Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Создуккан сот иштери: жазадан качуу амалыбы?


Нариман Түлеев сот залында. Бишкек, 22-июль, 2014.
Нариман Түлеев сот залында. Бишкек, 22-июль, 2014.

Жогорку Кеңештин кылмыш иши козголгон депутаттары Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков жана Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун соттук иштери улам жылдырылышы коомчулукта шек жаратты.

Мурдагы калаа башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин сотуна эки жылдан бери чекит коюлбай келет. Түлеев “калаа башчысы болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен 2012-жылы августта камакка алынган. Былтыр Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Депутат буга макул болбой, шаардык сотко арызданган. Ошондон бери сот улам артка жылдырылып келет. Буга бирде Түлеевдин, бирде жактоочулардын ооруп сотко келбей калышы себеп болууда. Деген менен экс-мэр сотту атайын создуктуруп, сот тарабынан камакка алынган мүлктөрүн сатуу аракетин көрүп жатат дегендер да жок эмес. Анткени буга чейин Түлеевдин арызын канааттандырган Биринчи май райондук соту анын мүлктөрүн камактан бошотконго үлгүргөн, бирок чечим кайрадан жокко чыгарылган.

Кылмыш иши менен кошо козголгон эски дарттар...

Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коррупция беренелери боюнча айыпталып жаткан “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун соттук иши 10-июлдан бери 3 ирет жылды.

Мурдагы спикердин жактоочулары анын сотко келбей жатышын саламаттыгынын начардыгы менен байланыштырып келишет. Ал буга чейин 4 жолу тизесинен операция болгон.

Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков Келдибеков сотко араба менен катыша берсе болорун айтат. 22-июлга белгиленген сот отуруму ага 5-жолу операция жасалат деген жүйө менен 1-августка жылдырылган.

- Келдибековдун абалы өтө деле оор эмес, орто деп айтса болот. Тизесине жасалган операциядан кийин кыйла жакшы болуп калды. Бир гана нерсе бар - ал баспашы керек. Болбосо оорусу күчөп кетет. Бирок сотко коляска менен бара берсе болот деп биз ага уруксат бергенбиз. Эми сотко араба менен барар-барбасын өзү чечет да. Кийинки операция качан жасалары азырынча белгисиз.

Келдибековдун жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров соттун эрте бүтүшүнө айыпталуучу деле кызыкдар экенин, бирок баарын врачтардын бүтүмү чечерин айтат.

- Ал өзү деле соттон толугу менен акталам деп күтүп жүрөт. Болгону саламаттыгы жайында болбой жатат. Коляска менен сотко кантип алып келишмек эле? Ошондой шарт жок да. Азиз Батукаев чыкканда Салянова баш болуп врачтардын справкасын бетке кармап аны коргоп чыгышкан. Келдибековдо деле ошондой справкалар бар. Сот, адвокат же айыптоочу эч нерсе кыла албайт. Бул жерде иштин кожоюну - врачтар.

Мамлекеттик айыптоочулар Келдибековдун саламаттыгын текшертип берүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан, бирок врачтар өз бүтүмүн берише элек.

Сотту создуктуруунун сыры эмнеде?

Бишкекти бийлеп турганда сейил бактын чек арасын мыйзамсыз өзгөрткөн деп айыпталып жаткан мурдагы калаа башчысы Иса Өмүркуловдун соту да апрель айынан бери улам жылдырылып келет. Себеби куюп койгондой окшош: же айыпталуучу же жактоочу отурумга келбей калат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аткаминерлердин соту кечеңдешин суудан кургак чыгып кетүү аракети катары баалайт. Анткени соттун создугушу жаза мөөнөтүнүн өтүп кетишин шарттайт.

- Сотту жылдап созгонго тилекке каршы биздин мыйзамдар жол берет. Мурунку чоң кызматтагы адамдардын соту ушинтип созулуп келет. Анткени алар күчтүү адвокаттаррды жалдап, ушундай тактиканы тандап алышкан. Эгер саясатчылар соттолуп кетсе келечегинен ажырайт, кадыр-баркы кетет. Ошондуктан алар жазадан оңой-олтоң кутулуп кетиш үчүн акчанын күчү менен бардык ыкмаларды колдонуп жатышат.

Адистердин баамында, айыпталуучулар сот отурумун атайын кечеңдетишет. Биринчиден, бул убакыт аралыгында жасалган кылмыштын жазага тартуу мөөнөтү эскирип, жоопкерчиликтен оңой кутулууга шарт түзүлөт. Экинчиден, тергөө абагында өткөн бир күн эки күн деп эсептелгендиктен жаза мөөнөтүнүн кыскарышына өбөлгө болот.

XS
SM
MD
LG