Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Эмираттарда кыргызстандыктар көбөйүүдө


Эмираттарда беш-жети миңдин ортосунда кыргыз бар деп айтылат, бирок консулдук каттоодо эки миң гана жаран турат. Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиевдин "Азаттыкка" берген маегинен алынды.

Азаттык”: Бул жактагы журтташтар тууралуу айтсаңыз. Канча кыргызстандык бар, алар көбүнесе кайсы тармактарда иштешет?

Элчи Өмүралиев: Кыргыздар бардык эмираттарда бар, соңку учурда Абу-Дабиде да көбөйдү. Бул өлкөдө соодадан баштап, мейманканаларда, ири дүкөндөрдө, илимде, окуу жайларда, ооруканаларда, бизнесте жүргөн жарандарыбыз да көп, учкучтарыбыз бар. Эмираттын чоң авиакомпаниясында эле алтымыштай кыргыз иштейт. Эмираттарда беш-жети миңдин ортосунда кыргыз бар деп айтылат, бирок консулдук каттоодо эки миң гана жаран турат.

“Азаттык”: Мен айрым журтташтар менен сүйлөшсөм, Орусиядагы мигранттарга болгон полициянын кордугун жана улутчулдардын колунан каза тапкандарды көрүп, Араб Эмираттарына ошол кыргыздарды чакыргыбыз келет дешти. Дубай коопсуз шаар экен, бул жакта иштеген кыргыздар да өздөрүн жакшы сезишет окшойт?

Элчи Өмүралиев: Туура, полициянын мамилеси жакшы, бардык адамдар эле өздөрүн коопсуз сезишет. Бирок билип-билбей мыйзам бузуп, кылмышка аралашып, түрмөгө отуруп калган жарандарыбыз да жок эмес. Түшүнбөстүктөн улам ката кетирип алган жарандарыбыздын көбүнө жардам беребиз. Бирок учурда төрт-беш жараныбыз абакта отурат. Алардын бири баңгизат сатты деп камалган, дагы бири алдамчылык боюнча кармалса, уурулук, сойкулук боюнча айыпталып абакта отургандар да бар. Биз Кыргызстандын күч органдары менен иштешип, алардын баарын өз өлкөсүнө которуу боюнча колдон келген аракеттерди жасап жатабыз.

“Азаттык”: Өзбекстандын жарандары, ажылык боюнча ошондой эле сойкулук менен алектенген кыздары кыргыз паспорту менен Араб Эмираттарына келип жатканы дагы олуттуу маселелердин бири окшойт?

Элчи Өмүралиев: Мындай фактылар бар. Жакында эле ажыга келген 69 кыргыз жараны жасалма виза менен кармалып, териштиргенде анын тогузу гана кыргыз жараны болуп, калган алтымышы өзбек, кытай атуулдары экени аныкталган. Алар Кыргызстандан эски паспортторду жасатып, ага виза бастырышканы аныкталганын азыр күч органдары иликтеп жатат.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG