Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Атамбаев АКШ сапарынан баш тартты


Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы кызматына келгени АКШга бир да жолу бара элек.
Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы кызматына келгени АКШга бир да жолу бара элек.

Талдоочулар мамлекет башчынын мындай чечими Кыргызстанды Америка баштаган Батыш өлкөлөрүнөн дагы да алыстатарын айтышууда.

Сентябрдын соңунда президент Алмазбек Атамбаев жетектеген делегация АКШга бир жумалык иш сапарга бармак. Бирок кыргыз тарап бул иш сапардан баш тартты.

Президенттин аппаратынын маалымат кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов муну 4-октябрдагы шайлоого байланыштырды.

- Сентябрдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко БУУнун ассамблеясынын 70 жылдык мааракесине бармак. Бирок бул иш сапар болбой калды. Анткени өзүңөр билгендей, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Мамлекет башчысы шайлоо маалында Кыргызстанда болууну чечти.

Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын юбилейлик жыйынына катышып, 28-сентябрда жалпы саясий талкууда сөз сүйлөмөк. Өлкө башчы сапар учурунда Америка баштаган Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушу мүмкүн эле.

Тышкы саясат Орусия менен чектелеби?

Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы кызматына келгени АКШга бир да жолу бара элек. Анын мындай позициясын Кыргызстан тышкы саясатын бир векторлуу кылып Орусияга ыктаганы менен байланыштыргандар арбын.

Оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков президенттин АКШ сапарынан баш тартышы Кыргызстан менен Батыш мамлекеттеринин мамилесин дагы суутат деген пикирде.

- БУУга барбай калып Батыш, Америка өлкөлөрү менен мамилебиз начарлай турган болсо, абройлуу эл аралык уюмдар да бизден жүзүн бурат. Америка башында турган Батыш өлкөлөрү Кыргызстанга көрсөтүп келген экономикалык, гуманитардык, социалдык жардамдарын кыскартышы толук мүмкүн. Биз бир эле Орусиянын көзүн караганыбыз туура эмес. Мындай саясат мамлекетибизге, жаштардын келечегине чоң кедергисин тийгизет.

Жээнбеков өлкө башчы АКШга барууну чындап кааласа, шайлоо тоскоол болмок эмес деп кошумчалады.

АКШдан алыстаган алака

Адистердин баамында, Кыргызстан менен АКШ ортосундагы алака 2014-жылдын июнунда “Манастагы” авиабазанын чыгарылышы менен солгундай баштаган. Ушул жылдын 21-июлунда өкмөт башчы Темир Сариев эки өлкө ортосунда 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу бузган келишимге кол коюшу ымаланы дагы начарлатты.

Талдоочу Кубан Абдымен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш катары Орусияны тандабаса, өлкө башчы АКШдан баш тартмак эмес деп ойлойт.

- Бул эки өлкө мамилесинин кандай экенин көрсөткөн белги. Эгер Америка менен мамилебиз жакшы болсо сапар сөзсүз түрдө болмок. Бирок Америка эки тараптуу кызматташуудан авиабазаны калтыруу кызыкчылыгын көбүрөөк көздөмөк. Биздин бийлик стратегиялык өнөктөш катары башка өлкөнү тандагандыктан алар менен жолугууга кызыккан жок да.

2011-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда БУУ менен Кыргызстан 2012-2016-жылдарга кызматташтыктын программасына кол койгон. Аталган программада төрт жыл үчүн Кыргызстанга 200 млн. гранттык жардам каралган болчу. БУУнун жардамы демократия, адам укуктарын колдоо, социалдык теңчилик, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү, саламаттык сактоо жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган.

XS
SM
MD
LG