Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Кыздардын үшүн алган “патриоттор”


Орусияда “башка улуттагы эркектер менен жүрдүң” деп айыптап, кыргыз кыздарын жазалаган, өздөрүн “патриот” деп атап алгандардын тасмалары интернетте байма-байма жарыяланып, кызуу талкууланып келет. Орусияда кыргыз кыздарын ушундай жол менен жазалоо өнөкөткө айландыбы? Ал балдар мыйзам алдында жоопко тартыла элек. “Патриотторду” актаган пикирлер да аз эмес. “Азаттык+” бул жолу ушул теманы талкууга алды.

19 жаштагы кызды жылаңачтап алып, топ балдар суракка алган видео интернетке 6-июлда жарыяланган. Анда өздөрүн "патриот" деген үч-төрт жигит өзбек жарандары менен жыныстык катнашка барган деп кызды жазалап жатканы тартылган.

Ал арада “патриоттордун” бул жосуну коомчулук тарабынан ар кандай бааланууда. Көпчүлүк жигиттердин аракетин айыптаса, күнөөнү кыздын өзүнө оодаргандар да болбой койгон жок.

Кыздардын үшүн алган “патриоттор”
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:23 0:00

Мындай окуя Орусиядагы эмгек мигранттары арасында маал-маалы менен кайталанып келет. 2012-жылы Сапаргүл аттуу кыз он чакты эркектин сурагына кабылып, аёосуз сабалган. Бул факты да коомчулукта резонанс жаратканы менен күнөөлүүлөр жоопко тартылган эмес. Адистердин баамында, кордолгон кыздардын көбү ажырашкан үй-бүлөлөрдө чоңоюшкан же багар-көрөрү жок жетим өскөндөр.

Кыздардын үшүн алган “патриоттор” (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:57 0:00

Бул тасмадан көп өтпөй эле интенетке дагы бир видео жарыяланган. Эки мүнөткө жакын созулган видеодо кыргызча сүйлөгөн балдар өзбекче сүйлөгөн баланы кармап алып, кыргыз кызы менен жыныстык катнашка барганы үчүн суракка алып, уруп жатканы көрсөтүлөт. Видеонун аягында “экинчи кыргыз кыздарына жолобойм” деген мааниде убадасын алган соң коё беришет. Окуя качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз.

Кыздардын үшүн алган “патриоттор” (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:21 0:00

Интернеттеги талкууда булар өздөрүн “патриот” атаган балдар болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Алардын аракеттерин кубаттагандар да, каршы чыгып, бул улут аралык кастыкты тутандырарына тынчсыздангандар да бар.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG