Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Жаңы мэрдин жашыруун сыры шардана болду


Нарын шаары. 2014-жыл.
Нарын шаары. 2014-жыл.

Нарын шаарынын башчысы болуп жаңы шайланган Рахат Адиев мэрлик үчүн талап кылынган иш тажрыйбаны толтуруу үчүн эмгек китепчесин оңдоткону ашкере болду.

Бул иш жергиликтүү активисттердин шаардык шайлоо комиссиясына, прокуратурага жазган арызынан кийин ашкере болду.

Маалыматка ылайык, Рахат Адиев эмгек китепчесине тогуз жыл дыйкан чарбасынын жетекчиси болгон деп жаздырып алган, бирок иш жүзүндө ал бул аралыкта жеке ишкерлик менен гана алектенгени маалым болгон.

Шаардык прокуратура жаңы мэрдин документтериндеги мыйзам бузууларды аныктап, 8-сентябрда өткөн шайлоонун чечимин жокко чыгаруу сунушун Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү.

Прокуратуранын сунушу учурда Борбордук шайлоо комиссиясында каралууда. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынмакчы.

Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Асылкан Акитаева:

- Рахат Адиевдин Нарын шаарынын мэри болуп шайланышы жана анын документтериндеги мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы бул ишти карап жатат. Эми БШК кандай чечет ошого жараша иш алып барабыз.

Жаңы шайланган мэр Рахат Адиев бул маселе боюнча кийинчерээк комментарий берээрин билдирди:

- Азыркы мезгилде текшерип жатышат, баарын мыйзам чегинде кароо керек. Ошол териштирүүнүн жыйынтыгы аяктаган соң баары билинет. Анан ошондо жооп бере алам.

"Республика" партиясынан Нарын шаардык кеңештин депутаты Улан Жаанбаев калаа башчылыгына шайлоо таза өткөн эмес деген пикирин билдирет:

- Башынан эле билинген мындай мыйзамсыз иштер. Бирок биз кийлигише албайт экенбиз да. Анан дагы шайлоо убагында бир топ мыйзам бузуулар болду. Маселен, башка кызматка кеткен депутаттардын ордуна келгендер дагы мандат албай добуш беришти.

Ал эми Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев мэр шайлоодо мыйзам бузуулар болгон эмес дейт:

- Сатылды, анан тигиндей деген сөздөргө кошула албайм. Депутаттар чечкен жок, ар бир фракция өз талапкерин алып чыкты. Эми ар кандай үгүт иштеринде бирөөнүн тууган-таанышы болуп, эки жакка кеткендер болду.

Мыйзам боюнча жогорку билимдүү, мамлекеттик, муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар. Билим берүү, саламаттык сактоо, мамлекеттик мекемелеринде жана жеке менчик чарбаларында жетекчилик кызматтарда беш жылдан кем эмес иштеген Кыргызстандын жараны шаар мэри боло алат.

8-сентябрда Нарын шаарынын мэрине шайлоо өткөн. Анда беш талапкердин ичинен Рахат Адиев жеңип чыккан. Буга чейин Адиев шаардык кеңештин депутаты жана жеке ишкер катары таанымал эле.

2010-жылдагы Апрель окуясынын тушунда мэр болуп турган Алмаз Кулматовду жергиликтүү жаштар каршы чыгып кызматтан кетирген эле. Андан кийинки мэр Баатырбек Жээналиевге дагы депутаттар каршы чыгып, мөөнөтү бүтө электе өз арызы менен кеткен.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG