Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Кыргызстандын элин сагындым, силерчи?


Адилет Нарында улак тартып жүрөт
Адилет Нарында улак тартып жүрөт

Өзүм Жапониядан болом, атым Атцуши Куваяма, кыргызча атым Адилет. Тоолуу Нарынга ыктыярчы болуп келип, эки жылдай жашап калдым. Кыргыздын нагыз жашоосуна берилип, ал тургай ошого көнүп алыптырмын. Кайрадан Жапонияга көчүп кеткениме эки жылдан ашты, бирок чынын айтайын Нарындын таза абасын, кыргыз элинин берешен, кең пейилдигин, өзүм жашаган айылды, досторумду сагынып, чыдамым түгөнүп билетке акча чогултуп, 25-декабрда Кыргызстанга кайра келдим.

Өзүм Жапониядан болом, атым Атцуши Куваяма, кыргызча атым Адилет. Тоолуу Нарынга ыктыярчы болуп келип, эки жылдай жашап калдым. Кыргыздын нагыз жашоосуна берилип, ал тургай ошого көнүп алыптырмын.

Атцуши Куваяма (солдо)
Атцуши Куваяма (солдо)

Кайрадан Жапонияга көчүп кеткениме эки жылдан ашты, бирок чынын айтайын Нарындын таза абасын, кыргыз элинин берешен, кең пейилдигин, өзүм жашаган айылды, досторумду сагынып, чыдамым түгөнүп билетке акча чогултуп, 25-декабрда Кыргызстанга кайра келдим, убактылуу болсо да көрүп кетейин деп. А силер биринчи кезекте Кыргызстандын эмнесин сагынасыңар?

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG