Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Архитектор болуу кыялым орундалат


Мен кесипти кантип тандадым? Бул суроону мен өзүмө бергенден кийинки күндөрү уялчу болдум. Анткени менин кесип тандоо мүмкүнчүлүгүм жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыраары менен чектелди десем болот. Саналуу гана упай менин келечек кадамдарымды өзгөртүп койду.

Келечектеги кесибимди ойлогондо мен өзүмдүн жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнө чыгып каска кийип, аркамда толтура кишилерди ээрчитип алып курулуштун долбоорун талкуулап жатканым көз алдыма тартылчу. Бул кыялга жетүү үчүн албетте жогорку окуу жайды бүтүрүү керек. А менин алган упайым бул кыялга жетүүнү бир аз кечеңдетти десем болот. Туура, максатка жетүү үчүн бир нерсе менен гана чектелип калбоо керек. Келечегим али алдыда.

Кыялымда Кыргызстандыгы курулушту оңдогум келет. Чет жактан келген туристтер суктанып сүрөткө түшө турган архитектуралык имарат салып, Кыргызстандын же болбосо Бишкектин "визиттик карточкасын" кургум келет. Дегеле бизге келген коноктор Бишкектин кай жерин сүрөткө тартат. Ооба, биздин алмаштыргыс, суктанчу жаратылышыбыз бар, бирок ошол эле убакта замандын өсүшүнө ылайык биздин мактанчу архитектуралык курулушубуз жокко эсе.

Өзүм ата-энемдин эркеси болуп чоңойдум. Менден улуу байке-эжелеримдин баары жакшы окуп, университетке өз күчү менен өтүшкөн. Үйдүн кичүүсү болуп, балким сабакка көңүлкош мамиле жасадым. Апам дайыма “балам жумуштарынын баарысын киши жалдап жасатат, кийин чоң жерде иштейт” деп көп айтчу. Мен болсо чоңойсом эле чоң жердеги жумуш күтүп тургансып, акча асмандан келчүдөй түшүнчүмүн. Бирок мен өмүр бою ата-энемдин карамагында болбостугумду, ошол чоң кызматта иштеп киши жалдап жумуш жасатуу үчүн талыкпаган эмгек, акыл жана жөндөм керек экендигин бүтүрүү классында окуп жатканда түшүндүм.

Ата-энем менен кеңешип орто окуу жайдын автоэлектр бөлүмүнө тапшырмай болдум. Анткени ал окуу жайга жалпы республикалык тестин жыйынтыгы жок эле кабыл алат экен. Буюрса, ал окуу жайды ийгиликтүү аяктасам, андан алган дипломум менен жогорку окуу жайдан окууну улантсам болот экен.

Адилет Кадыров, Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү

XS
SM
MD
LG