Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Өмүрзаков: кылмыш топтору жазасыз калбайт


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков уюшма кылмыш топко каршы күрөш тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Шаардык милициянын өткөн айдагы иши тууралуу жыйында өздүк курамды "уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүнө жакын жолобогула, бир үстөлдө, бир кафеде отурбагыла" деп эскерткен экенсиз. Мындай эскертүүгө эмне негиз болду? Эмне себептен ушинтип айтканга мажбур болдуңуз?

Сүйүн Өмүрзаков: Өздүк курамга мындай талапты койгонумдун себеби, Ош шаарында милициянын полковниги Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу болгон. Буга чейин милициянын полковниктери Уран Алиев, Анвар Алиев, Чыныбек Алиев жана башка кызматкерлердин өлүмү уюшма кылмыш топтордун иши экени жашыруун эмес.

Аталган кызматкерлерди өлтүрүүнү уюштурган адамдар кайсы бир убактарда милиция менен чогуу бир жерде отуруп калган болушу мүмкүн. Интернеттен азыр менин айткандарым боюнча акыйкатчы Турсунбек Акундун комментарийин окудум. Ал "кылмышкерлер менен бир жерде отурбагыла" дегендей түшүнүп, комментарий бериптир. Сөз камалып, соттолуп чыккандар эмес, уюшма кылмыш топтор жана алардын лидерлери жөнүндө болуп жатат. Мындай топтор катуу чара көрмөйүнчө токтобойт. Алар кылмышты мыкаачылык менен жасайт.

Бир дагы уюшма кылмыш топ жана алардын мүчөлөрү жазасыз калбай, мыйзам алдында жооп бериши керек. Булардын айынан биздин канча деген ишкерлерибиз качып, коркуп, жашырынганга аргасыз болуп жүрүшөт. Биз алардын бизнесин, жеке менчигин коргоп беришибиз керек. Алар мамлекетке салык төксө, элдин турмушу оңолот.

Уюшма кылмыш топтун мүчөсү милициянын полковнигин атып өлтүрүп, ал кармалбай жатат деп айткам. Себеби алар Ош шаарында жүргөн деп айтылып жатат.

“Азаттык”: Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жакында эле милициянын коллегиясында уюшма кылмыш топ менен күрөш солгундап кеткенин айтып, сынга алды эле. Буга негиз барбы?

Сүйүн Өмүрзаков: Уюшма кылмыш топко каршы маал-маалы менен эмес, күнүгө иш алып барыш керек. Ал сынды туура кабыл алабыз. Ошондуктан январь айы боюнча жыйында өздүк курамга уюшма кылмыш топко айоосуз күрөш жүргүзүүнү талап кылдым.

“Азаттык”: Маалымат бере кетесизби, Ош шаарында уюшма кылмыш топтун канча мүчөсү каттоодо турат? Былтыр канча адам кармалып, канча кылмыш иш козголду?

Сүйүн Өмүрзаков: 2012-жылы биздин каттоодо 23 адам турган. Алардын ичинен беш адам кармалып, жоопко тартылды. Үч адамга издөө жарыяланган. Бир адам Орусияда кармалды. Бүгүнкү күндө 15ке жакын мүчөсү бар. Бирок булар Ошто эмес, Орусияда, Өзбекстанда жана Бишкекте жүрөт. Бирок биз алар алыста жүрсө да көзөмөлдөп турабыз. Эгер кандайдыр бир кылмышка шектелсе, чара көрүп, жоопко тартабыз.

“Азаттык”: Соңку күндөрү “уюшма кылмыш топтор кайра жанданды, ишкерлерден эки жылдык отчетун алып” жатат деген сөз тарап жатат. Салык салуу, акча өндүрүү сыяктуу иштери жанданганы байкалып жатабы?

Сүйүн Өмүрзаков: Баш көтөргөнү байкалып жатат деп айта албайм. Жогоруда айткандай, булар менен күнүгө иш алып барыш керек. Негизи мындай топтордон ыдык көргөн бизнесмендер бизге арыз жазышы керек. “Бир аял айтты” дегендей болбош керек. Биз арызы жок кылмыш иш козгой албайбыз.

“Азаттык”: Азыр “жаңы каралар” пайда болду, алар мурункулардан айырмаланып, уруп-согуп салык салбайт, колунда барлардан “хадия”, же “көңүлүңөн чыкканыңды бер” деп сурашат, адатта алар дин жолунда жүрөт, намаз окуйт, балким ажыга барып келген деп айтышат. Ушундай агым тууралуу айтып бересизби?

Сүйүн Өмүрзаков: Эми мындай топтор ачылса, анда мыйзамдашып ачса керек. Кайсы жерде канча акча, канча салык топтолуп жатат, ал муфтияттабы, же башка жердеби айтор эсеп-кысабы алыныш керек. Эгер кандайдыр бир коом ачып алып, алдамчылык менен акча чогултуп атса, анда чара көрүшүбүз керек. Эгер бизге ушундай арыздын негизинде кайрылса, биз сөзсүз чара көрөбүз. Бизге ушундай арыз менен кайрылган бир дагы факт жок.

Ош шаарында 6 темир куту орнотулган. Эгер арыз менен милицияга кайрылгылары келбесе, тартынса, ошол кутуга кат салып койсо болот. Ошол жакка да абдан көп маалымат түшөт.
XS
SM
MD
LG