Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Рахат Алиев Шерлок Холмстун үйүн алганбы?


Рахат Алиев
Рахат Алиев

Антикоррупциялык Global Witness уюмунун изилдөөсүндө Рахат Алиев Шерлок Холмс "турган үйдүн" ээси болушу мүмкүн экени айтылат.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, февраль айында Венада абакта жатып, табышмактуу жагдайда асынып өлгөн Рахат Алиев Лондондогу англис жазуучусу Артур Конан Дойлдун китебиндеги кейипкер Шерлок Холмс "турган үйдүн" ээси болушу мүмкүн. Бул тууралуу антикоррупциялык Global Witness уюмунун изилдөөсүндө айтылат.

Global Witness уюмунун маалыматына караганда, Рахат Алиев Лондондогу жалпы байлыгы 230 миллион АКШ долларына жеткен адам менен жакын мамиле түзгөн болуусу мүмкүн. Рахат Алиев менен байланышы бар делген оффшордук компаниялар ээлик кылган объекттердин катарында аталган үй-музейден тышкары, “Битлз” тобуна жана ырчы Элвис Преслиге арналган Лондондун тарыхый району – Гайд парктагы үйлөр жана дүкөндөр бар.

Акыркы эки жылда үй-музейлерге Рахат Алиев менен түздөн-түз катышы бар британиялык төрт компания ээлик кылган. Global Witness кабарлагандай, бул компаниялардын бири Рахат Алиевдин уулу жетектеген швейцариялык компания менен байланышта. Калган экөөнү жетектеген адамдар да Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы менен катышы бар. "Бирок өз кезегинде аталган адамдар үй-мүлктөрдүн ээси Рахат Алиев деген сөздөрдү четке кагууда" деп жазат Financial Times гезити.

Global Witness уюму бул имараттардын акыркы мураскорун таба алышкан эмес. Үйлөргө менчик укугу бир канча компанияга таандык экенин аныкташкан. Ал компанияларды болсо, негизги оффшордук аймак - Британиянын Виргин аралдарына катталган юридикалык тараптар көзөмөлдөйт.

Англис жазуучусу Артур Конан Дойлдун из кубар каарманы Шерлок Холмс ойдон чыгарылган "Бейкер-стрит 221б” деген даректе жашаган. Холмстун үй-музейи "221b Ltd" деген аталыш менен катталган. Үйдүн боорунда да "Байкер-стрит 221б" деп жазылып турат. Бирок бул үйдүн Лондондогу чыныгы катталган дареги - Бейкер-стрит 239.

Рахат Алиев Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын мурунку күйөөсү, Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси болгон. Бирок кийинчерээк ал Назарбаев режиминин башкы сынчысына айланган.

2008-жылы Алматы шаардык соту генерал-майор Рахат Алиевди кылмыштуу топ түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп таап, сыртынан 40 жылга абакка кескен.

Рахат Алиев 2009-жылы мурдагы кайнатасы Нурсултан Назарбаевди 1930-жылдардагы Америкада белгилүү үй-бүлөлүк мафиячыл топтордун башчысына салыштырып жана анын жашыруун иштерин ашкерелеген “Атаман кайын ата” деп аталган көлөмдүү китепти орус жана немис тилдеринде чыгарган.

Быйыл 24-февралда Алиевдин өлүгү Австриянын Йозефштадт түрмөсүндөгү бир кишилик камерада жаткан жеринен табылган. Алдын ала маалыматтарда ал өз жанын кыйган болушу мүмкүн деп айтылган, бирок анын табышмактуу өлүмү боюнча суроолор арбын. Алынган анализдер анын организминде барбитурат дарысы табылганын көрсөткөн. Ага чейин Алиев жактан түрмөдөгү башка туткундар аны шантаж кылып, өлтүрөбүз деген коркутушканы айтылган.

XS
SM
MD
LG