Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Депутат менен милициянын "сойкукана" чыры ырбады


Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Парламенттеги КСДП фракциясы депутат Турсунтай Салимовго таандык оюн-зоок жайында тартылган видео тасма боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

Салимов 13-февралда аталган фракция жыйынында милиция саясий буюртманын негизинде рейд уюштуруп, жаманатты кылды деп айтып чыкты жана ал боюнча атайын тасма көрсөттү. ИИМ болсо мындай дооматты төгүндөп жатат.

Депутат Турсунтай Салимов өткөн жумада фракция жыйынында “Прадо” спорттук оюн-зоок жайынын сыртында милиция рейд жүргүзүп жатканы видеокөзөмөлгө түшүрүлгөн деп чакан тасма көрсөттү. Анда каш карайган кезде бир канча унаанын келип-кеткени, бир канча адамдын имаратка кирип-чыгып жатканы тартылган жана ал кардрдын сыртындагы үн менен коштолгон. Салимов милиция оюн-зоок жайдын ичинде сойкукана бар деп көргөзүү максатында кайсы бир адамдарды өзү ала келген жана рейд уюштурган деп далилдегенге аракет кылып жатат:

- Мен башынан бери эле бул саясий буюртма деп айтып келе жатам. Азыр 21-кылымда видеокөзөмөл деген бар да. Биз деле объекттерибизге камераларды орнотконбуз. Анан биз камерага жазылган видеолордун баарын карап чыктык. Кишилерди алып келип, кайра алып кетип жатканы, жүз пайыз бул иш атайылап уюштурулганынан кабар берет.

Турсунтай Салимов
Турсунтай Салимов

Турсунтай Салимов көрсөткөн видео тасманы эми Башкы прокуратура териштирмекчи. Депутат бул окуяны бүтүндөй партияны жаманатты кылуу аракети деп атады:

- Менин жеке өзүмдүн андай чоң душманым жок деп эсептейм. Бизнес атаандаштык да болгон эмес, анткени мен 4,5 жыл мурун депутат болгондо эле бизнесимди тапшыргам. Быйыл шайлоо жакындап калды. Башка партиялар мен аркылуу биздин партияга шек келтирип, шайлоочуларын өздөрүнө имергенге аракет кылып жатабы, ушундай күчтөр барбы деген ой кетет. Болбосо бул жасады, тигил жасады дегендей жеке мага кастарын тиккендер жок.

Милиция кызматкерлери болсо депутат Турсунтай Салимовдун айткандарынан кескин айырмаланган маалымат, түшүндүрмө таратып келет. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, Салимовдун айткандарын төгүндөө максатында ал жарыялаган видео боюнча ички иликтөө башталды:

- Милиция муну атайын жасаган, бул саясий буйрутма деген маалымат тарады. Биз Интернетке чыккан видеону өздүк коопсуздук кызматыбызга тапшырып бердик. Учурда тактоо-аныктоо иштери жүрүп жатат. Бир канча унаа менен адамдар келген, кайра кеткен. Ал эмне болгон унаалар, кимдерге таандык, кимдер келген деп тактап жатабыз. Анткени биздин кызматкерлер “ал бизге таандык унаалар эмес, биздин жаныбызда журналисттер да болгон, алар окуяны өз көзү менен көргөн” деп жатышат. Бул фактыны Бишкек милициясы териштирүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам айтылбай турган айрым бир жагдайлар бар.

Парламент
Парламент

Буга чейин Турсунтай Салимовдун “Прадо” оюн-зоок жайы боюнча Социал-демократтар партиясынын жаштар канаты айыптаган мазмундагы кайрылуу менен чыккан эле. Анда аталган көңүл ачуучу борборунан сойкукана табылды деген милициянын маалыматынан кийин иликтөө бүткөнгө чейин Салимов мандатын тапшыруусу керектиги айтылган. Эгер бул факт далилденсе, депутатты партиянын катарынан чыгаруу зарылдыгы белгиленген.

КСДП партиясынын өкүлү Рeнат Самудинов партиянын жаштар канаты эле эмес, анын ичиндеги коррупцияга каршы атайын комиссия да ушундай чечим кабыл алганына токтолду:

- Милиция менен Салимов кимди ким атайылап уюштурган деген жактарын өздөрү тактай берсин. Бирок айрым бир адамдар партияга жамынып алып, терс таасирин тийгизип жатат. Юридикалык жактарын өздөрү тактасын. Биз моралдык жагына басым жасайбыз. Цивилизациялуу мамлекетте ушундай чуулгандуу иштер болгондо кызматын таштап кетет. Бизде болсо тырышып, жабышып отурушпайбы.

Турсунтай Салимовдун оюн-зоок жайына байланыштуу чуулуу окуя боюнча Социал-демократтар партиясы өзү атайын билдирүү менен чыккан эмес. Ал учурда партиянын жаштар канатынын кайрылуусун айыптаган депутаттар да болгон. Мындан улам КСДПнын ички ынтымагы тууралуу күдүк ойлор жаралган.

Өткөн айдын этегинде, Бишкектин “Чыгыш-5” районунда “Прадо” эс алуу борборунда милиция текшерүү жүргүзгөн. Анда тымызын иштеген сойкукана табылганы маалымдалган. Интим кызмат көрсөткөн деген шек менен сегиз кыз кармалган. Оюн-зоок жайдын ээси Турсунтай Салимов имаратты башка адамдар ижарага алып иштетерин айтып чыккан. Ал парламентке келгенге чейин Бишкектеги “Мадина” базарынын кожоюну да болчу.

Депутат Турсунтай Салимовго таандык "Прадо" эс алуу жайы боюнча милиция тараткан видео. 29.01.2015
ИИМ: "Прадо" эс алуу жайында сойкукана болгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

XS
SM
MD
LG