Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Чолпон-Ата: ат майдандын курулушу бүтө элек


Көчмөндөр оюнуна карата шашылыш курулуп жаткан ат майдан. Чолпон Ата, 25-август, 2014.
Көчмөндөр оюнуна карата шашылыш курулуп жаткан ат майдан. Чолпон Ата, 25-август, 2014.

Көчмөндөр оюну өтчү Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу бүтпөй калуу коркунучунда. Буга чейин курулуш иштерине каралган 52 млн. сом жетпей, мамлекеттик бюджеттен дагы 16 млн. сом бөлүнгөнү турат.

Чолпон-Атадагы 800 кишилик ат майданды 7 миң кишиге ылайыктап кеңейтүүдө Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 150гө жакын жумушчу эки нөөмөттө иштеп жатышат. Буга чейин бийлик өкүлдөрү аталган ат майдандын курулушу 1-сентябрга толугу менен бүтөт деп убада кылып келишкен.

Курулуштун кечеңдешине эмне себеп?

Деген менен куруучулар аталган мөөнөткө чейин курулуш иши бүтпөй калуу коркунучу бар экенин жашырышпайт. Жумушчулардын бири Кенжебек Акаев иштин жылбай жатышын эмгек акылардын өз өлчөмүндө берилбей жатышы менен байланыштырат.

- Биз 20 бала болуп Токмоктон келгенбиз. Иш берүүчүлөр 1 метр куб жерге кум толтурганга 250 сомдон төлөп беребиз дешкен. Тыным албай 5 күн иштедик. Иш бүткөндөн кийин 150 сомдон беребиз, нааразы болсоңор милицияга каматабыз дешти. Айла жок бергенин алдык. Бизди чакырып жатканда намыс үчүн иштеп бергиле дешкен. Ушинтип жатса курулушу убагында бүтмөк беле?

Бул боюнча иш берүүчүлөрдөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Курулушчуларды тескеп жаткан уста башчысы Аскарбек Асакеев ат майданды белгиленген мөөнөттө куруп бүтөбүз деп ишендирүүдө.

- Кудай буюрса 1-сентябрга курулуш иштери бүткөрүлөт. Азыр 2 нөөмөттө иштеп жатабыз. Керек болсо жумушчуларды дагы чакырабыз. Акча, курулуш жагынан азырынча маселе жок.

Курулушчулардын айтымында, уста башчыларынын бат-баттан алмашып жатышы ишти артка тартып келет.

Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов да бул жагдайды четке какпайт.

- Биринчи келген прораб уюштуруу иштерин туура эмес жүргүзүп ишинен алынган. 10 күндөн бери эки прораб биргеликте иштеп жатат. Архитекторду да жаңы дайындап, Бишкектен жөнөттүк.

Ал ортодо ат майдандын кеңейтилиши үчүн бөлүнгөн 52 млн. сом курулуш иштерине жетпей дагы 16 млн. сом керектелери ачыкка чыкты. Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов аталган каражат Дене тарбия жана спорт агенттигинин резервинен алынарын айтууда.

- Ат майдан чоң курулуш объектиси болуп калды. Ошондуктан дагы 16 млн. сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнмөй болду. Жер кыртышына байланыштуу дагы кошумча бетондор куюла турган болду. Азыр президент баш болуп курулуштун сапаттуу бүтүшүн көзөмөлдөп жатат. Кудай буюрса бул курулуш кыргыз эли үчүн бир топко кызмат кылат.

Көчмөндөр оюну өзүн актабайбы?

Түрк тилдүү элдердин көчмөндөр оюнун уюштурууга жалпысыныан 118 млн. сом бөлүнгөн.”Кыргыз консепт” ишканасынын башчысы Эмил Үмөталиев аталган каражат Кыргызстан үчүн ашыкча чыгым экенин айтат. Анын айтымында, эч кандай тендер өткөрүлбөй шашылыш уюштурулуп жаткан иш-чарадан өлкө капчыгына киреше түшөрү күмөн.

- Менимче, көчмөндөр оюнун өткөрөбүз деп миллиондогон акчаларды жумшаганыбыз куру намыска жатат. Анткени жергиликтиүү элдин чөнтөгүнө бул иш-чарадан акча деле түшпөйт. Сарптаган чыгымдарды актабаган иш-чаранын пайдасы канча? Мындай иштерди жасардан мурда тендерлерди жалпы элге ачык өткөрүш керек эле. Баары ачык жасалса эл шек санамак эмес.

Үмөталиев кошумчаалагандай 68 млн. сом сартпталып жаткан ат майдандын курулушу талапка жооп бербесе тиешелүу жетекчилер жоопко тартылышы керек.

Ысык-Көл облуснун башкы архитектору Адилет Абдыкадыров ат майдан тез арада, бирок сапаттуу курулуп жатат деген ойдо. Анын ишендиришинче, бир айда курулган ат майдан 50 жыл кызмат кылат.

- Убакыт аябай эле тар. Бирок биз бардык техникалык эрежелерди сактап жатабыз. Бетондор куюлгандан кийин 7 күн кургашы керек. Бизде дагы убакыт бар. Оюндар башталганга чейин бетондордун 80-90 пайызы даяр болот. Курулуш бүткөндөн кийин тиешелүү органдар сапатын текшеришиет.

“Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда.

Ат майдандын курулушунан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG