Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Жемкорлук: күрөш бар, жылыш аз


Экс-министр Равшанбек Сабировду Биринчи Май райондук сотуна апкелишүүдө. 6-июль, 2012-жыл.
Экс-министр Равшанбек Сабировду Биринчи Май райондук сотуна апкелишүүдө. 6-июль, 2012-жыл.

Отун-энергетикалык, тоо-кен, салык, бажы тармактары, мамлекеттин үлүшү бар ишканалар, ошондой эле сот жана укук коргоо органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан багыттар.

Бул тууралуу 29-мартта Бишкекте жемкорлукту азайтуудагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана коомчулуктун ордун талкуулаган тегерек үстөлдө айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиевдин айтымында, чекисттер тарабынан 2012-жылы коррупция боюнча 298 кылмыш иши козголуп, 214 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ал эми жыл башынан бери 54 кылмыш иши козголуп, 13 адам коррупция боюнча шектүү деп табылган. Бул иштердин натыйжасында соттолгон кызмат адамдарынын саны 32ге жеткен. Ал эми коррупциялык аракеттердин айынан 2012-жылы жана 2013-жылдын биринчи үч айында мамлекетке 1 миллиард 700 миң сом зыян келтирилип, анын 400 миллион сому казынага кайтарылган.

Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиев бул багытта аракеттер жетишерлик жүрүп жатат деп, жемкорлук боюнча камакка алынган жогорку кызмат адамдарын атады.

- Чуулгандуу кылмыш иштер деп, Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жана анын жардамчысынын, ошондой эле ушул эле министрликтин орун басары Гүлнара Дербишованын кармалганын айтсак болот. Ошондой эле мурдагы Бишкек мэри жана депутат Нариман Түлеевдин, Өзгөн райондук сотунун төрагасы Султановдун, Геология агенттигинин мурдагы директору Учкун Ташбаевдин, Энергетика министрлигиндеги бааны чектеген мамлекеттик департаментинин жетекчиси Султанкулованын жана “Улуттук электр тармактары” ишканасынын төрага орун басары Мурзакматовдун иштерин да айтсак болот.

Бектен Сыдыгалиев бул тизмеге ИИМ академиясынын ректору Алмазбек Базарбаевдин орун басары Рахматилло Амираев менен бирге пара алуу фактысы боюнча кармалганын да кошту.

Анткен менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин байкоочулар кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев прокуратура жана башка укук коргоо органдары мыйзамдык негиздер бар туруп, бул багытта жетишерлик иш жүргүзбөй жатканын белгиледи. Ал 2012-жылы кабыл алынган “Коррпуцияга каршы күрөш” мыйзамын мисал ттартты.

- Биз корупция талаасын кыскартуу үчүн мыйзамдык негиздерди, жол-жоболорду түздүк. Бирок ал “куралдарды” колдонбой жатабыз. Ошондуктан бул мыйзамдын да бар-жогу билинбей калат деген кооптонуу бар. Же ал саясий же экономикалык атаандаштарды гана сүрүп чыгаруу үчүн пайдаланылып калышы мүмкүн.

Ал эми көз карандысыз эксперт Кубанычбек Бектемиров Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жүргүзүп жаткан ишин сынга алды.

- Казынага 1 миллиард 700 миң сом зыян келтирилген дейт. Анын бир аз гана пайызы кайтарылыптыр. Бул эмне деген жыйынтык? Антикоррпуциялык кызматтын ишинин натыйжасын көрө элекпиз, анча-мынча гана иштерди кылганы болбосо. Мисал кылып Нариман Түлеевди айтып жатышат. Андан башка да милиондорду уурдагандар бар.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2011-жылдын акырында түзүлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда коррупция жана экономикалык кылмыштар менен башкы прокуратура, ИИМ жана экономикалык кылмыштар боюнча кызмат да күрөшөт.
XS
SM
MD
LG