Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Канаат хан жана 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш: Айрым архив даректери


№ 5 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 278-бет, 1917-ж. Алматы, 01.4.2016. К.Молдокасымов тарткан сүрөт.
№ 5 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 278-бет, 1917-ж. Алматы, 01.4.2016. К.Молдокасымов тарткан сүрөт.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу илимий маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул көтөрүлүштүн жолбашчыларынын бири Канаат хан Ыбыке уулу тууралуу жаңы архивдик табылгаларын сунуштайт.

Канаат хан – тектүү инсан

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири Канаат Ыбыке уулу. Анын ысымы архивдик документтерде Канат Абукин деп кездешет. Канаат Ыбыке уулу 1860-жылы Кочкор өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Ал айтылуу Абайылда уулу Ыбыкенин баласы.

Ыбыкенин бир тууган иниси Кыдык - кадимки эле тарыхчы Осмоналынын атасы.

Абайылданын башка атактуу уулдарынан кеп салсак: Шербото, Нарбото, Төрөгелди, Шадыкан жана башкалар. Буларды эске салуу менен биз Канаат Ыбыкенин тектүүлүгүн белгилемекчибиз.

Канаат болуш да болгон

Көпчүлүк авторлор Канаат Ыбыке 1885-жылы Абайылда болуштугунун башчылыгына шайланганын жазып келишет. Бирок бул маалыматтагы жыл туура эмес.

1885-жылы Темирболот болуштугуна Ажыбек Калча уулу (Калчин) болуш болуп шайланып, Канаат Ыбыке ага орун басар (ал учурдагы аталышы “болуштукка талапкер” – “кандидат”) болуп шайланган. Бир жылга жетпей Ажыбек Калчин мыйзамсыз иштери үчүн болуштуктан четтетилип, болуштукка талапкер Канаат Ыбыке анын ордуна болуш болуп дайындалат.

№1 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд №44, иш кагаз № 386, 35-бет, 1888-ж.
№1 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд №44, иш кагаз № 386, 35-бет, 1888-ж.

Ал эми 1888-жылдын 16-июлундагы шайлоодо ал Темирболот болуштугунун башчылыгына мыйзамдуу шайланып, 1889-жылдан 1892-жылга чейин болуш болуп турган.

Бул тууралуу маалыматты ушул саптардын ээси Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарындагы Казак Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен тапкан документ ырастайт. (№1 документ, Казакстан Мамл. архиви. Фонд №44, иш кагаз № 386, 35-бет, 1888-ж.).

Ал эми Темирболот болуштугу кийинчерээк, 1897-жылы, экиге бөлүнүп, Абайылда өзүнчө болуштук болуп калган. Бирок 1901-жылы алар кайра бириккен.

Канаат Ыбыке уулу болуш болуп турган мезгилинде эл башкарган мыкты сапаттары анын зоболосун арттырган.

Ал 1904-жылы ажылык сапарга аттанып, ал жактан келгенден кийин агартуу иштери менен алектенет. Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булак деген жерге медресе салдырып, илим-билимдүү мударистерди ар тараптан чакырып, балдарга мыкты тарбия, билим тартуулаган.

Канаат өз балдарына да мыкты тарбия берип, Ыскак деген уулу Уфадагы жогорку окуу жайы “Медресе-и Галияны” 1914- жылы 21-апрелде бүтүрүп келсе (Булак: Осмоналы Сыдыков // Кыргыз санжырасы. - Фрунзе, 1990, 37-бет), кичүү балдарын Пишпектеги гимназияда окуткан. Канаат эл үчүн жасаган ак эмгеги аркылуу эл оозуна алынып, кадыр- баркы арта берген.

Көтөрүлүштүн жолбашчысы жана хан

1916-жылдагы Кыргызстандын түндүгүндөгү улуттук боштондук көтөрүлүштүн башталышында эле, тактап айтканда, 6-августта, нааразычылыкка чыккан эл өрөөндөгү эң абройлуу инсан катары Канаат Ыбыкени эзелки кыргыз салты менен хан көтөрүшүп, анын жетекчилиги алдында күрөшкө аттанган.

10-август күнү Канаат хан жана Дөөткул Шыгаев (Калыгул олуянын небереси –К.М) башкарган 3 миң кыргыз Столыпино (азыркы Кочкор) айылын камоого алышкан. Столыпинону ээлген соң, Канаат хан 2 миңден ашык кошууну менен Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган.

Шамшы, Тынай, Бурана, Нурманбет болуштугундагы жалпы эл кайрадан Канаат Ыбыкени экинчи жолу хан көтөрүшөт.

Жалпы көтөрүлгөн эл Токмоктун тегерегиндеги бир катар айылдарды каратып, Жаңы Токмокту курчоого алышкан. Бирок Ташкент, Алматы тараптан келген казак-орус аскер бөлүктөрү Канааттын аракетине бөгөт койот. Ал кошууну менен Кочкорду көздөй чегинүүгө аргасыз болгон.

22-августта Канааттын кошуунуна 700 кишиси менен Көкүмбай Чыны уулу келип кошулган. Кочкор жергесинде туш тараптан келген падышалык жазалоочу аскерлер менен куралданган көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда катуу кагылышуулар болот.

Бирок начар куралданган кыргыздар оор куралданган жазалоочу аскерлерге каршы туруштук бере алган эмес. Жеңилүүгө дуушар болгон кыргыздар Кытайды көздөй качууга аргасыз болгон. Канаат хан да эл менен кошо Кытайга качып барып баш калкаласа болмок, бирок ал оор жазага дуушар болгон эл менен бирге болууну тандаганын айткан.

Туткундалуу. Оор жаза

Канаат ханды күйөө баласы Ыскак Курманов Кочкордун Сөөк жайлоосунан издеп таап, падышалык жазалоочу аскердин колуна түшүп берүүсүн өтүнөт. Күйөө баласы эгер Канаат хан колго түшүп бербесе, анда атасы Курман Лепесов баш болгон урук туугандары кыргынга кабылаарын айтып жалдырайт.

Ошондо Канаат Ыбыке өзүнөн жана кара чечекей балдарынан бөөдө кыргынга кабылып жаткан кудалары баштаган элдин тагдырын бийик коюп, багынып берүүгө макулдугун берет.

Ошондо да ал: “бул күрөштү мен баштагам, жазаны мына мен өз мойнум менен тартайын, бөөдө эл кырылбасын” деген шарт менен өз ыктыяры менен 1916-жылы 18-октябрда колго түшүп берген.

№ 4 документ, КРМА, Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 276-бет, 1917-ж. Канаат Ыбыке, Алматы, 01.04.2016. К.Молдокасымов тарткан сүрөт.
№ 4 документ, КРМА, Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 276-бет, 1917-ж. Канаат Ыбыке, Алматы, 01.04.2016. К.Молдокасымов тарткан сүрөт.

Бирок анын жана балдарынын туткундагы тагдыры өтө кайгылуу окуялар менен коштолгон.

Өзү туткундалып, Верный түрмөсүнө (азыркы Алматы шаарындагы падышалык абакка) камакка алынган.

Өмүрүнүн акырына чейин колу буту кишенден бошотулган эмес. Аны Алматыдагы архивден табылган соңку документтен көрүүгө болот (№ 4 документ, КРМА, Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 276-бет, 1917-ж. Алматы, апрель, 2016).

Канаат хандын туткунга алынган бир уулу Ыскакты падышалык бийликтин жазалоочулары Тоңдун Ак-Терек айылында дарга асып салышкан. Көтөрүлгөн элдин үшүн алдыруу үчүн анын денесин бир нече күн бою дарга асып турушкан. Гимназияны бүтүргөн дагы бир уулу Жапарсадык Пишпек (Бишкек) шаарында атылган. Дагы бир уулу Карыпбай түрмөдөн башы чыккан эмес.

Архивдик жаңы табылга

Буга чейин Канаат Ыбыкенин соңку тагдыры, кайгылуу өлүмү тууралуу да ар кыл маалыматтар жазылып келет. Жакында Алматы шаарындагы архивден табылган маалыматка караганда, ал 57 жаш курагында, 1917-жылы 16-февралда, эртең мененки саат сегиз жарымда мээсинин чел кабыгынын кагынуусунан каза болгон; бул жөнүндө Верныйдын Түрмө башчысы өз рапортунда кабарлаган (Макаланын жогору жагындагы №5 документ. КРМА, Фонд № 44, иш кагаз № 20075, 278-бет, 1917-ж. Канаат Ыбыке, Алматы, 1-апрель, 2016).

Ал эми эл арасында Канаат Ыбыке мышьякка чыланган устара менен чачын алуудан улам ууланып каза болгону тууралуу айтылып келет.

Жогорудагы архивдик документтен Канаат Ыбыкенин каза болгонун билдирген расмий документ менен эл арасындагы айтылган сөздөр үндөшүп турганын көрүүгө болот.

Ошентип, 1916-жылдагы улуттук боштондук күрөштүн даңазалуу жетекчилеринин бири Канаат Ыбыкенин сөөгү туугандарынын колуна берилбей, бөтөн жерде, Верный шаарында түбөлүк ордун тапкан.

Ал эми эркиндик үчүн күрөшкөн, ага жетекчилик кылган чыгаан инсандын ысымы элдин эсинде түбөлүккө сакталмакчы!

XS
SM
MD
LG