Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

"Алданып келгендер көп". Кыргызстан мыйзамсыз миграцияны кантип тыят?


Кыргызстанды байырлаган бангладештик мигранттар.
Кыргызстанды байырлаган бангладештик мигранттар.

Кыргыз өкмөтү чет элдик эмгек күчүн тартуу боюнча 2024-жылдагы квотаны мурункудан 50% көбөйттү.

Коомчулук Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келген эмгек мигранттары өтө көбөйүп баратканын талкуулап келет. Мындай жагдай жумушсуздуктун деңгээли жогору Кыргызстанда курулуш, тигүү тармагында жумушчу күчү жетишпей жатканы менен түшүндүрүлүп келет. Эксперттер болсо өлкө аймагында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген мыйзамсыз мигранттар көзөмөлдөнбөй жатканын айтышууда.

Теги индус, өзү Улуу Британиянын жараны Упкар Бишкектеги коомдук тамактануучу жайларга Индиядан ашкана адистерин алып келип иштейт.

“Биз Индиядан ашпоздорду алып келебиз. Алар бир жылдык жумуш визасы менен келет. Мен өзүм жалгыз иштебейм, кыргызстандык эсепчибиз бар, документтер боюнча ал жардам берет. Компаниянын директору индия жараны. Бангладештиктер менен пакистандыктардын көйгөйү көп. Биз жыйырма жылдан бери Индиянын ашпоздору менен иштешебиз. Алар менен маселе деле болбойт. Бангладеш менен маселе көп болорун көрүп жүрөм”, - дейт Упкар.

Кыргыз мигранттары Орусия, Түштүк Корея, Европага агылып жаткан чакта, Кыргызстанга жумуш издеп келген чет элдиктер көбөйдү. Мындан улам, Кыргызстанга чет элдик жумуш күчүн тартуунун квотасы улам өсүп баратат.

Өкмөт 2024-жылга чет элдик эмгек мигранттарынын квотасын 25 миңге жеткирди. Мурдагы жылы мындан 50% аз же 16610 болчу. Апрель айына карата анын 67% же 16814 жумуш орунга өтүнмө берилген. Анын ичинен 47% Бангладештен, 24% Пакистандан жана 16% Кытайдан келгендер түзөт.

Расмий маалыматтарга карасак, квотанын 63% өнөр жай, курулуш жана транспорт тармагына берилген. Тоо-кен тармагы менен соода, тейлөө жана ишкердикке 13% жана 14% туура келет.

Иш жүзүндө Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик мигранттардын саны каралган квоталардан жана расмий катталгандардан алда канча көп экени айтылат. Эмгек мигранттарына бөлүнгөн квотадан тышкары, миңдеген студенттик жана ишкердик визалар менен жүргөндөр бар.

Тигүү тармагында чет элдиктер көбөйдү

Арийне, расмий жана бейрасмий маалыматтар көрсөтүп тургандай, өлкө аймагында мыйзамсыз жол менен жүргөн чет элдиктер да өтө көп. Алардын көпчүлүгү Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген жарандар.

Бишкектеги тигүү цехинин ээси Нурзат Алимырзаева дагы - чет элдик эмгек мигранттарын алып келип иштеткендердин бири. Ал жеңил өнөр жай тармагына тартылган чет элдиктердин катарында Бангладеш, Индия жана Пакистандан келгендер басымдуулук кыларын айтууда.

Ошол эле маалда, документтик тоскоолдуктар менен ортомчу шылуундардын күнү тууп турганын белгиледи:

“Бизге индустар менен пакистандыктар келип жатат, Бангладештен да келип жатат. Бул жерде салыштыра келгенде, Бангладештен келгендер аябай сапаттуу, жакшы тигет, Индиядан келгендер аракетчил, бат эле үйрөнүп алышат. Тигишти билеби-билбейби, эптеп “баары сонун, болот” деп алдыртып, анан тиккенди билгендерди алып, билбегендерди жатар жери жок арасат ташташат. Аларды кыргыздар чыгарып коюп атат. Бирок алар көбүнчө эле өздөрүнөн чыккан шылуундарга жем болууда. “Келе бер, мен жайгаштырам” деп киши санын көбөйтүшөт”.

Нурзат жоопкерчилик катуу экенин билген көпчүлүк цехтер мыйзамсыз келген мигранттарды жумушка албай жатканын кошумчалады.

Апрелдин ортосунда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Бангладеште иш сапары менен болуп, Бишкек экспорттук өндүрүшү үчүн ал жактан жумушчу күчүн тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Бангладештин өкүлү Кыргызстанда миңге чукул бенгал студенти билим алып жатканын, алардын санын дагы да көбөйтүү күтүлүп жатканын айтты.

"Мыйзамсыз мигранттарды тазалоо иши жүрүп жатат"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, чет элдик эмгек мигранттарын тартуу үчүн жумуш күчү керек болгон ишканалар электрондук өтүнмө аркылуу кайрылып, зарыл болгон квотаны алышат. Аларды мекемелер аралык комиссия карап, оң жыйынтык чыгарса, чет өлкөдөгү мигранттарга чакыруу жөнөтүлөт. Анын негизинде жумуш визасы берилип, алар Кыргызстанга келгенден кийин ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтүп, жумушка уруксат кагазын алат жана мамлекеттик алымды төлөйт. Мунун баарына квота берилгенден кийин 90 күн убакыт берилет. Андан кечиксе, квота жокко чыгарылып, себептери териштирилет.

Мекеменин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов Кыргызстандын курулуш, тигүү тармактарында жумуш күчүнө суроо-талап өсүп жаткандыктан, өкмөт быйыл эмгек миграциясынын квотасын көбөйткөнүн билдирди. Адис соңку кездери мыйзамсыз мигранттарды аныктоо иши активдүү жүрүп жатканын айтты:

“2023-жылы өкмөт тарабынан бекитилген квота 16610 болчу. Жыл башында өкмөткө киргизерде анализ жүргүздүк. Себеби, азыркы маалда мамлекеттик деңгээлде көп объекттер курулуп жатат. Курулуш, тигүүчү тармактарында жумуш күчү жетишсиз болгондуктан, биз квотаны 25 миңге көтөргөнбүз. Азыр берилген квотанын төрт миңдейи жокко чыгарылды. Кайсы фирма чакырганы, кайсы фирма алганы тууралуу бизде бүт маалымат бар. Биз аларды ИИМ менен УКМКга жума сайын жөнөтүп жатабыз. Бул иштин алкагында “Мыйзамсыз миграцияны ачыктоо” деген иш-чаралар өтүп жатат. Азыр аябай көп мыйзамсыз мигранттар (нелегалдар) кармалууда. Бир жума мурда интернетке ИИМ “Гловодо” иштеген пакистандыктарды кармаганын чыгарышпадыбы. Ошолордун жүз пайызы студенттик виза менен жүргөндөр экен. Студент болуп бул жакта окуп, анан бош убакта иштеп жүргөндөр. Биздин мыйзам ага жол бербейт, алар иштеш үчүн мамлекеттик алым төлөп, жумушка уруксат алыш керек. Алар менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Визасы жокторду бүт депортация кылып жатат”.

Алиясовдун айтымында, чет элдик мигранттар, өзгөчө Бангладеш, Пакистан, Индиядан келгендер көбөйүп кеткендиктен, учурда квота берүү иши убактылуу токтоп турат. Мыйзамсыз жүргөндөрдүн баарын аныктап, кетиргенден же каттоого тургузгандан кийин жумуш кайра жанданарын айтат.

"Кыргызстанга мыйзамсыз мигранттар толуп кетти"

Кыргызстанга чет элден жумуш күчүн алып келүү менен алектенген компаниялар дагы бар. Алар жумушчу керек болгон тигүү, курулуш тармагындагы ишканалар менен алдын ала келишим түзүп, мыйзамга ылайык шарттары барларына жумушчу тартууга жардам берет.

Нурислам Камбаров ошондой ишканалардын бирин жетектейт. Жумушчуларды негизинен Бангладеш өлкөсүнөн алып келет. Ал жакта кардар таап берген өнөктөшү бар. Андан тышкары, Кыргызстанда иштеп жаткан бангладештиктер дагы тааныш-досторун чакырууну сунуштап турат.

Камбаровдун айтымында, чет элдиктерди жумушка тарткан ортомчу компаниялардын таза, мыйзамдуу иштегендери саналуу эле. Көбү алардан ири суммадагы акча алып, Кыргызстанга алып келгенден кийин көчөгө таштап коюшат. Дээрлик 70-80% визасын жасап беришпейт, жумушка дагы орнотушпайт, орноткон күндө да убада кылган маянасынан төмөн акчалуу орундарга киргизип коюшат.

Нурислам Камбаров Кыргызстанга алданып келип, бирок визадан же жумуштан жок, бир үйдө ондоп-жүздөп жашап, 5-6 айлап күтүп жаткан бангладештиктер көп экенин айтууда. Документ даярдоого же кайра кетүүгө каражаты жок калган соң алар көчөгө чыгууга да даай албасын белгиледи:

“Айрымдары он чакты жерде камалып жатат. Ар бир жерде отуздан, элүүдөн, сексенден болушуп. Айрымдары визасы жок, ар кайсы цехтерде, биринен-бирине көчүп, айлыктарын ала албай, кулчулукка кабылган десем болот. Паспортторун алдырып, эч нерсе кыла албай калгандар аябай көп. Азыр эле Орозбеков көчөсү тараптан келе жатып, үч-төртөөнү жолуктуруп калдым. Алар өздөрү жөнүндө айтып берди. “Орозбеков 158де сексен адам жатабыз, визабыздан да, жумушубуздан да дайын жок” деп. Элестетсеңиз, бир эле үйдө 80 адам канча айдан бери жатат. Мурдараакта Бах 201де мени чакырып, жардам сурашкан. Ал жакта 35-40тай адам жаткан болчу, беш-алтоосун жумушка орноштуруп койдум. Аларды ошол Бангладештин өзүнүн жарандары эле бул жакка алып келип, таштап койгон. Ошол визасы жоктордун 25-30га чукул адамга виза жасап бергем, Өзбекстанга кирди-чыкты кылып”.

Нурислам жакында “Манас” аба майданында Ошко учуп жаткан бангладештик мигранттар менен таанышып калганын айтууда. Кийин алар чалып барган жеринде визасын жасап бербей, камап коюшканын, 500 доллар деп убадалаган айлыгын 300 долларга түшүрүп салышканын жана ар кандай кысымдар менен иштетип жатканын билдиришкен.

Айтымында, жардам сураган мындай чалуулар ага күнүгө болуп турат. Айрымдарына виза алууга же жумушка орношууга кол кабыш кылса, көпчүлүгүнө жардам бере албайт. “Эгер мен силерди жумушка орноштурсам, мыйзамсыз иш кылган болом, бул жолго бара албайм” деп аларга эскертүү менен чектелет.

Нурислам Камбаров Кыргызстанга бангладештиктерди көп учурда өздөрүнүн эле мекендештери алдап алып келишерин айтат.

“Бардыгынын көйгөйүн уга берип, бизге жат болуп калган, баарыныкы тең окшош эле. Булардын визасыз же жумушсуз келип калганына өздөрү күнөөлүү эмес. Балким, буларды жоопкерчилик алып бул жакка алып келген тарап күнөөлүү чыгаар? Ошондой адамдарга каршы биздин өкмөт чара колдонушу керек. Мен аты-жөндөрүн деле айтып бере алам, ким алып келген, канча адам алып келген, канча адамдын визасын жасап бербей койгон, канча адамды жумушка орнотпой, кайсы жерде кармап отурат, менде толук маалымат бар. Себеби, булар мага күн сайын чалып, жолдо жолугуп калганда деле айта берип, баарын эле таанып калдым, 70-80%. Мисалы, Харис деген камалып кетти, Шариф дегендин иши жүрүп жатат. Андан сырткары, Асат, Али дегендер бар. Кыскасы, алып келип адамдарды кыйноого салып койгондордун бардыгынын ысымын атап бере алам. Алар жүздөгөн кишилерди алып келген. Биздин жарандардан деле иштешкендер бар, Нурбек, Самат, дагы эки-үчөө бар, бирок көп эмес да. Негизинен Бангладештин жарандары өздөрү алып келип, жердештерин ушундай кыйын абалга таштап койгон”.

Кыргызстанда чет элдик мыйзамсыз мигранттарды кармаган же аларды тартуу боюнча мыйзамсыз схемаларды аныктаган маалыматтар байма-бай чыгууда.

Күч органдары апрель айында эле өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 37 чет элдик жаран табылганын жарыялаган. Андан мурдараак УКМК 130дан ашуун бангладештик жана пакистандык мигранттар кармалганы кабарланган. Алардын 64үнүн миграциялык документтеринин мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

2024-жылдын биринчи чейрегинде мыйзамсыз миграция боюнча 59 факты аныкталган. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзамсыз миграция боюнча 264 кылмыш иши ачылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG