Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

АКШ элчилигинин машинеси үч унааны сүзүп кетти


Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири.

Бишкекте АКШ элчилигине тиешелүү автоунаа ири жол кырсыгына себепкер болгону айтылууда.

Жол коопсуздугу башкармалыгынын билдиришинче, бул жол кырсыгынан бир адам жеңил жараат алып, 4 машина жабыркаган. АКШ элчилиги өзү да бул жол кырсыгы боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын айтууда.

Жол кырсыгына себепкер унаа кетип калган

5-ноябрда кечки саат алтыдан өткөндө Бишкектин 4-кичи районунда жол кырсыгы катталды. Ага Болот Юнусалиев көчөсү менен бараткан дипломаттык номурлуу (D 02 089) “Форд” машинеси себепкер болгон.

Бишкек шаардык Жол коопсуздугу башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторовдун айтымында, ал жанаша бир багытта бараткан эки, ал эми карама-каршы келаткан бир машинаны сүзгөн.

- Өзү менен бир багытта бараткан эки жеңил машина, каршысында келаткан бир “Мерседес” кичи автоунаасы менен кагышкан. Андан соң жол кырсыгы болгон жерден кетип калган.

Күбөлөрдүн жазышынча, жол кырсыгына дипломаттык номурлуу айдоочунун машина тыгынына тургусу келбей, каршы тилкеге чыкканы себеп болгон экен. Чөнтөк телефондун камерасына тартылган айдоочунун аракети интернетке жарыяланып, ал социалдык түйүндөрдө нааразычылык жаратты. Анда айдоочу жол кырсыгы болгон жерге келген МАИ кызматкерлерине баш ийбей, опуртал кырдаал жаратып, машинасын айдап качканы түшүрүлгөн. Анда да бир унааны сүзүп өткөнүн көрүүгө болот.

Жол коопсуздугу башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов бул кырсык боюнча документтер тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөнүн айтат:

- Азыр тергөө жүрүп жатат. Кылмыш иши козголор-козголбосун тергөө бөлүмү чечет.

Ал аралыкта аталган унаа АКШнын Кыргызстандагы элчилигине таандык кызматтык машина экени белгилүү болду. Элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү Кыялбек Токсонбаевдин маалымдашынча, окуяны элчилик өзү да териштирүүдө.

- Иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы азырынча жок. Окуя кандай шартта болгону иликтенип жатат.

Элчиликтин өкүлү ТИМге чакыртылды

Бул окуяга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да аралашып, ал боюнча АКШ элчилигинин өкүлү министрликке чакыртылды. Тышкы иштер министрлигине жолугушууга келген Америка элчисинин орун басары Лаура Грисмер жол кырсыгын мойнуна алып, ага өкүнүчүн билдирген.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков буларды айтат:

- Жол кырсыгы болгон фактыны моюнга алуу менен окуя болор замат кечинде ИИМге өздөрү да маалымат беришкенин айтышты. Ошондой эле Грисмер айым элчилик Бишкектин ички иштер башкармалыгы менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогуу иштешип жатканын билдирди. Ал иштердин жыйынтыгы боюнча тез аранын ичинде Тышкы иштер министрлигине маалымат берүүнү убада кылды.

Ошондой эле Лаура Грисмерден элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамдарын сакташын талап кылган.

Ушул жылдын 23-августунда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин да кызматтык машинеси "Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, кырсыктан соң элчиликтин кызматкерлери “Жигулинин” айдоочусуна кол көтөргөн факты катталган. Ал боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон болчу.

Ошол эле кезде Кыргызстандын чет жердеги элчилик кызматкерлери катышкан жол кырсыктары быйыл Орусияда, Германияда катталган эле.

XS
SM
MD
LG