Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Атамбаев: Тынчтыкты ыйык сактоого милдеттүүбүз


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылаптын жылдыгына байланыштуу калкка кайрылды.

Урматтуу мекендештер!

24-мартта эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң белгилүү даталардын биринин кезектеги жылдыгы. Туптуура 7 жыл мурда март революциясы болуп өткөн, бирок анын үзүрүн эл көрө албай калган.

Эгемендиктин 20 жылы ичинде мамлекетибиз оңой жолду басып өткөн жок. Дүйнө жүзү биздин элибизде адилеттик жана эркиндикти сүйүү сезими эне сүтү менен берилерин кайрадан бир көрдү. Байыртан берки тарыхында биздин эл адилетсиздикке жана эки жүздүүлүккө эч качан моюн сунбагандыгына ынанды. Биз өзүбүз да азаттыкка жана адилеттикке карай жол оор болоруна, ал жол сыноолор жана кыйынчылыктар аркылуу төшөлөрүнө ынандык. Кудайдын буйругу менен элибиз Эгемен Кыргызстанды сактап калды.

Жакында, 17-мартта өлкөбүздө 2002-жылдагы Аксы окуяларын эскерүү күнү өткөрүлдү. Бүт өлкөбүз боюнча жүз миңдеген кыргызстандыктар бир мүнөт унчукпай туруу менен Мекенибиздин келечеги, Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн эң кымбат нерсени – өз өмүрлөрүн аябаган азаматтардын жаркын элестерин эскеришти.

10 жыл өтсө да аксылыктардын ал эрдиги элдин эсинен чыкпагандыгын, элибиздин жүрөгү дагы эле ооруп турганын көрүп турам. Анда адилетсиздик менен күрөшкөн бардыгыбыз үчүн аксылыктардын эрдиги дем берип, биз үчүн жол көрсөткөн жылдыз болуп калды.

Өз элин тоготпоо, аны уккусу келбегендик, андагы бийликтин өз жарандарынын кызыкчылыктарын сатып кетүүсү өлкөнү 7 жылдан кийин кезектеги сыноого кептеди. 2005-жылдын мартында кыргызстандыктар бүт республика боюнча өлкөдө адилет, элдик бийликти орнотуу үчүн көтөрүлүштү.

Ошол, оргуштаган революциялык күндөрдө өлкө үмүт менен жашап турду. Элге алдыда жаркын келечек тургандай көрүндү. Бирок элдин жеңиши уурдалып кетти. 2005-жылдын 24-мартынан кийин өлкөдө бийликти элге каршы режим ээлеп алды. Март революциясы өз максатына жетпей калды.

Экинчи президент учурунда үй-бүлөлүк башкаруу сакталып гана калбастан, эл байлыгын уурдап-тоноо уланып гана тим болбостон, ал ачык эле криминалдык кебетеге ээ болду. Мына ушунун бардыгы мыйзамдуу түрдө өлкөнү дагы бир, Апрель революциясына алып келди. Кыргызстандыктарды 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийликтин элди массалык кыруусу да токтото алган жок. Жаналгычтар артынан кандуу из калтырып, өлкөдөн чыга качышты. Шейит кеткен ондогон мекендештерибиздин жана жүздөгөн жарадар болгондордун убалы аларды уктатпас, каны коё бербес.

2005-жылдын марты 2002-жылдагы Аксы окуялары сыяктуу эле элибиздин чыдамкайлыгына, акылмандыгына жана каармандыгына ишенимибизди арттырды. 2005-жылдын мартындагы революция бабаларыбыз миңдеген жылдар мурда Улуу кыргыз каганатын кургандай эле, тарых бизге эртеби-кечпи чыныгы адилет, эгемен, күчтүү мамлекет курууга мүмкүндүк берерине ишеним жаратты.

Ушул ишеним менен 2010-жылдын 7-апрелинде биздин мекендештерибиз мөндүрдөй жааган октун алдында турушту. Алар “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн келечеги үчүн, элдин эркиндиги үчүн шейит кетишти.

Кымбаттуу мекендештер! Тарых өткөндөн сабак алууга үйрөтөт. Биз аны эстен чыгарбашыбыз керек. Аксы окуялары, 2005-жылдын март жана 2010-жылдын апрель окуялары – бул Кыргызстандын тарыхынын барактары. Элдин өз укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшүү тарыхынын барактары.

Алдыбызда сыноолор али аз эмес. Биз коррупцияны, улутчулдукту, аймакчылыкты жана маңкуртчулукту, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө коркунуч туудурган нерселердин бардыгын жеңип чыгуубуз керек! Бардык кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга карабастан, биз бул жолубуздан эч качан тайбайбыз! Биз Айкөл Манас атабыздын жолун жолдоп, өз Мекенибизди көздүн карегиндей сактап, бийликтин булагы эл экендигин унутпашыбыз керек!

Бир нече күн мурда жергебизге “Нооруз” жаз майрамы кирип келди. Эл жакшылык күтүп, үмүт менен жашап жатат. Биз ушул үмүттү актоого, элдин биримдигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга, өлкөдө туруктуулукту, тынчтыкты жана ынтымакты ыйык сактоого милдеттүүбүз.

XS
SM
MD
LG