Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Маданияттуу элдин мекени таза


Ала Тоо аянтындагы жулунган гүлдөр
Ала Тоо аянтындагы жулунган гүлдөр

29-апрель күнү Бишкек шаарынын 138 жылдыгы белгиленет. Бирок шаарыбызды майрам күндөрү гана эстеп, калган күндөрү оболу анын тазалыгы көз жаздымда калып келет.

Баш калаада аялдама, таштанды салган урналарды, жарык чырактарын бүлүндүргөн учурлар көп катталат.

Мындай көрүнүшкө кантип бөгөт коё алабыз? Шаар тургундарында коомдук мүлктү сактоо маданияты жокпу? Мына ушул жана башка суроолорго “Азаттык+” жооп издеди.

18-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ала-Тоо аянтындагы жоогазындарды тебелеп, уурдап кеткен. Милиция 1200 түп гүл тамыры менен казылганын аныктады. Гүл уурдалган учур Бишкекте буга чейин да катталган. 2013-жылы Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Жеңиш паркында президент отургузган бир нече сакура көчөтүн белгисиз адамдар уурдап кетип, кийинчерээк ордуна кайра көчөт отургузулган.

Маданияттуу элдин мекени таза
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:16 0:00

Бишкектин түштүк-батыш аймагында жайгашкан Чоң-Арыктагы көрүстөндөн талкаланып, уурдалган күмбөздөр калыбына келип жатат. Ушул кышта бул жактан онго жакын күмбөздү уурдап кетишкен.

Октябрь айылынын тургуну Наталья Летучая чектен чыккан бейбаштардын жоругуна эмне дээрин билбей ыйлап турган кези. Өткөн жумада Аламүдүн район аймагындагы көрүстөндөн дагы отузга жакын мүрзө талкаланган. Бирок бул жактан эч нерсе уурдалган эмес, темир мүрзөлөрдү сындырып, цементтер омкорулган.

"Азаттык" Бишкектин тургундарынын шаар тазалыгына болгон мамилесин текшерип, атайын социалдык эксперимент жүргүздү.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG