Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Кытай - Кыргызстандын улуу досу жана өнөктөшү


2014-жылы Кытайдын ИДПсы 16 триллион долларды түзгөн.
2014-жылы Кытайдын ИДПсы 16 триллион долларды түзгөн.

Кыргызстан географиялык жактан жолдуу. Ажайып табиятка ээ, анан калса дүйнөдөгү даңазалуу өлкөлөрдүн бири – Кытай менен чектешип турат. Мындай коңшу менен экономикалык келечегибиз кең.

Батыш Европада Англия, Франция жана Германия экономикалык жактан жанындагы чакан өлкөлөрдүн өнүгүшүнө шарт түзсө, Кытайдын дүйнөлүк экономиканын көч башында туруусу Кыргызстан үчүн да кеңири мүмкүнчүлүктү ачып турат.

Биз Швейцариянын, Лихтенштейн жана Люксембургдун борбор азиялык көчүрмөсү болууга милдеттүүбүз, эгер биз улуу коңшубузга ачык болсок, сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетебиз.

Кытай чындап эле алп өлкө. 2014-жылы Кытайдын ИДПсы 16 триллион доллар болсо (дүйнөдө 1 же 2-орунда), экспорту 2,4 триллионго (дүйнөдө 1-орунда), 2013-жылы башка өлкөлөргө салган инвестициясы 101 миллиард (дүйнөдө 3-орунда) долларга жеткен.

Бардык экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Кытайдын лидерлиги өсүүдө, жакынкы он жылдыкта өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдү кууп жетет.

Азырынча Кытай батыш өлкөлөрүнөн инновация жагынан артта, бирок бул айырма да акырындап жоюла баштады. Ок-дарыны, компасты, кагазды жана китеп басып чыгууну ойлоп тапкан өлкө кантип дүйнөнүн инновация лидери боло албасын!

Кыргызстан Кытай менен кызматташуудан аз эмес пайда көрдү. Анын арзан товарлары өлкө калкына кыйын кырдаалда жашоого жардам берүүдө. Кытай товарларын рэкспорт кылуу эң негизги “ишибиз” болгонун жашыра албайбыз. Кытай машинелери менен Кыргызстандын тигүүчүлүк тармагы жанданганын да айта кетүү керек.

Кытай Кыргызстандын маанилүү стратегиялык долбооруна миллиарддан ашуун доллар салды. Алар: “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы, Бишкек-Торугарт жана Ош-Эркеч-Там автожолунун реконструкциясы, Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүү заводу, Талды-Булак Сол жээк алтын кени ж.б. Ошол эле орустар каржылаган “аты улук” Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын каскадынын иши алигүнчө ордунан жыла элек. Борбор Азиядагы коңшуларыбызга ондогон миллиард долларлык долбоорлорун ишке киргизип жаткан Кытайдын инвестициясын тартууда Кыргызстан чабалдык кылып келет. Муну моюнга алуу керек.

Кытай менен байланыштуу үч экономикалык фактор Кыргызстанга келечекте зор мүмкүнчүлүк ачканы турат. Биринчиси – Жаңы Жибек жолундагы Кытайды Европа, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия менен туташтырган ондогон миллиарддык инвестиция жумшалчу стратегиялык долбоор. Бул миллиарддын бир бөлүгү Кыргызстанда темир жана авто жолго айланышы керек.

Экинчиси – Кытай акыркы жылдары Кыргызстанга жакын 20 миллион калкы бар Шиңжан уйгур автономиялуу районунун экономикасын көтөрүү аракетинде. Кытайдагы тез өзгөрүүлөрдү эске алганда жакынкы мезгилде Борбор Азиянын тарыхый жактан маанилүү бөлүгүндө экономикасы күчтүү коңшу пайда болгону турат. Үчүнчүдөн, Кытайдын экономикасы сапат жагынан жаңы деңгээлге чыккан сайын эмгектин баасы жогорулап, калктын кирешеси көбөйүүдө, өнөр жай кара жумуштан технологиялык жеңилдиктерге өтүп, экспорт менен инвестициянын ордуна өтүмдүү нерсе катары ички базар менен керектөө алдыга чыгууда.

Бул үч фактордун биримдиги, келечекте Кыргызстан үчүн Кытайды товар өндүрүүнүн, инвестиция жана технологиянын булагы гана кылбастан, негизги экспорттук рынок да кылып турат.

Кытайдын Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле биздин да өсүп-өнүгүүбүзгө кызыкдарлыгы Кыргызстан үчүн чоң олжо. Кытайдын бизге аймактык дооматы жок (Кытай менен чек арабыз делимитация болгон). Кытай биздин ички саясий ишибизге кийлигишпейт. Кытайга Борбор Азиянын олку-солку абалда болушу пайда алып келбейт жана ал ислам экстремизмине каршы.

Кытай Борбор Азиянын экономикалык жактан өнүгүүсү, ич ара пайдалуу соода, инвестиция, маданий алакасы ага аймактагы лидерликти, сый-урмат алып келерин жакшы түшүнөт. Ошол себептүү калыпка түшкөн нерсени сындыргысы келбейт.

Тилекке каршы, Кыргызстандын өкмөтү да, коомчулугу да Кытай менен өнөктөш болуу стратегиялык жактан маанилүү экенин аңдай элек. Экинчи жагынан биздин коомдо синофобия кеңири жайылган. Кыргыз өкмөтү өсүп келаткан гигантка караганда, экономикалык жактан чабал Орусияга ыктап турат.

Стратегиялык жактан алысты көрө билбөөнүн айынан биздин өлкө экономикалык кризиске кабылганы кашкайган чындык. Кытайдан коркуп кереги жок, андан көрө анын бардык тармакка аралашуусуна жашыл жарыкты күйгүзүү керек. Кытай бизнесмендери жана инвесторлоруна шарт түзүү кажет. Кытай туристтерин өлкөгө тартуу зарыл. Кытай тилин мектеп программасына киргизип, Кытай университетин ачып, өз кезегинде студенттерди бул өлкөгө окууга жиберүү керек. (Кытай ЖОЖдору дүйнөдө эң мыкты окуу жайлардын катарында).

Албетте мунун баары Кыргызстан Кытайга толук ишенүүсү керек дегенди билдирбейт. Бирок Кытай Кыргызстандын кызматташууга дайыма кызыкдар, зор, жоопкерчиликтүү жана прагматик өнөктөшү экенин эстен чыгарбоо керек. Кытай менен мамиле курганда күчтүү, эгемен өлкө өз кызыкчылыгын да көздөй билет. Мамлекеттин күчү жана эркиндигинин сыры анын аймагы, калкы, жада калса экономикасында да эмес, элдин мамлекетти колдоосунда.

Кыргызстандын келечеги Кытай менен эле байланыштуу эмес. Индия, Иран, Жакынкы Чыгыш жана Түркия да өнүгүп жатат. Борбор Азия акыркы эки кылымда перифериялык империянын чети болуп келди, качандыр бир кезде улуу цивилизациялар тогошкон чыныгы борборго айланат деп ишенели.

Данияр Айтман

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт).

XS
SM
MD
LG