Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Орто кылым миниатюраларындагы кыргыздар


Иллюстрация
Иллюстрация

Ак калпак - кыргыз элин алыстан тааныткан баш кийим, жөн эле баш кийим эмес, терең сыры, узун тарыхы, практикалык пайдасы жана символикалык мааниси бар нерсе го. Ырас, кээде калпак кийет десе, табит менен, жарашыгы менен кийгендин ордуна эбак кебетеси кетип, ышпалдасы чыккан калпакты шалпайта кийип, мактануу ордуна уяла турган абалга жеткен учурларыбыз да жок эмес.

Калпакты калпактай кылып, башкача айтканда, аппак кылып, кырын койкойто чыгарып, кара чачысын капталына чачыратып кийсе гана көркүнө чыгат. Ошону менен бирге калпакты да орду менен кие турган жөнүбүз бар, себеби театрда отурганда да, жыйналышта отурганда да өжөрлөнүп чечпей отурганыбыз тескерисинче, маданиятсыздыктын белгиси.

№1 иллюстрация
№1 иллюстрация

Ак калпакты орто кылымдын атактуу миниатюристтери да абдан жакшы билген жана аны кийген адамдар кандай эр жүрөк, жоокер эл экенин ар дайым баса белгилеп келген. Буга Американын атактуу Жонс Хопкинс университетинин архивинде сакталып турган эң бай миниатюралар коллекциясын карап отуруп, бекем ишенүүгө болот.

Маселен, “Смирнадагы Ыйык Иоанндын сепилине рыцарлардын чабуулу” деген миниатюрада ак калпакчан жоогерлер үстү-үстүнө чабуул жасап аткан душмандардын мизин кайтарып, сепилдин так төбөсүндө айгай салып, жаа тартып турганы тартылган (№1 иллюстрация).

Бул сүрөт жогоруда аты аталган университеттин Жон Гаррет китепканасында сакталып турат. Кызык жери, ал кезде биздин бабалар калпактын ачык тилкесин маңдайга келтирип кийчү экен.

№2 иллюстрация
№2 иллюстрация

Дагы бир миниатюрада (автору Шарафуддин али-Язди, тартылган жылы 1467-68 жж.) Темирландын Кичи Азияга жасаган жортуулунан кийин эл башчылар менен кол башчыларга берилген сый тамак тартылган. Ал сый тамакта башына чалма кийген ар кыл адамдар менен эң кеминде үч ак калпакчан кыргыздар да аралашып жүргөнү байкалат.

Буга анча деле таң калууга болбойт, анткени атка жеңил, кылычка ыктуу, найзагер кыргыздар Темирландын да, анын кийинки доордогу урпагы Бабурдун да жортуулдарына көп катышкан.

Ал тууралуу мен “Азаттыктын” орусча сайтына жарыяланган “Кыргызы и кыргызская земля в “Бабур-наме” деген макаламда кененирээк баяндаган элем.

Деле калпак Темирландын да, Бабурдун да заманында маанилүү да, шаанилүү да баш кийим болгону өзгөчө көңүл бурууга татыйт. Маселен, император Бабурдун кашында отурган Гумаюн менен дагы бир аты белгисиз ак сөөктүн сүрөтү тартылган миниатюраны карап көрөлү. Миниатюранын аты “Бабур жана Гумаюн увазирлер менен” деп аталат.

№3 иллюстрация
№3 иллюстрация

Билбегендер болсо маалымат бере кетейин: Гумаюн Бабурдун уулу, император Акбардын атасы. Сүрөттө Бабур чалма менен отурат (оңдо). Ал эми анын маңдайында отурган Гумаюн башына укмуш кооз чалма менен оролгон, ар түрдүү асыл таштар менен кооздолгон калпак кийип отурат (№2 иллюстрация).

Ырас, калпак ак түстүү эмес (анда Гумаюн да, анын капталында отурган адам да кыргыз болуп калмак), бирок формасы кадимки калпак, бирок оң жак капталында эң бир кооз канат сайылган.

Дагы бир миниатюрада башына калпак кийген кыздар да тартылган.

Ушуга карап, калпак ал кезде сыйлуу да, популярдуу да баш кийим болгон го деген ой жаралат (№ 3 иллюстрация).

№4 иллюстрация
№4 иллюстрация

Ал эми №4 иллюстрацияда Султан Хусаин мырзанын, тагыраак айтсак, Герат менен оогандын Кундуз шаарынын башкаруучусунун, жана улуу акын Алишер Навоинин сүрөтү тартылган. Бул миниатюрада да ак калпакчан үч кыргыздын жүргөнүн көрөбүз.

Айтор, ак калпак атам замандан бери келаткан кыргыздын сыйлуу кийими. Ошол ак калпактан улам башка улуттар бизди кыргыз деп тааныган жана орто кылымдагы Күн Чыгыш миниатюристтери өз чыгармаларында калтырып кеткен.

XS
SM
MD
LG