Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Кытай кыргыз жаштарына кучагын ачууда


Кытай жаштары. 20-июнь, 2011-жыл.
Кытай жаштары. 20-июнь, 2011-жыл.

Кытай ишкерлери Бишкекте өткөн кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланган форумда кыргыз жаштарына кызыгуусун билдирип, алар үчүн иш берүүгө даяр экенин билдиришти.

Кытай ишкерлери студенттер менен келишим түзөт

Бишкекте өтүп жаткан “Жибек жолу экономикалык аймагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы” аттуу эл аралык форумга эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү, ишкерлери жана окумуштуулар катышууда. Форумду уюштурган Бишкек гуманитардык университетинин проректору Суусар Искендерова кыргыз-кытай кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилейт. Ал буга кытай ишкерлеринин кыргыз студенттерине болгон кызыгуусун мисалга тартты:

- Кытай иш берүүчүлөрү мына бүгүн биринчи жолу вакансиялар жармаңкесин өткөрүп жатат. Эгер алар биздин жаштар менен тил табышып калса эмгек келишимдери түзүлөт. Форумга 30га жакын ишкер катышып жатат жана баары тең биз менен кызматташууга даяр.

Кытай ишкерлери кыргыз жаштарына кызыгуу артып жаткан чакта, Кытайдан билим алууну самаган студенттердин саны да арбып бараткандай. Учурда аталган өлкөдө билим алып жаткан кыргызстандыктардын саны 2 миңге жеткени айтылат. Алардын бири Нурсултан Кубанов кыргыз жаштарынын Кытайга болгон тартылуусун мындайча түшүндүрдү.

- Кытай дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтүп, экономикалык секириктерди жасап жатат. Муну көрүп биздин жаштар алдыга умтулуу максатында ошол жактан билим алууда. Экинчиден, Кытай биздин студенттерге көбүрөөк квота бөлүп, жакшы шарттарды түзүп жатат. Менимче, булардын негизги максаты - Конфуций институттары аркылуу маданиятын жайылтуу болуп саналат. Аталган институттардын көп ачылып жатышынын саясий максаты да ушунда. Мындай карасаң бул саясатты дүйнөнүн бардык эле өлкөсүндө жайылтып жатышат.

Кыргыз жаштары кытайлашып баратабы?

Анткен менен кыргыз-кытай интеграциясынан кооптонуп, коңшулардын жылуу мамилесинин артында тымызын кызыкчылыктар бар экенин айтып чочулагандар да аз эмес. Алардын бири жарандык активист Тимур Саралаев. Ал буга чейин өлкөдөгү мыйзамсыз иш жүргүзгөн кытай жарандарына каршы акцияларга активдүү катышып, аларга каршы чара көрбөгөн бийлик өкүлдөрүн сындап келет.

- Азыркы учурда соода, өндүрүш, тейлөө тармагы кытайлашып бүттү. Ал эми маданиятта, билим берүү чөйрөсүндө кытайлашуу акырындап жүрүп жатат. Мисалы чоң-чоң окуу жайлардын ар биринде Конфуций институттары бар. Конфуций кытайлар үчүн чоң идеология. Ошондуктан кытайларга каршы туруштук берүү үчүн улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогон мамлекеттик саясат жүргүзүү зарыл.

Деген менен мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кытайлардан корко турчу эч нерсе жок экенин баса белгилейт. Анын пикири боюнча коңшулар менен кызматташып, жакшы ымалада болуу пайдадан башка зыян алып келбейт.

- Кытай коому өтө татаал. Ошондуктан биз кытайлар менен оңой менен интеграция боло албайбыз, кытайлашып баратабыз деген болбогон кеп. Өтө жабык болгондуктан башка улуттар менен оңой менен жуурулушпайт. Биз бир Америкадан, бир Орусиядан коркунуч келип жатат дейбиз. Ушинтип эле ар кайсы державалардан коркуп жүрө беребизби? Андан көрө алар менен кызматташыбыз керек.

Кыргызстанда канча кытай жараны бар экени тууралуу так маалымат жок. Бирок 2008-жылы чек ара кызматы өлкөдөгү кытай жарандарынын саны 60 миңге жеткенин расмий маалымдаган. Алардын көбү "Дордой", "Мадина", "Таатан" сыяктуу соода борборлорунда эмгектенишет. Адистер соңку убактарда жол куруу, өнөр жай, соода тармактарын кытай ишкерлери басып баратканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG