине тартылганын “Азаттыкка” ырастап, инвесторлор тууралуу суроого учкай гана жооп берген.

“Маалыматтарды азырынча сизге айта албайм. Казакстандан инвесторлор келип, макулдугун берип, биз менен келишим түздү. Андан башка маалымат бере албайм”, - деген Тиленов.

Деген менен президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жаңы Ак үйдү курууга байланыштуу жагдайды мамлекет менен жеке ишкерликтин өнөктөштүгү катары сыпаттады.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Президенттик администрациясы, Министрлер кабинети, анын аппараты отурган жер резиденцияга жакынырак болсо шаардын логистикасына деле жаман болмок эмес. Жерди алмаштырууну деле мамлекет менен жеке ишкерликтин өнөктөштүгү деп түшүндүм. Бул жакшы эле ыкма. Мамлекет убакыт жактан дагы утуп жатат. Ошол жердин баасы базар баасына ылайык көбөйүп кетсе, анда курулуш компанияга дагы бир шарттарды коюш керек. Ал жерге негизинен турак жай салынат окшойт. Мүмкүн ошол турак жайдын 10% мэрияга береби. Социалдык жактан муктаж адамдарга, майыптарга, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине берилеби балким. Экинчи нерсе, ошол 16 гектар жерде социалдык объекттер үчүн дагы, бала бакчага, спорт аянтчаларына дагы атайын тилкелер калышы керек. Эгер ушул эки шарт болсо анда бул жакшы эле ыкма болот. Тендер жарыялап, ошол 16 гектар жерди бирөө сатып алса деле болмок, бирок анда убакыттан уттурмакпыз, экинчиден ушул эле жыйынтык болмок. Мындай жаңы административдик имараттын керек экени шексиз. Кошуна эле мамлекеттерди карасак архитектуралык жагынан дагы, жайгашкан жеринен дагы дагы жакшы имараттары бар. Бул дагы мамлекеттин жүзү да. Азыр эми мектеп, бала бакча салса болмок деп жатабыз. Бирок алар мамлекеттин бюджетинен деле салынып жатпайбы. Буга байланыштуу чоң пландар бар. Мисалы, Бишкек шаарында эле 15 мектеп, бир бала бакча салынат деп айтылбадыбы".

Эмнеси болсо дагы президенттин администрациясын куруп, анын ордуна гектарлаган жер алып жаткан компания көп суроо, талкуу жаратты. Талдоочу Руслан Акматбектин пикиринде, өлкөдө аты анча белгисиз компаниянын кантип тандалганы белгисиз.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

"Бийликтин бул иш-аракети, чечими коомчулукта көп суроо жаратты. Аябай кейиштүү жагы - кайсы бир нерселер ачыкка чыгып калгандан кийин гана бийлик ага жооп берип жатпайбы. Демократиялуу, укук иштеген өлкөлөрдө эгер ушундай имараттарды атамекендик компаниялар кура турган болсо анда ачык сынак жарыяланат. Эгер сынак уюштурулбаса анда ошол компанияна тандаган принциптер көрсөтүлүшү керек болчу. Ийгиликтүү болгону үчүн, деп көп салык төлөп, көп жумушчу орун түзгөнү үчүн, же тажрыйбасы мол болгону үчүн ушул компанияга берилди деп айтылышы керек эле. Бул нерсе капысынан ачыкка чыгып калып, президент 16 гектар жер тууралуу айтып алды окшойт. Ошол ачыкка чыккандан кийин жер кимге берилет, эмнеге берилет деген суроолор чыга баштады. Булар ал жердин баасын бычппай эле берип жиберишкен. Азыр эми түшүндүрүп атышат, эгер ашып кете турган болсо кошумча милдеттемелер берилет деп жатышат. Бул эми акылга сыйбаган иш. Долбоор дегенде мындай нерселер алдын ала такталып, аныкталып бүткөндөн кийин гана чечим кабыл алынат. Бул нерсе тааныш-билиш президенттин деңгээлине чыкканынан кабар бергендей. Эгерде мындай долбоорлор салык төлөгөн, аты чыккан, тажрыйбасы мол атамекендик компанияларга берилсе, бул андай компаниялар үчүн деле стимул, жакшы өрнөк болмок. алар биздин ишибиз бааланат экен деп калышмак."


Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы былтыр жыл аягында бузула баштаган. Бул иштер үчүн ушул күнгө чейин бюджеттен тогуз миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталганы белгилүү болду.

Президенттин Иш башкармалык мейманкананы бузган себебин көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга кетелгени менен негиздеген. Бирок конок үйүнүн бузулушу айрым саясатчылар менен жарандардын сынына кабылган. Бузулган сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG