Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Атамбаев араб инвестициясына үмүт артат


Атамбаев Сауд Арабиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда. 4-декабрь, Эр-Рияд.
Атамбаев Сауд Арабиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда. 4-декабрь, Эр-Рияд.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясынын Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар мамлекетине болгон расмий сапары аяктады.

Өлкө башчысынын сегиз күндүк сапарында конкреттүү кандай келишимдерге кол коюлду?

Атамбаев: жемиштүү кайтып баратам

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар мамлекетине болгон расмий сапары өзү күткөндөн да ийгиликтүү болгонун айтууда.

- Бул сапар мен күткөндөн да көбүрөөк натыйжа берди. Мисалы, Араб Эмираттары менен төрт келишим болмок, бул жактан сегиз келишимге кол койдук. Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен да жолугуштум, биз алардан түрдүү долбоорлор үчүн 1 млрд. 200 миң АКШ долларын сурап жатабыз. "Сиздин сапарыңыздан кийин ушул долбоорлорду колдоп берүүнү карайбыз" деди. Буюрса, Кыргызстанга ири инвестиция келет деген үмүт менен кайтып баратам. Мунун натыйжасын өзүм көзөмөлдөйм, долбоорлорду таштап койбош керек. Буюрса үч жылдык мөөнөтүм калды, ушул убакыт ичинде көп нерсе жасап калганга жан үрөйм.

Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид ал-Нахайян менен жолугушууда. 4-декабрь, 2014-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид ал-Нахайян менен жолугушууда. 4-декабрь, 2014-жыл

Президент Атамбаев менен Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Ахмад Мохамед Али ал-Мадани менен Меке шаарында жолугушуп, анда Кыргызстандын алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган беш мобилдүү клиниканы акысыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоордун баасы болжол менен 10 млн. доллар турат. Сапардын дагы бир жаңылыгы: Араб Эмираттарында жана Катарда кыргыз элчилиги ачылмай болду. Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев элчиликтин ачылышы ири инвестиция тартууга шарт түзөт деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Статистикага көңүл бурсак, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 260 миллиондон ашуун АКШ долларын түздү. Быйылкы тогуз айда болсо 229 миллион доллар болду. Анын ичинен 80% Кыргызстан экспорт кылат. Бирок мен бул жактан импорт аз дегенге ишене бербейм. Анткени бул жактан электроника, оргтехника, мобилдик телефондор жиберилет, анын баары бажы бекеттеринен канчалык таза өтүп жатканын билбейбиз. Кыргызстандан болсо тамак-аш азыктары, алтын келет. Жакынкы Чыгыш боюнча Кыргызстан дал ушул Араб Эмираттары менен гана өтө жигердүү соода алакада болуп келатат. Кыргызстанга түз аба каттамдары бар, мунун баары биз Араб Эмираттары менен тыгыз иштешишибиз керектигин билдирет.

Кыргызстан - Араб Эмираттары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Келишимдер түзүлдү, натыйжа болобу?

Кыргыз делегациясынын Катарга жана Эмираттарга болгон сапары учурунда сегизден келишимге кол коюлду. Анын ичинде инвестицияны коргоо, кош стандарттуу салыкты жоюу жана экономикалык кызматташтык боюнча келишимдер, укуктук кызматташуу, тагыраак айтканда кылмыштуулук менен күрөшүү, Эмираттарда башкалкалап жүргөн кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүн экстрадициялоо келишимдери болду. "Кыргыз клаб" уюмунун Эмираттардагы жетекчиси Марс Орозов мындан ары кыргыз өкмөтү келишимдерди ишке ашырууга жан үрөп, ошол эле убакта айрым Араб өлкөлөрүнүн өнүгүү моделинен үлгү алса болоорун айтты:

- Туризм жаатында булардын тажрыйбасы абдан чоң, ошону биз да колдонушубуз керек. Үй куруу, инфраструктура, финансы, айтор тажрыйба алчу нерселер көп. Кыргызстанга азыр өнүгүш үчүн технология, анан тажрыйба керек. Карап көрөлү, Эмират өзү Британиянын, Гонконгдун модели менен өнүктү.

Орозов: Эмираттан үйрөнө турганыбыз көп
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Айтор кыргыз президентинин бул сапарында эки өлкөдө элчилик ачуу чечими, инвестициялык фонд түзүү, Бишкек менен Доханын достук кызматташтыгы боюнча келишим, ошондой эле инвестицияны коргоо жана жана соода алаканы күчөтүү боюнча макулдашуулар сапардын өзөгүн түздү. Президент кол коюлган бардык документтерди өкмөткө тапшыргандан сырткары, инвесторлордун ишенимине толук кирүү үчүн өзүм көзөмөлгө алам деп ишендирүүдө.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG