Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Жоопко тартылбаган жогорку жетекчилер


Ош шаарындагы үйлөр
Ош шаарындагы үйлөр

Жогорку мамлекеттик кызматкер жоопко тартылышы үчүн канча мыйзамды бузушу керек? Ал эми коррупциялык схемалар үчүн жөн гана кызматтан алуу жазабы же сыйбы?

Мамлекеттик жогорку кызматкер жоопко тартылышы үчүн канча мыйзам бузушу керек? Бирдиби? Үчтүбү? Же андан көппү?

Башкы прокуратура эки ирет азыркы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевди жоопко тарткыла, ал Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу” жана “Мамлекеттик кызмат” жана “Кирешеси тууралуу декларация” боюнча мыйзамды бузду дегенине карабастан мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев, азыркысы Жоомарт Оторбаев эмнеге чара көрүшпөйт? Же бул Тайыр мырза айткандай, атаандаштарынын эле ага болгон жалаасыбы? Эмнеси болсо да, Чубактын кунундай чубалган бул окуяны депутаттык комиссия тыкыр иликтесе дагы, азыркыга чейин чекит коюла элек. Эмесе маселеге башынан токтололу.

Жоопко тартылбаган жогорку жетекчилер (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Окуу жайларындагы коррупция дегенде бизге көбүнчө катардагы мугалимдердин пара алып жатканы эске келчү. Бул жашыруун деле эмес. Бирок, акыркы убактарда ал ойлор өзгөрүлдү. Эми биз коррупция ректорлорду, Билим берүү министрлигинин жогорку катмарын элестетип, ал тургай министрдин өзүнөн шектене баштадык. Ректордун тууганы министрдин кубаттуу колу менен улам көтөрүлүп отуруп баллы жетпей турса да, бюджеттик орунду баса жыгылганына кандай баа берсе болот? Коррупциялык схемалар үчүн жаза кызматтан алуу менен эле чектелеби?

Жоопко тартылбаган жогорку жетекчилер (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:44 0:00

Ош шаарындагы сапатсыз салынган, кокус урап калышы мүмкүн деген үйлөр дагы канча? Биз ал үйлөрдүн санын эсептеп бүткүчө башкалар Ош менен Жалал-Абадга келген миллиарддаган сомдордун дайынын таппай убара.

Жоопко тартылбаган жогорку жетекчилер (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:04 0:00

Мамлекеттик акчаны максатсыз пайдаланды деп жоо кеткенден кийин кылычыбызды булгалап калмайыбыз бар. А ошол мамлекеттин акчасын максатсыз пайдалануунун алдын алууга эмнеге болбосун? Же миллиондоп акча чачып жол салып, ага жүз күн сайын жүздөп жамаачы салгыдай деңгээлге жеттикпи? Мындай мисалдарды алыс барбай эле Бишкектен бир аз чыксаңыз таба аласыз.

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Улан Асаналиев

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG