Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Кара күчкө катылган саясат


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Мамлекет башчысы Атамбаев ири ишкер саясатчылар менен кримтөбөлдөр спорт клубдарын ачып, анда машыккандарды жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатканына басым жасады.

Айрыкча саясатчылар арасында спорт залдарын ачуу жана кара күчтүн аркасы менен шайлоодо жеңишти камсыздоо өнөкөтү күчөгөн. Ошондой эле талдоочулар спортчулар ресурска ээлик кылуу жана таасир талашуу үчүн маанилүү куралга айланганын белгилешүүдө. Айрым спорт залдарын күчтөндүрүү үчүн мушташ өнөрүнүн тыюу салынган ыкмалары үйрөтүлөрү боюнча маалыматтар бар.

Жашыруун залдарда кимдер даярдалат?

Кыргызстандагы спорт залдарынын так саны бул тармакты көзөмөлдөгөн бийлик органдарына да белгисиз. Анткени көпчүлүк спорт залдары каттоодон өтпөйт. Ал турсун Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгындагы булактардын маалымдашынча, кримчөйрөгө караштуу жашыруун спорт залдары да бар. Аларда лезвия, бычак жана канжар колдонулган тыюу салынган мушташ ыкмалары үйрөтүлөрү айтылып жүрөт. Ички иштер министрлигинин Түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов уюшкан топторго таандык спорт залдарынын иши иликтенип жатканын айткан болчу:

Малик Нурдинов.
Малик Нурдинов.

- Көпчүлүк спорт клубдар уюшкан кылмыш топторуна аралашып же алардын социалдык базасын түзүүчү факторго айланып калган жагдай бар. Бул эми ар бир машыктыруучунун же мына ошол спорт залдарын ачкан саясатчы-демөөрчүлөрдүн абийириндеги иш. Бизде уюшкан кылмыштуу топтор шаарда жашыруун спорт залдарын ачып алышып, өздөрүнүн мүчөлөрүн жана таламдаштарын ошол жерден даярдайт деген маалыматтар бар. Мына ошондуктан биз ушундай жагдайды иликтеп чыгып, андай аракеттердин тамырын кыркуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Күркүлдөрдүн күчү спортчулардабы?

Спорт залдарын ачуу аркылуу таасирин арттырган күчтөр негедир Ошто көбүрөөк байкалат. Андагы “Жаш күч” жана “Эр бол” сыяктуу спорт залдары депутат Алтынбек Сулаймановдун аты менен байланыштуу. Анын мурдагы ишкер өнөктөшү, азыр “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Рустам Маманов кезинде “Темир” ишканасына караштуу залдарда машыккан спортчуларды каржылап турган. Азыр ал мына ошол өзүнө караштуу спорт залдарын жандантканы боюнча маалымат бар. Милициянын маалыматы боюнча, Кызыл-Кыяда, Ноокатта жана Ошто спорт залдарынын көптүгү жагынан депутат Сулайманов алдыда. Мына ошондуктан Алтынбек Сулайманов парламентте ички иштер министрине суроо берип жатып, уюшкан кылмыш топтору менен спорт чөйрөсүн айырмалоо маселесин көтөргөн болчу:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Биздин мамлекетте ким спортчу, ким уюшкан кылмыш тобунун өкүлү экенин сиздин кызматкерлер жакшы ажырата албайт экен. Спортчулар эми чынында тентек болот, көчөдө мушташып жүрөт. Ошолордун бардыгын эле уюшкан топторго мүчө деп каттоого алып жатасыздар. Бирок алар уюшкан кылмыш топторуна кирбейт. Мына ушуну эске алып, иш алып барсаңыздар болот эле.

Бирок күч менен маселе чечүүгө ыңгайланышкан спорттук чөйрөнүн өкүлдөрүнүн криминалдык топтордон айырмасы барбы деген суроо дайыма жоопсуз калып келет. Спортчуларды күч колдонулган териштирүүлөргө аралаштыруу же аларды шайлоодо таяныч катары колдонуу өнөкөтү соңку он жылда Кыргызстанда кеңири жайылды дейт саясат талдоочу Руслан Ташанов:

- Саясат жасайм дегендер спорт залдарын өздөрү ачып берип, мына ошол спортчулардын кылмыш иштерин жаптырып берип, аларды жоопкерчиликтен куткарышат. Мына ушундай жол менен карыз кылып алгандан кийин аларды каалагандай пайдаланышат. Мисалы, ошол саясатчылар спортчу балдарды шайлоо участокторуна жөнөтүшөт. Алар участкалардын алдында атайылап тыгын уюштуруп, шайлоочулар тобун иргегенге көмөк көрсөтүшөт. Алар өздөрүнө тиешеси жок шайлоочулар тобун участкаларга киргизбөө, атаандаш партиялардын же талапкерлердин байкоочуларын коркутуп-үркүтүү, участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө басым көрсөтүү иштери менен шугулданууга даярдалган. Шайлоодо үстөмдүк абалга жетишүүдө алдын ала берилген бюллетендерди урналарга таштап туруп чыга беришет. Мына ушундай жол менен добуштарды камсыздоо кадимки өнөкөткө айланган.

Чоң муштумдардын чоң мектеби

“Ош-Азия” спорт клубуна ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун иниси Данияр Асанов ээлик кылат. Анын башка бир машыгуу залдарына каржылык колдоону “Эркеч-Там” бажы өткөрмөсүнүн башчысы, эрежесиз эр уруш боюнча чемпион Зафар Айдаров колго алган. Түштүк-батыш бажы башкармалыгынын башчысы Раим Матраимов Кара-Сууда бир нече спорт залдарын ачкан. “Алыш” спорт клубу депутат Чолпон Султанбекованын карамагында болгон менен ага Алмамбет Анапияев көзөмөлдүк кылары айтылып жүрөт. Оштогу “Турбаза” спорт клубун маркум депутат Санжар Кадыралиев түптөп, азыр ага анын бир туугандары көзөмөлдүк кылат. “Мухаммед-Умар” деген аталыштагы ири спорт клубу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковго таандык. Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун кызыкчылыгын коргогон эки спорт клубу бар. Алар - “Таймаш” спорт клубу менен Оштогу мушкерлер мектеби. Ош шаардык кеңешинин “Улуттар биримдиги” фрациясынан депутат Шайлообек Атазов ал спорт мекемелеринин максаты тууралуу мына буларга токтолгон болчу:

- Биздин спорт клуб спорттун олимпиадалык түрү - бокс боюнча спортчуларды даярдагандыктан, саясий курал катары бир адамдын туусунун алдында турбайбыз. Биз спортту өнүктүрүп, намысты колдон коё бербестен жалпы элдин кызыкчылыгын бийик көтөрөбүз. Кийинки кезде модага айланган жанагы жер төлөлөрдө балдарды машыктырып, анан бирөөлөрдү “чабуу” үчүн даярдалган спорт залдарынан эмеспиз. Бирок шаарга кандайдыр бир коркунуч келе турган болсо, алдыга чыгууга даярбыз. Бизде жети жүз спортчу жигит бар. Шаарыбызга, элибизге кандайдыр бир коркунуч туулса эки миңге жакын баланы көтөрө алабыз. Бирок биз эч качан бир адамдын, саясатчынын туусунун алдында гана чыкпайбыз.

Спортчулар ишкердикти коргоого колдонулганда

Мурдагы парламент депутаты Камчы Ташиев Жалал-Абаддагы “Таймурас” спорт клубун уюштуруп, ал анын буга чейинки шайлоо өнөктүктөрүнө чоң таяныч болгон. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты, Аравандагы цемент заводунун кожоюну Азамат Арапбаев да өзүнүн таасирин күчөтүү жана ишкердигин коргоо үчүн чымыр денелүү жигиттердин кызматына мажбур болгон. Анын Ошто “Гром” деген күзөт агенттиги жана ошондой эле аталыштагы спорт клубу бар экени коомчулукка белгилүү. Бирок депутат Азамат Арапбаев бул маалыматты мындайча четке какты:

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

- Мен эми атайын спорт клубдарын каржылабайм. Бирок таланттуу жаш спортчуларды колдоп турам. Алар мелдештерге же чемпионаттарга барганда каржылык колдоо көрсөтөм. Бирок башкаларчылап, спорт клубдарды ачып, аларды дайыма каржылап турганга менде мүмкүнчүлүк жок. Биз азыр укуктук мамлекетте жашап жаткан соң, спортчулардын көптүгү менен башка бирөөгө күч көрсөтүүдөн алыс болууга тийишпиз.

Спорт клубдарын ачып, жоон билектердин армиясын түзүү жагынан Бишкектеги саясатчылар жана ири ишкерлер дагы артта калган эмес. Бирок Бишкекте Оштон айырмаланып, кеңири жайылган спорт залдары менен күзөт агенттиктеринин артында кайсы саясатчы же ири ишкер тургандыгы коомчулуктан жашыруун. Ошентсе дагы “Патриот”, “Боец”, “Кырк Чоро” спорт клубдары бийликтин кызыкчылыгын коргоо үчүн даярдалганы айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов спорт клубу болгону менен аны жеке кызыкчылыгына колдонбой турганын белгиледи:

- Ооба менин “Прадо” деген аталыштагы спорт клубум бар. Аны биз жаш балдар көчөдө бекер жүрбөй, спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдасын деп ачканбыз. Бирок мен аны жеке кызыкчылык үчүн шайлоодо иштетем же армия курайм деген ойдон алысмын. Ал эми бизнести коргоо үчүн коопсуздук кызматы бар. Ал кызмат биздин мекемелерге келгендердин коопсуздугун көзөмөлдөйт.

Тазалануунун сааты...

Президент Алмазбек Атамбаев акчалуу кишилер тарабынан ачылган спорт клубдарында көбүнчө болочок криминалдар жана маселени кара күчкө салып чечүүгө багыт алган жаштар тарбияланып жатканын айткан болчу. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өлкөдө уюшкан кылмыш топторунан тазаланууга убакыт келип жеткенине токтолду:

- Уюшкан кылмыш топторуна колдонулган жаза катаал болууга тийиш. Бүгүнкү күндө милициянын ичинде кимиси уюшма топ менен байланышта, кимиси маңзат картелдери менен кызматташат деген маалыматтар атайын кызматтарда бар. Биз мына ошол маалыматтардын негизинде тазаланууну башташыбыз керек. Жакында шайлоо келе жатат. Биз уюшма топтор менен коюн-колтук алышып кеткен, маңзат соодасы менен байланышы бар адамдардын мамлекеттик бийликке жана саясатка келишине бөгөт коюшубуз керек.

Ошол эле учурда ички иштер министри Мелис Турганбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы мыйзамга ылайык , жакында атайын чаралар иштелип чыгарын айткан болчу. Анда ал спорттук чөйрөдөгү, укук коргоо органдарындагы жана мамлекеттик бийликтеги уюшма топ өкүлдөрүн аныктоонун шарттары иштелип чыгарын белгилеген.

XS
SM
MD
LG