Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Апрель соту аяктоо алдында


Ак үйдү көздөй келаткан демонстранттар, 7-апрель, 2014.
Ак үйдү көздөй келаткан демонстранттар, 7-апрель, 2014.

Бирок жабырлануучулар төрт жылга жакын созулган апрель соту аяктап баратканы менен элге ким ок атышы боюнча башкы суроого жооп табыла электигине нааразы.

Апрель соту боюнча жарыш сөз аяктады. Эмки аптада тараптар каршы пикирлерин жана акыркы сөздөрүн сүйлөмөкчү. Андан соң сот өкүмү чыгат.

“Ким атты” деген суроонун жандырмагы жок

Төрт жылга созулган апрель соту боюнча өкүм чыгарына аз калганы менен эң башкы суроого - 7-апрелде элге ким ок атканына жооп табуу кыйын болуп тургандай.

Ошол кандуу калабада окко учкан Адилет Айнидинов тирүү болгондо быйыл отузга чыкмак. Кырчын кезинде жайраган жигиттин апасы Бактыгүл Шабданова апрель соту 4 жылга жакындаганына карабай, чырактай болгон уулун ким атканы далилденбегенин айтып, кейип отурду:

- Балама үч ок тийген: акырегине, киндигине жана табарсыгына. Сотто “ким атканы боюнча күбөңөр барбы?” - деген суроолор болуп жатат. Андай күбөбүз жок да. Балабызды кай жактан атканын билбейбиз. Ок Ак үйдүн үстүнөн эле атылган да, болгону биз далилдеп бере албай жатабыз. Мен ок атууга “Альфанын” кызматкерлери, алардын көзгө атарлары күнөөлүү деп ойлойм. Сотто болсо аларды аткан эмес деп актап жатат. Булардан тышкары Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев, Марат Бакиев, Данияр Үсөнов, кыскасы баары күнөөлүү. Буйрук берген Темирбаев, Суталиновдор да күнөөлүү.

Буга чейин жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик айыптоочулар атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоону, болгону "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүүнү сураган.

Аскер адамдарынын укугун коргоп келаткан апрель сотундагы коомдук жактоочу Алымбек Ниязов анткени алардын куралынан адам өлгөнү сотто аныкталган жок дейт:

- Ошол балдардын автоматтары жана башка куралдары текшерилген. Бирок жабыр тарткан адамдардын денесине тийген октордун бири да ошол балдардын куралынан экени тастыкталган жок.

Айыпталган “экстер”

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Нурлан Турсункулов, Мурат Суталинов, Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Дунганов, Нурлан Темирбаев, Оксана Малеваная жана башка мурдагы жогорку кызмат адамдарын күнөөсүнө жараша 10 жылдан 25 жылга соттоону сураган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталган.

7-апрелде жабыр тарткандардын авдокаты Осунбек Жамансариевдин пикиринде, күнөөлүүлөр сотто адилеттүү жазасын алышы керек:

- Ким элге ок атты деген суроо боюнча "Илбирстин" имаратынан, Тарых музейинин үстүнөн жана башка жерлерден да ок атылды деп жатышпайбы. Эгер андай боло турган болсо, ал жүздөгөн-жүздөгөн видео тасмалардан көрүнмөк. Бул ал жактан атышпаганын далилдейт. Ок негизи Ак үйдөн эле атылган. Алдынан да, үстүнөн да атылган. Милиция тарабынан да ок атылган.

23-апрелде уланган апрель сотунда соттолуучулар жана алардын адвокаттары жарыш сөздөрүн айтып бүттү. Алардын айтымында, өздөрү жактап жаткан адамдардын күнөөлөрү далилденген жок.

Эми сотто тараптардын каршы пикири жана соттолуучулардын акыркы сөздөрү калды. Андан соң судья өкүм чыгарышы керек. Апрель окуясы боюнча сот иши эми 28-апрелде уланат.

Мамлекеттик айыптоочу Ильяз Арзымбаевдин айтымында, эгер күтүүсүз эле өзгөрүүлөр болуп кетпесе, өкүм бир айдын ичинде чыгып калышы мүмкүн.

- Тараптар каршы пикирин айтышып, андан кийин соттолуучуларга акыркы сөз берилет. Андан кийин сот чечим кабыл алат. Кандай чечим кабыл алаарын биз азыр айталбайбыз. Балким айыптоо өкүмүн чыгарат, балким актайт же кайра тергөөгө жөнөтөт.

Апрель окуясы боюнча жыйырмадан ашык адамга айып коюлган. Алардын алтоо качып жүргөндүктөн сыртынан соттолууда. 2010-жылы 7-апрелдеги кандуу калабада 77 адам окко учуп, 300дөн ашык адам жаракат алган. Кийин жаракат алгандардын арасынан да бир тобу каза болуп, жалпысынан бул окуя токсондон ашык адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG