Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Оң рулдуу унааларга чектөө киреби?


Кыргызстанда оң рулдуу унаалар акыркы жылдары көбөйгөнү айтылууда. 2011-жыл. Ош.
Кыргызстанда оң рулдуу унаалар акыркы жылдары көбөйгөнү айтылууда. 2011-жыл. Ош.

ИИМ жана Жол-кайгуул кызматы демилгелеп жаткан оң рулдуу унаалар боюнча чечими өкмөттүн кийинки жыйынында кабыл алынышы мүмкүн.

​Өкмөттүн 11-апрелде өткөн жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев оң рулдуу унааларды чектөө үчүн алгач коомчулуктун пикири эске алынарын билдирди. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн бирден бир күнөөкөрү болуп оң рулдуу унаалар саналат.

- Кыргызстандын жол тармагы сол рулдуу унаалардын кыймылына ылайыкташкан. Ал эми оң жагынан башкарылган машинелер автокырсыктардын санын көбөйтүп жатат. Айрымдар бул маселенин экономикалык жагын айтышууда. Элдин коопсуздугу баарынан жогору турушу керек. Ошондуктан ушундай мыйзам долбоору сунушталды.

Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевдин маалыматына таянсак, 2013-жылы өлкө боюнча жалпы 7500гө жакын автокырсык катталса, анын 500гө жакыны оң рулдуу машинелердин күнөөсү менен болгон. Исаев бул цифра так аныкталган анализдин жыйынтыгы экенин айтууда.

Талант Исаев.
Талант Исаев.
- Ар бир автокырсык каттоого алынып, анализ жүргүзүлөт. Маселен, 2009-жылы оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктан 100 адам мерт болгон. 2013-жылы оң рулдуу унаалардын күнөөсү менен болгон кырсыктан 267 адам көз жумду. Бул цифралар жылдан-жылга көбөйүп баратат.

Деген менен мындай демилгени катуу сындагандар да аз эмес. Борбор Азиядагы эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев оң рулдуу унааларды чектөөнү күлкү келерлик деп атады. Анын ырасташынча автокырсыктардын көбөйүшүнө рулдун кайсы жакта жайгашканы эмес, бир канча негизги факторлор таасир этет.

- Менимче, оң рулдуу унааларды чектөө негизги маселени чечпейт. Андан көрө айдоочулук күбөлүктөрдүн сатылышы, айдоочулардын жол эрежелерин сактабашы сыяктуу маселелерди чечүү керек. Жол кырсыктарынын көбөйүшүн эрежени бузган айдоочуну пара алып, жазалабай койгон инспекторлор да шарттап жатат. Ошол эле учурда тамтыгы чыккан жолдорду оңдомоюн бул маселе чечилбейт. Анан албетте, ар кайсы жерден жолду кесип өткөн жөө жүргүнчүлөрдү тартипке чакыруу керек.

Ал ортодо айрым саясатчылар оң рулдуу унааларды чектөө аркылуу Талантбек Исаев чет өлкөлөрдөн сол рулдуу унааларды ташыган ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп жатат деп айыптап чыгышты. Талантбек Исаев өзү бул дооматты четке кагат.

- Бул мыйзам долбоорунда эч кандай жеке кызыкчылык жок. Мага оң руль менен сол рулдуу машиненин эч кандай айырмасы жок. Бир гана анализге таянып, адамдардын өмүрүн сактоо үчүн чара көрөлү деп жатабыз.
Азамат Акелеев.
Азамат Акелеев.
Оң жагынан башкарылган машинелерди өлкөгө киргизүүнү чектөө ишкерлердин жана кардарлардын капчыгына урулган сокку болот. Мындай ойду экономист Азамат Акелеев билдирди. Анын пикиринде, оң рулдуу унааларга кирчү чектөө эң ириде сол рулдуу унаалардын кымбатташын шарттайт.

- Оң рулдуу машинелерге тыюу салсак, ишкерлер менен кардарлардын тандоо мүмкүнчүлүгүн чектеген болобуз. Жапониядан чыккан оң рулдуу унаалар арзан жана сапаттуу болгондуктан көпчүлүк жарандарыбыз колдонушат. Эл ташыган таксисттердин көбү да ушул үлгүдөгү унааларга качырышат. Оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда баасы жагынан да, сапаты жагынан да абдан ыңгайлуу.

Жол-кайгуул кызматынын маалыматына таянсак, оң рулдуу унаалар өлкөдөгү жалпы автоунаалардын 13 пайызын түзөт. Сол рулдуу унаалардын кырсыкка кабылуу ыктымалдуулугу миң машинеге 7 учур болсо, оң рулдуулардыкы миң машинеге 16ны түзөт. Былтыр жол кырсыктары 30 пайызга көбөйгөн жана андан 1200дөн ашык адам көз жумган. Адистердин айтымында, жол кырсыктарынан орто эсеп менен бир күндө 3 адам каза табат.

XS
SM
MD
LG