Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Президент каралоого каршы мыйзамга кол койду


Кыркалекей тизилип, гезит окуп отурган аксакалдар. Баткен шаары, 31-март, 2012.
Кыркалекей тизилип, гезит окуп отурган аксакалдар. Баткен шаары, 31-март, 2012.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга кол койду. БУл мыйзамда журналист, саясатчы же кимдир бирөө жалган маалымат таратып, аны сот далилдесе 50 миң сомдон 200 миңге чейин айып пул, же 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жалган билдирүү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбооорун алгач КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина көтөрүп, колдоо таппаган соң кайрадан “арнамысчы” депутат Эристина Кочкарова демилгелеген. 16-апрелде аталган мыйзамды парламенттеги 86 депутат колдоп, 7 гана депутат каршы добуш берүү менен 3-окууда кабыл алынган.

Маалыматты тараткан эмес, берген киши соттолобу?

Мыйзам долбоорун демилгелегендердин бири, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жалга маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилиги биринчи кезекте маалыматты элге жеткирген журналисттерге эмес, маалыматты берген адамды күтүп турарын айтат:

- Бул мыйзам жалпы сөз эркиндигине каршы эмес. Күнөөсү жок адамдарды кылмышкер катары көрсөткөндөргө каршы. Ким ошол маалымат каражатына чыккан маалыматты ойлоп тапса, же ошол басылмага атайылап каралоого заказ берсе ошол адам жоопко тартылат. Болбосо бизде кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарган гезиттер, жеке каналдар көбөйүп кетти. Менимче, бул мыйзам өз убагында кабыл алынды, анткени зарылдык бар болчу. Гезиттердин көбү билгенин жазып калбадыбы...

Бакир уулу аталган мыйзам журналисттерге түздөн-түз тиешеси жок дегени менен жалган маалыматты көбүнесе жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү таратарына бөркүндөй ишенет.

“Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимов болсо жалган маалымат үчүн журналисттерди соттоо сөз эркиндигин чектеп, оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарына карата кысымды күчөтөт деп эсептейт. Ал аз күн мурда эле айрым басылмаларга каршы бийлик тарабынан куугунтук болуп жатканын айтып, нааразылык акция уюштуруу менен аталган мыйзамга каршы кол топтогон:

- Бул мыйзамдан кийин журналисттер айрым маалыматтарды коомчулукка чыгаргандан коркуп калат өзүнөн-өзү. Биринчиден, журналист ички ниети менен өзүн цензуралайт. Экинчиден редактор, үчүнчүдөн сот чектөө коёт. Ошентип сөз эркиндиги кысымга алынат. Бийликтегилер басылмада бир киши жөнүндө маалымат болсо эле журналистти ушул мыйзамга такап соттогонго аракет кылып баштайт. Өз кезегинде чоңдордон келген буйрукту кыңк этпей аткарган соттор четинин соттой берет. Анткени бул мыйзам жогору жактын заказы менен парламентте кабыл алынды да.

Буга чейин ЕККУ баш болгон бир катар эл аралык жана жергиликтүу уюмдар президент Атамбаевди демократиянын ажырагыс бир бөлүгү болгон сөз эркиндигин чектеген мыйзамга кол койбоого үндөшкөн. Алар аталган мыйзам долбоору башмыйзамда жазылган “эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес” деген 33-беренеге каршы келерин көрсөтүшкөн.

“Каралоо үчүн жазаны Атамбаевден башташ керек”

Улуттук оппозициялык кыймылдын тең төрагасы, ЖК депутаты Равшан Жээнбеков мыйзамдын иштеп кетишинен күмөн санайт. Эгер мыйзам журналисттерге эмес саясатчыларга багытталган болсо эң ириде президентти жоопко тартууну сунуштайт.

- Анда биринчи кезекте Атамбаевдин өзүн соттош керек. Анткени ал соттун чечими жок туруп эле айрым адамдарды кылмышкер деп айрыкча оппозициялык саясатчыларды көрүнгөн жерде жамандап келет. Менимче, бул мыйзам менен эки-үч журналист соттолуп, эки-үч оппозициялык басылма жабылат. Андан кийин өзүнөн-өзү эле иштебей калат, эл деле мындай кысымга чыдабайт.

Деген менен Жээнбеков жалган маалымат үчүн кылмыш жообуна тартуу керек деген мыйзамга макул деп добуш берген. Анын айтымында, 15ге жакын эл өкүлү мыйзамдын эмне жөнүндө экенин жакшы билбей колдоого алышкан жана добуштарын кайра чакыртып алуу аракеттеринен майнап чыккан эмес.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин башчысы Кубанычбек Таабалдиев кылмыш жоопкерчилиги журналистиканын эл аралык стандарттары менен иштеген маалымат каражаттары үчүн тиешеси жок экенин айтат. Анын пикиринде, президент кол койгон мыйзам ич ара тазалануунун аракетиндеги журналисттердин максатына шайкеш келет. Ал буга жаш журналисттердин ушак айыңга, жалган маалымат таратууга каршы уюштурган “Антиөрдөк” акциясын мисал тартты.

- Азыр журналисттер өздөрү жөнүндөгү жагымсыз сөздөрдөн арылып, чеберчилигин арттырууга көңүл буруп жатышат. Буга мисал катары “Антиөрдөк” акциясын, журналисттер арасында тажрыйба бөлүшүүнү максат кылган “Устат-шакирт” долбоорлорун айтсак болот. Демек, журналисттер арасында да, коомчулукта да мындай мыйзамга муктаждык бар.

“Фридом хаус” уюмунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча былтыр 197 өлкөнүн ичинен 158-орунда болсо, быйыл он бир орун алдыга жылган. Бирок Кыргызстан буга карабастан маалымат каражаттары эркин эмес мамлекеттердин катарынан чыга элек. Адистердин баамында, жогорудагы мыйзамдын кабыл алынышы сөз эркиндигин чектеп, өлкөнүн эл аралык чөйрөдөгү баркын түшүрөрү шексиз.
XS
SM
MD
LG