Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Т.Сариев: Өзбекстан сууну башкарууга кеткен чыгымдарды кошо көтөрүшү керек


Сариев: кыргыз-тажик сүйлөшүүсү жемиштүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Сариев: кыргыз-тажик сүйлөшүүсү жемиштүү болду

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Душанбедеги суу боюнча эл аралык конференцияда Кыргызстандын позициясын билдирди.

- Кыргызстан ГЭСтерди курууга муктаж экендигин, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса аймактагы суу ресурстарын башкаруу мурдагыдан дагы жакшырары буга чейин эле айтылып келген. Ал эми Кыргызстан сууну топтоп, өз маалында берип жатканы үчүн Өзбекстан акы төлөшү керек деген позиция биринчи ирет айтылды окшойт. Туурабы?

- Туура, Темир Сариев конференцияда, андан кийин журналисттерге Кыргызстан өз энергетикалык коопсуздугун сактоо үчүн ГЭСтерди курат, гидроэнергетика туруктуу өнүгүүнүн өзөгү деп белгиледи. Анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курсак, ал суунун ылдый жагында жайгашкан өлкөлөргө дагы пайдалуу болот деп белгиледи. Камбар-Ата ГЭСтери толук ишке кирсе, Токтогул суу сактагычынын иштөө режими өзгөрөт жана ал ирригациялык функцияны көбүрөөк аткара баштайт. Сариев андыктан бул долбоорго коңшу мамлекеттер биринчи кезекте кызыкдар болушу керектигин айтты. Сууну топтоо, башкаруу бааланып, ага кеткен чыгымдар төлөнүшү керектигин белгиледи. Өзбекстан Нарын дарыясынан сууну топтоп, берип турууга кеткен чыгымдарды кошо көтөрүшү керектигин белгиледи. Маселен, Чу дарыясын пайдалануудагы келишимге ылайык, Казакстан аздыр-көптүр тийиштүү чыгымдарды көтөрүп келе жатканын эскертип өттү.

- Элеонора, бул позицияны Жогорку Кеңеште депутаттар айтып жүрөт. Ал эми премьер-министр тарабынан эл аралык жыйында Өзбекстандын дарегине биринчи ирет айтылды. Өзбек делегациясы бул конференцияга келдиби?

- Өзбекстандын өкүлдөрү Душанбеге конференцияга келиптир, министрдин орун басары жетектеген делегация жүрөт. Жыйын 11-июнга чейин уланат, бүгүн өзбек делегациясынан эч ким сүйлөгөн жок.

- Премьер Сариев бүгүн дагы президент Рахмон менен жолугушат деген маалымат келди. Тажик президенти менен кыргыз өкмөт башчы кечээ жолукту эле. Бүгүнкү жолугушууда эмне сөз боло турганы белгилүүбү?

- Премьер Сариевдин президент Рахмон менен экинчи жолугушуусу бейрасмий эле мүнөздө өтөт окшойт. Анткени негизги маселелер чечилди, тактап айтсак Кыргызстан Тажикстандан 500 миллион киловатт саатка чейин электр энергиясын 2 жарым центтен ала турган болду. Буга чейин сүйлөшүүлөр бир топко уланып келсе, эми орток пикир табылды.

Душанбеде Темир Сариев ГЭСтерди куруу маселесин көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:41 0:00

9-июнда Душанбеде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон суу маселелерине арналган эл аралык жыйында "Дүйнөдө таза сууга жетпей жүргөндөрдүн саны азайган жок, суу ресурстарын башкаруу жакшырган жок" деп билдирди. 2005-2015-жылдарга белгиленген “Жашоо үчүн суу” деп аталган он жылдык жакшы натыйжа бербегенин белгиледи. Мындан улам, суу көйгөлөрүн чечүү үчүн “Суу туруктуу өнүгүүнүн” өзөгү деп аталган жаңы декада жарыялоону сунуштады.

Конференцияга Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жана ондогон өлкөнүн, эл аралык уюмдардын 1 жарым миңдей өкүлү катышып жатат. Кыргыз делегациясын премьер-министр Темир Сариев баштап барган. Бул жыйында суу маселелери боюнча он жылдыктын жыйынтыгы чыгарылат жана алдыдагы иш-чаралар белгиленмекчи.

Душанбе: коңшулар кызматташууну чыңдоо ниетин көрсөтүштү

8-июнда премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт өкүлдөрү Тажикстандын баш калаасында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.​

Сариев Душанбедеги расмий сапары маалында тажик президенти Эмомали Рахмон, парламенттин төрагасы Шукуржон Зухуров жана өкмөт башчы Кохир Расулзаде менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү катышкан кеңири жыйында энергетика, чек ара, суу ресурстары өңдүү түйүндүү маселелер каралды. Жыйындын алдында Кыргызстандын энергетика министри Кубанычбек Турдубаев быйыл Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясынын 1 киловатт саатын 3,13 центтен сунуштап жатканын айтты. Азырынча эки өлкө бир пикирге келе элек. Буга чейин Тажикстан бааны 5 центке көтөрсө Бишкек макул болгон эмес. Кыргызстан быйыл Тажикстандан 225 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат. Буга чейин Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын 2 центтен сатып алчу, бирок былтыр казактар электр энергиясын кымбат сатканын көрүп, тажик тарап дагы бааны көтөрүүнү чечкен.

Эки премьер-министрдин маалымат жыйынында Душанбедеги сүйлөшүүлөр достук маанайда жемиштүү болгону айтылды. Темир Сариев эки коңшунун тарыхый тагдыры бир экенин, талаштуу маселелерди чечүүбүз керек деп баса белгиледи. Кыргызстандын өкмөт башчысынын сапары жемиштүү болгону айтылганы менен конкреттүү кандайдыр бир чечим кабыл алынып, документтерге кол коюу болгон жок. Эки өкмөт башчы тең жалпы сөздөр менен гана чектелишти.

Темир Сариевдин Душанбеге визити
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Кыргыз делегациясынын курамында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бар.

XS
SM
MD
LG